Дагы канча аскерий базаларыбыз америкалыктарга кызмат кылат?!

302
0

Эй Түркия акимдери!

Дагы канча аскерий базаларыбыз америкалыктарга кызмат кылат?!

2014-жылы 9-октябрда «Исламий Мамлекет» уюмуна каршы Ирак жана Сирияда өткөрүлө турган аскерий операцияларды талкуулоо боюнча атайын жолугушуулар алкагында Сирия жана Ирактагы мусулмандардын канын дайра кылып төгүү үчүн Америка тарабынан түзүлгөн кресттүүлөр коалициясынын жетекчиси Обаманын атайын өкүлү Жон Аллен жана анын жардамчысы Бретт Макгрек Анкарага келди. Жолугушууда Америка мамлекеттик департаменти басма сөз катчысы аркылуу: «Түркия Сириядагы муътадил оппозицияны машыгуудан өткөрүү жана куралдантуу аракетин колдоп-кубаттоого ыраазы болду», – деп билдирүү берди. Америка Улуттук коопсуздук кеңешчиси Сьюзан Райс да «NBC» каналына берген интервьюсунда: «Түркия жакынкы күндөрдө АКШ жана башка шериктештерибиз Сириядагы муътадил оппозициячыл күчтөрдү машыгуудан өткөрүү үчүн өзүнүн аскерий базаларынан жана жерлеринен пайдаланууга убада берди», – деди. Кийин: «Америкалыктар менен коалициялык күчтөр Сирия жана Ирактагы аскерий операцияларды алып баруу үчүн Түркиядагы мекемелер жана мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланышат», – деп кошумчалады. Сүйлөшүү соңунда Америка мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жен Псаки ушул аптада Америка аскерий делегациясы «Мамлекет» уюмуна каршы күрөш боюнча сүйлөшүү алып баруу үчүн Анкарага келишин кабарлады. Жен Псаки Түркиянын ушул маселедеги ролу жөнүндө: «Шексиз, Түркиянын өзүнүн ролу бар, биз алар менен ниеттери, эмне кылышмакчы экендиктери жана потенциалдары туурасында сүйлөшмөкчүбүз», – деди.

Өз кезегинде, Түркия тышкы иштер басма сөзүнүн катчысы Бюлент Аринч да мындай деди: «Инжирлик базасы туурасында айторлук жаңылык жок, бирок, болгону машыктыруу-куралдантуу алкагында Түркия тарабынан сунуштала турган айрым мекемелер жана мүмкүнчүлүктөр бар, биз ушулар жөнүндө сүйлөшүү алып барып жатат». Тышкы иштер министри Мавлуд Чавушуглу Нью-Йоркто берген билдирүүсүндө: «Инжирлик же башка маселе туурасында азыр кабыл алына турган эч кандай чечим жок», – деп ушул аракет уланып жатканын ачыктады.

Күңүрт болуп көрүнүп жаткан бул билдирүүлөр ушуларды көрсөтүүдө:

Түркияны коалиция күчтөрү үчүн т.а. Ирак жана Сирияга каршы Америка жетекчилигиндеги кресттүү кылмышкерлер үчүн аскерий жана саясий операциялардын борборуна айлантуу пландалган. Эми, Түркия жери демократияпарас муътадил топторду Ислам мамлекетин тикелөөнү каалаган элге каршы күрөшүү үчүн машыктырыла турган жайга айланат! Бул пландан 2012-жылы Америка-Түркия кызматташтыгында ийгилик менен бүтпөгөн амалий механизмди эми коалиция күчтөрү ортосунда тартиптештирүү аркылуу жүзөгө чыгаруу көздөлгөн.

Америка тарабынан да, Түркия тарабынан да ачык-айкын билдирүүлөр берилген болбосо да, бирок, ушул планда Инжирлик базасы коалиция күчтөрүнө болгону аскерий аба операцияларына гана кызмат кылышына чектелбеген. Тескерисинче – Америка же Түркия тарабынан бүгүн бирер ачык-айкын билдирүү берилбеген болсо да – бул планда Эрхач-Малатья, Диярбакрдагы аба базаларынан да пайдалануу көздө тутулган.

Эй Түркия акимдери!

Биз, Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын мүчөлөрү, акимдерге кайрылабыз: силер колонизатор Американын мусулмандар жашаган Ирак жана Шам жерлериндеги пландарын ишке ашырууну качан токтотосуңар?! Америка жетекчилиги жана анын мусулмандарды өлтүргөн аскерлери биздин аскерий базаларыбыздан пайдаланууларына, аскерий пландарын ишке ашырууларына качанга чейин жол бересиңер?! Силер кресттүүлөрдүн сабына кирип алып, мусулмандардын көңүлүн болсо улуу усманий мамлекетке тарта берүүнү качан токтотосуңар?! Биз, Хизб мүчөлөрү, адаттагыдай акыйкат сөдү айтууну улантабыз. Жада калса, биздин акыйкатыбыз жалганга, силердин жалганыңар акыйкатка чыгарылып жаткан болсо да, жада калса, саткын аманатчыга, аманатчы болсо саткынга чыгарылып жаткан болсо да акыйкатты айтууну токтотпойбуз. Расулуллах A мындай дейт:

«سَيَأْتِي عَلَى النَّاسِ سَنَوَاتٌ خَدَّاعَات، يُصَدَّقُ فِيهَا الْكَاذِبُ، وَيُكَذَّبُ فِيهَا الصَّادِقُ، وَيُؤْتَمَنُ فِيهَا الْخَائِنُ، وَيُخَوَّنُ فِيهَا الأَمِينُ، وَيَنْطِقُ فِيهَا الرُّوَيْبِضَةُ، قِيلَ: وَمَا الرُّوَيْبِضَةُ؟ قَالَ: الرَّجُلُ التَّافِهُ يَتَكَلَّمُ فِي أمْرِ الْعَامَّةِ»

«Адамдарга ушундай жалган күндөр келет, анда жалганчы чынчылга, чынчыл жалганчыга чыгарылат, саткын аманатчыга, аманатчы болсо саткынга чыгарылат жана рувайбиза сөз сүйөлөйт. Я Расулуллах, рувайбиза ким? – деп сурашты. Ал зат айтты: Жалпынын атынан сүйлөөчү болбогур кимсе» (Ибн Мажа риваяты).

Эй акимдер!

Биз жакшы билебиз, силер Түркия кызыкчылыктары дегенде Америка кызыкчылыктарын назарга аласыңар. Биз болсо, Исламды ортого коюп силерди мусулмандардын канын төгүүгө шерик болуудан эскертебиз. Эгер, Түркияны Америка Исламга каршы согушун баштай турган борборго айланта турган болсоңор, бул үчүн Үммөткө да, жер-асман ээси Аллах Субханаху ва Таалага жооп бересиңер. Билип алгыла, Түркия НАТОнун жери да эмес, кафирлердин базасы да эмес. Түркия – Ислам жери, кылымдар бою Исламий Халифалыктын бешиги болуп келген жер.

Хизб-ут-Тахрирдин Түркиядагы басма сөз бөлүмү

Web: www.hizb-turkiye.org

E-Mail: bilgi@hizb-turkiye.org

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here