بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Политехника университетинде Ал-Ваъй тобу Осло келишими жөнүндө иш-чаралар өткөрдү
Осло келишими жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги студенттер чөйрөсүндөгү Ал-Ваъй тобу политехника университетинде бир нече иш-чараларды уюштурду:
Студенттерге «Осло келишими… башталышы жана аяктоо ортосунда» деген баракча таратылды. Баракчада «бул келишимдин маани-маңызы кандай экендиги, баскынчы вужуд таанылгандан кийин ал Фалестин жерине эмнелерди алып келгендиги, бул таануу акысына бизге бир нече километр жер берилип, ошол жерде мамлекетче курушубуз мүмкүн экендиги, акыйкатта болсо, бул мамлекетченин эч кандай укугу да, өкүмдарлыгы да болбошу, ал кургактык да, аба жана сууда да көзөмөл орното албашы» жөнүндө айтылган.
Бул иш-чаралар арасында Ал-Ваъй тобу келишим жөнүндө айрым акыйкаттарды ачыктап өттү. «Ушул Осло келишими эч кандай каражатсыз акысыз баскынчылыкты алып келди жана Фалестин режимин яхудийлер кыйынчылыгын жоюучу режимге айлантты!», «Ушул Осло келишими «ыйык коопсуздук келишими» аркылуу баскынчылар менен «жакшы кошуначылык кабарын» алып келди», «Ушул Осло келишими «экономикалык өнүгүү, укуктар» тушунда бизге кыргындарды, камактарды жана перзенттерибиздин шейит болушун жана башкаларды алып келди!».
О.э. Ал-Ваъй тобу иш-чара өткөрүлгөн залда плакат жана ураандарды жабыштырып чыкты. Плакаттарда мубарек жерде бул келишимди аткарууга аракет кылып жаткан адамдар караланды.
Роя гезити, №410, 2022-жыл, 28-сентябрь.