Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Сужжада Кадирия шейхи менен жолугушту

231
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Сужжада Кадирия шейхи менен жолугушту

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы 2022-жылы 21-сентябрь күнү Тайбадагы Рийх ибн шейх Абдуллахты жана анын шериги алжирлик шейх Абдулбакийди зыярат кылды. Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы устаз Насир Риза жетектеген бул делегацияны ушул комитет координатору устаз Абдуллах Хусейн, комитет мүчөсү Абдулкадир Абдурахман о.э. Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Назир Мухтар, Шарикюсуф Барбарий, Ахмад Бахр, Рахматулмавла Хажи жана Адам Умар коштоп барышты. Жолугушууда өлкөдөгү саясий абал, туруктуулук жана күрөш о.э. чет мамлекеттердин элчиликтеринин таасири астында кээ бир тараптар ортого салган жана кээ бирөөлөрү четке кагып жаткан демилгелер талкууланды. Бул демилгелер АКШ, Британия, Сауд Арабия жана Эмираттар элчиликтери тарабынан азыктанган жарандык башкаруу менен аскерий башкаруудагы саясий тараптар ортосундагы чыр-чатакты ачыкка чыгарып жаткандыгы, болуп жаткан иштердин баары өлкө калкынын маселесин айгинелебеши баса белгиленди. О.э. сүйлөшүүдө чечим Судан калкынын Халифалык түзүмү көлөкөсүндө исламий акыйда негизинде биригүүлөрүндө камтылганы өзгөчө баса белгиленди.

Жолугушуунун акырында шейх Рийх Хизб-ут-Тахрир делегациясына бул зыярат үчүн жана ушул жогору даражадагы сөздөрү жана Судан калкына болгон кайгысы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Сужжада калкы катары өлкө калкынын маселелери менен бирге экендиктерин жана бул маселелер Китеп-Сүннөт негизинде чечилишин баса белгилеп: «Силерден жакшы сөздөрдү уктук», – деди. Чынында, Сужжада калкы Хизб-ут-Тахрир делегациясын урмат-сый менен жылуу күтүп алды, бул үчүн Аллах аларды татыктуу сыйласын.

 

Роя гезити, №410, 2022-жыл, 28-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here