Даръа кайра дагы канкор режимдин дөшү менен жарашуучу жамааттардын балтасы ортосунда

161
0

Басма сөз баянаты

Даръа кайра дагы канкор режимдин дөшү менен жарашуучу жамааттардын балтасы ортосунда

2022-жылы августта «шаарда ИШИМ аскерлери бар» деген шылтоо менен Жасим шаары курчоого алынды. Октябрь айында канкор режимдин күчтөрү шаарды штурм кылып, көптөгөн адамдарды өлтүрдү. Андан мурун Тафас шаары да кудум ушундай оюнга күбө болгон. Режимдин күчтөрү ал жерге чабуул жасоого жана шаарлыктар арасында фитна чыгарууга урунган. Бүгүн Даръа шаары да ошол Тафас жана Жасим шаарларында колдонулган шылтоо, ошол сценарий жана ошол ыкма менен кайрадан фронттун майданына айлантылууда.

Канкор режимдин бул кылмыштар жана тузактар артындагы максаты – Хивран калкынын арасында фитна чыгаруу жана аларды бирин-бирине тукуруу о.э. Хивран шаар жана айылдарын кайра көзөмөлгө алуу. Бирок, алар келишимдин шарттарына баш ийбеген о.э. канкор режимдин күчтөрүн жана разведка кызматынын кызматкерлерин шаар жана айылдарга киргизбей убадасына бекем турган адамдарды жок кылганга чейин буга эч качан жетише албайт. Бул үчүн шылтоо даяр, алар алардын пландары алдында турган ар кандай кишини жок кылуу үчүн «ИШИМдин кээ бир элементтери бар» деген шылтоону айтышат.

Режим өзүнүн күчсүздүгү себептүү жарашууга макул болгон айрым жамааттардан пайдалануу максатында түрдүү фитналарды уюштуруп, аларды бири-бирине тукуруп жатат. Режим ушул аркылуу анын өкүмдарлыгына ыраазы болбой жаткан жана фитналарына каршы турган адамдарды жок кылууга урунуп жатат.

Оо, мубарек Шам жериндеги мусулмандар, өзгөчө Хивран калкы!

Бул кылмышкер режим согушкер жамааттардын жетекчилери кол койгон каргашалуу келишимден кийин бардык аракети ийгиликсиздикке учураган соң, бүгүнкү күндө Хивран шаар жана айылдарындагы ар кандай козголоңдун жок кылууга жана кайра өз өкүмдарлыгын орнотууга болгон күчү менен аракет кылып жатат. Бул ирет бул ишти өз колу менен эмес, силердин перзенттериңердин колу менен бири-бириңерге сокку берүү о.э. биримдигиңерди талкалоо үчүн өз ара согушту келтирип чыгаруу аркылуу аткармакчы. Биримдигиңер мурун көптөгөн кол салууларда бекем жана кайраттуу турууда силерге жардам болгон.

Мурда бул режим көптөгөн тыңчылык иштерин ыкты аткарды. Ал өзү каалаган иштерди жүзөгө чыгарышына жардам берген өтө көп кимселерди сапарбар кыла алды. Демек, дагы ушул тузакка түшүп калуудан этият болгула, канкор режимдин айла-амалына алданып калуудан сак болгула!

Билип койгула, кимде-ким Асад менен жарашса жана анын байрагы астында болсо, анда, алар силердин тынчтыгыңар үчүн да, перзенттериңердин тынчтыгы үчүн да, жериңердин тынчтыгы үчүн да кайгырышпайт. Бул, алардын курулай сөздөрү гана. Акыры, койлорду карышкырга ишенип тапшырып болобу?!

Өзүңөр көрүп тургандай, өзүлөрү айтышкандай, Хивронду «тазалоого» чыккан кишилер – Хивронду Асад режимине тапшырууга кол койгон кишилер. Алар – Шам козголоңун бешигинде эле мууздоо үчүн фитначы мамлекеттер менен тил бириктирген адамдар.

Андыктан, оо, Хиврон калкы!

Ар дайыма убадаңарда бекем тургула. Акыры, козголоңдун бешиги жана калканы о.э. бекем чеби жана фитналар сындыра албай турган аска ташы силерсиңер. Демек, канкор режимдин разведкачыларынын тузагына түшүп калуудан о.э. режим араңарга тыгыштырып жаткан өз ара өч алуу жана жек көрүүнү пайда кыла турган согуштарга кирип кетүүдөн этият болгула. Акыркы жылдарда ачыкка чыккан анын куурчактарынан сак болуп, бир вужудга айлангыла. Перзенттериңерди кылмышкер режимге жана ага сатылган жамааттарга каршы койгула, ушул аркылуу калкыңар жана ага-иниңер арасындагы калыс адамдардын сабын бекемдегиле. Максатыбыз Аллах Азза ва Жалланы ыраазы кылуу жана динине нусрат берүү болсун.

﴿هَذَا بَصَائِرُ مِنْ رَبِّكُمْ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

«Бул ыйман келтирген коом үчүн Роббиң тарабынан көрсөтмө, хидаят жана рахмат»  [7:203]

 

Хизб-ут-Тахрирдин

Сириядагы маалымат бөлүмүнүн

төрагасы Ахмад Абдулваххаб

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here