АКШНЫН АФГАНИСТАНГА “КАМКОРДУГУ”

307
0

Үстүбүздөгү жылы Америка Афганистандагы согуштук операцияларды аяктап, аскерлерин ал жерден алып чыгып кетүүнү пландаштырган. А бирок, АКШ өкмөтү Афганистандын келечеги үчүн “камкордук кылып” анча-мынча материалдык каражат да бөлүүдө. Берилип жаткан финансылык жардам уланышы үчүн Афганистан өкмөтү АКШ тарабынан коюлган талаптарды аткарышы керек.

АКШ алдыдагы 10 жылдын ичинде Кабулга жыл сайын эӊ кеминде 5-8 миллиард доллар өлчөмүндө материалдык жардам берип турушун айтууда. Алардын айтымында, бул каражаттар Афганистанды кайрадан тикелөө үчүн, айрыкча, коррупцияны жоготуу о.э. наркотикалык заттар соодасынын алдын алуу үчүн жумшалат.

АКШ 2001-жылы Афганистанга бастырып киргенден бери мамлекетти кайрадан куруу үчүн 104 млрд. доллар жумшагандыгын айтып келет. Бирок, Афганистан кыйроого учурагандан башка нерсени көрбөдү.

О.э. Афганистан үчүн берилүүчү материалдык жардамдар мамлекет бойлоп кеӊири таркаган наркотикалык заттар соодасын чектөө үчүн колдонулушу өзгөчө баса белгиленет. Бирок, турмуш чындыгына назар таштай турган болсок, АКШ жана НАТО күчтөрү тарабынан басып алынгандан кийин Афганистанда героин соодасы мурункуга караганда 40 эсеге көбөйгөн.

Афган маалымат агенттиктери таркаткан кабарга ылайык, Афганистанда эгилип жаткан наркотикалык заттардан Вашингтон көрүп жаткан кирешелер Афганистанда жумшалып жаткан каражаттардан бир нече эсеге көптүк кылат. Агенттиктин билдиришинче, Америка Афганистанда эгилүүчү наркотикалык продукциялардан жыл сайын 50 миллиард доллар пайда көрөт.

Канадалык белгилүү журналисттердин бири Эрик Валберк да  өзүнүн макаласында  “Афганистанда 2001-жылы 185 тонна наркотикалык зат жыйыштырып алынган болсо, бул көлөм 2006-жылы 6100 тоннага жетти. 2007-жылы болсо дүйнөдөгү героиндин 93 пайызы Афганистанда иштеп чыгарылды” деп жазды.

Дал ушул темада Хизбут-Тахрир – Афганистан вилаяты бир билдирүү чыгарды. Билдирүүдө жалпысынан мындай деп келет:

АКШнын Афганистан боюнча атайын изилдөө бөлүмүнүн билдиришинче, Афганистанда наркотикалык заттардын иштеп чыгарылышына каршы АКШ өкмөтү 7,6 миллиард доллар жумшаган болсо да, наркотикалык заттарды иштеп чыгаруу мурункуга караганда бир нече эсеге көбөйгөн.

Мурда иштеп чыгаруу жылына 138 тоннага барабар болгон болсо, бүгүнкү күнгө келип 5500 тоннага жетти. Айрыкча наркомандардын саны 2005-жылы 130 миӊге барабар болгон болсо, 2014-жылга келип 1,3 миллионго жетти. Бул тынчсыздантуучу цифра. АКШ да, Британия да наркотикалык заттар соодасынан өтө чоӊ өлчөмдө пайда көрүүдө.

Ошол себептен улам бул колонизаторлордун Афганистанда бар болуп турушу наркотикалык заттарды иштеп чыгаруунун өсүшүнө түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, бул крестүүлөр мекенибизден бүтүндөй кууп чыгарылмайынча, жаштарыбыз наркомандык балээсинен кутула алышпайт. Биз да келечекте дагы да күчөй турган саясий туруксуздуктан кутула албайбыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here