АТАМБАЕВ КОРРУПЦИЯ КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛДЫ

292
0

Алмазбек Атамбаев 31-октябрь күнү УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бөкөнбай Казаков менен жолугушту.

Жолугушууда Казаков президентке укук коргоо органдарында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында о.э. мамлекеттик уюмдар жана ишканаларда коррупцияга каршы күрөшүү жолунда жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ушул жылы ыкчам материалдар жана текшерилип жаткан кылмыштык иштер алкагында мамлекеттин бюджетине 320 миллион 600 миӊ сом кайтарылган.

Президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштүн маанилүү экендигин баса белгилеп, буга каршы күрөштү биринчи кезекте мамлекеттик башкаруу системасында күчөтүү керектигин айтты.

  Туркистон:

Коррупция проблемасы жаңы мыйзам долбоорлоруништеп чыгуу же жаза-чараларды күчөтүү менен чечиле турган проблема эмес, тескерисинче, бул чараларболгону жыртыкка жамак салуу” болуп, батыл түзүмдүн өмүрүн узартат.

  Эгерде Атамбаев чындыгында эле бул проблемаданкутулууну кааласа, бул жана башка бардык проблемалардын негизи болгон бузук капиталисттиктүзүмдөн бүтүндөй баш тартышы керек. Анткени, дал мына ушул түзүм бардык иштерди материалдыккызыкчылык үстүнө куруп, өзү пайдасыз деп эсептеген бардык нерседен эч бир экиленбей туруп баш тартат.

  Ошондуктан да баланы бакчага жайгаштыруудан баштап,  инситутта окутуп, адистиги боюнча жумушка орноштурганга чейин жалаӊ гана пара берүү менен чечилет. Пара берип окууга кирген жана пара берип жумушка орношкон кадр кетирген чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн албетте пара алат.

  Бул проблеманы чечүүнүн бирденбир жолу Ислам шариятын турмушка кайтаруу о.э. адамдар ортосундагымамилелерди кызыкчылык негизинде эмес, тескерисинчеадал жана арам өлчөөсү менен жүргүзүү.  

  Савбан Набий (саллаллаху алайхи ва саламдан) мындай дегенин риваят кылган:

“Аллах паракорду да, пара берүүчүнү да, экөөнүнортосунда ортомчулук кылганды да наалаттады”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here