НАТО КОМАНДАЧЫСЫ: ОК АТУУНУ ТОКТОТУУ КЕЛИШИМИ КАГАЗДА ГАНА

263
0

НАТОнун аскерий командачысы генерал Филип Бридлав Украинада өкмөт жана роосиячыл жикчилдер ортосунда кол коюлган ок атууну токтотуу келишими кагазда гана бар экендигин билдирди. Бридлавдын айтымында, учурдагы абал ок атууну токтотуу келишимине кол коюлушунан мурдагы абалдан эч бир айырмаланбайт. Бирок, ошондой болсо да, НАТО командачысы ишемби күнү эртелеп кол коюлган келишимден үмүттөнө тургандыгын айтып өттү.

Украинанын чыгышында мамлекеттик армия менен жикчил күчтөр ортосунда болгон согуштарда үч миӊден ашуун адам өлдү. 5-сентябрда жарыя кылынган ок атууну токтотуу чечими тез-тез бузулуп жатканы күзөтүлүүдө.

Генерал Филип Бридлав Литванын борбору Вильнюста өткөн НАТО командачыларынын жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө зомбулуктар дагы деле уланып жаткандыгын баса белгиледи. Генералдын айтымында, Россия кошуундары Украинадан чыгып кетпеген соӊ, кырдаал курч бойдон кала берет.

НАТО командачысы Бридлав: “Учурда Украинадагы абал жакшы эмес. Акыркы бир нече күндүн ичинде болуп өткөн оор артиллериялык чабуулдар келишимге кол коюлгандан мурункусунан айырмаланбайт. Ок атууну токтотуу чечимине жөн гана кол коюлган”, – деди.

Генерал Бридлавдын билдиришинче, өткөн аптадан баштап Украина жерлериндеги орус аскерлери мамлекеттен чыгып кете башташкан. А бирок, алар Россига кайткан эмес, чегаранын айланасында турушат. Алар ар кандай убакта Украинага кайтышы мүмкүн.

Ошол эле учурда алынган акыркы кабарларга ылайык, Россия деӊиз флотуна тиешелүү эки аскерий кеме Мармара деӊизи тараптан келип Чанаккала кысыгынан өткөн. Эгей деӊизи тарапка жолго чыккан “MB-31″ жана “Samum-616″ тибиндеги согуштук кемелерге жээктеги коопсуздук командачылыгы шерик болгону айтылууда. Кемелер кайсы портко барып токтошу жөнүндө анык маалымат жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here