ИЗРАИЛЬ АРМИЯСЫ ЖАШ БАЛДАРДЫ КАМАККА АЛУУДА

293
0

Израилге караштуу маалымат булактары таркаткан кабарларда айтылышынча, яхуд армиясы тарабынан өткөн эки айда Куддус шаарынын өзүндө эле палестиналык 260 бала камакка алынган.

Израилде чыгуучу “Га-Арец” газетасынын интернет сайтында таркатылган ушул маселеге тиешелүү кабарда яхудий полициясы камакка алган палестиналык жаш балдар полицияга каршылык көрсөткөндүктө айыпталгандыгы билдирилди. Газета мындай айыптар ушул кезге чейин жаш балдарга коюлбагандыгына көӊүлдү бурду.

“Га-Арец” газетасы яхудий полициясы июль жана август айларында 750 палестиналыкты камакка алгандыгын о.э. алардын үчтөн бири жаш балдар экендигин жазды. Газетада келишинче, камакка алынган балдардын көпчүлүгү 12 жашка чейинки балдар. Алар жергиликтүү яхудийийлерге жана яхудий полициячыларына таш аткандыкта айыпталып камакка алынышкан.

Израилде чыгуучу Едиот Ахронот газетасынын кабарчыларынын бири Нахум Барнеа да кечээ күнү “Жаш балдардын козголоӊу” деген аталыштагы макаласында жаш балдар демонстрация уюштургандыгы жөнүндө жазган эле. Анын жазышынча, палестиналык Мухаммад Абу Худайр жергиликтүү яхудийийлер тарабынан уурдалып жырткычтык менен өлтүрүлгөндөн кийин палестиналык жаш балдар акцияга чыга башташкан.

Туркистон:

Израиль мусулмандар тарабынан өлтүрүлдү деп күмөн кылынган бир яхудий үчүн Газада он миңдеген мусулманды бомбалап өлтүрдү. Андан да көп мусулманды үй-жайсыз калтырып качкынга айландырды. Балдар таш атышкан имиш! Булар танктар менен үстүлөрүнө бастырып кирип бара жатышканда, таш атышкан имиш! Тиш-тырмагына чейин куралданган абалда, балдардын көз алдында ата-энелерин акаараттап, зордуктап, камакка алып жатышканын көрүп таш атканы үчүн балдарыбызды камап жатышкан имиш!

Ушуга үйрөнүп калдыкпы? Булар бүт дүйнөдө, кырдаалга карай бирибизди өлтүрүп экинчибиздин башыбыздан сыласа алдана беребизби? Израиль бүт дүйнөнүн үстүндө өкүмдар болуп турган куфр системасынын кубаты менен турат го! Ага таянып, мусулмандарга каршы жогорудагы жана андан да жийиркеничтүү иштерди ишке ашырып келет. Биз өз өлкөлөрүбүздөн туруп аларга басым өткөрүшүбүз, алардын ар кандай кеӊештеринен, жардамдарынан баш тартышыбыз, Аллахка тобокел кылган абалда алардан таптакыр баш тартышыбыз керек. Аллахтын нусраты жакын, инша Аллах. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here