Шам козголоңуна шарт болгон нерсе – Эрдагандын арканын эмес, Аллахтын арканын кармоо

211
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шам козголоңуна шарт болгон нерсе Эрдагандын арканын эмес, Аллахтын арканын кармоо

https://halabtodaytv.net/ веб-сайты хижрий 1444-жылы 1-робиуссаний, миладий 2022-жылы 26-октябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Батышта чыккан басылмалардын бир макаласында Түркия Сирия улуттук армиясынын бардык топторун бириктирүү ниетинде экени айтылган. https://www.middleeasteye.net/ веб-сайты аты аталбаган жогору кызматтагы түрк булактарынан алып кабарлап, Анкара Сирия улуттук армиясын кадыресе армиялар сыяктуу жалгыз командачылык астында кайра түзмөкчү. Түрк булактарынын айтымында, бул аракеттин биринчи баскычында бардык топтор таратылат, алар улуттук армиянын жаңы курамына кошулат жана бул армия бир командачылыкка моюн сунат. Бирок, Хаят Тахрир Шам бул командачылыкка кошулбайт».

Роя:

Ар дайымкыдай, түрк режими Шам тогуту менен жарашууну камтыган АКШнын саясий чечимин ишке ашыруу үчүн катуу кадам таштап жатат. Мына, улуттук армиянын топторун бир командачылыкка бириктирүүдөн да Шам козголоңун режимди кулатуу үчүн Дамаскка карай жетектөө максат кылынбаган. Тескерисинче, козголоңдун эркин толуп тартып алып, аны түрк режиминин буйругу менен аракеттенүүчү бир командачылыктын колуна тапшыруу көздөлгөн. Түркия режими түрк тышкы иштер министри Чавушоглунун билдирүүсү Шам козголоңчулары арасында кескин реакция келтирип чыгарганын көрдү жана козголоң дагы эле калктын колдоп-кубаттоосунда экенине күбө болду. Андан соң, түрк режими бул эркти согушкер топторду мына ушинтип бириктирүү аркылуу тартып алуу чечимине келди жана ушул аркылуу өз каалоосун козголоңго зордоп өткөрө аламын деп ойлоп жатат. Чыныгы биригүү – бул башынан эле козголоңчулар талап кылган, түркиячыл топтор четке каккан биригүү. Т.а. козголоңду Сирия режими менен жарашуу менен бүтүрүү деп күнү-түнү жарыялап жаткан адамдын буйруктарына ылайык биригүү эмес, Аллахтын арканын бекем кармоо.

 

Роя гезити, №415, 2022-жыл, 2-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here