Фейсбук жетекчилиги Хизб-ут-Тахрир жана анын Фалестиндеги мүчөлөрүнүн аккаунттарын блоктоо менен баскынчыларга жана колонизаторлорго жардам берүүдө

140
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фейсбук жетекчилиги Хизб-ут-Тахрир жана анын Фалестиндеги мүчөлөрүнүн аккаунттарын блоктоо менен баскынчыларга жана колонизаторлорго жардам берүүдө

Фейсбук жетекчилиги Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндин маалымат бөлүмүнүн баракчасын, «Куддус Шарифтен кайрылуулар» баракчасын жана мусулмандарды динине амал кылууга, Уммат тарабына өтүүгө чакырган башка бир нече баракча жана аккаунттарды блоктоп койду.

Бул баракча жана аккаунттар адамдарды хидаятка чакырган, аң-сезимди жогорулаткан о.э. колонизаторлордун бузгунчулукту жаюуга жана адамдарды дининен алыстатууга каратылган кара мүртөз пландарына Умматты ыраазы болбоого чакырган нур минбарлар эле. Алардын бул жырткыч пландары баскынчы яхудийлердин өз максаттарын жүзөгө чыгарууга, үй-жайлардын курулушун бекемдөөгө, Аксаны бөлүүгө, ал тургай аны ойрон кылууга каратылган. Муну менен, Уммат Батыштын колонизаторлугу астында ар дайым эзилип, колонизаторлордун кишенинен азат боло албай, изгилик жана нур жаюучу о.э. зулум-караңгылыкты жана бузукулукту жок кылуучу Халифалыгын кайра тикелей албастыгын көздөшкөн.

Бул аракеттер Батыштын Ислам Умматына каршы күрөшүнүн негизги бөлүгү болгон капиталисттерге караштуу мекемелерге жат эмес. Колонизаторлор бар мүмкүнчүлүктөрү менен ушундай аракеттерди жасап жатышкан болсо да, бирок, биз ушуну баса белгилемекчибиз, булардын бири да Уммат менен аны ойготууга аракет кылып жаткан калыс перзенттери ортосунда эч качан тоскоолдук боло албайт. Кафирлер жана алардын жүгүртөктөрү канчалык аракет кылышпасын, Аллахтын нурун эч качан тосо алышпайт. Алар мал-дүйнөлөрүн Аллахтын жолунан тосуу үчүн иштетишет. Анан, аны сарпташат да, кийин ошол мал-дүйнөлөрү өздөрүнө өкүнүч болот, кийин жеңилишет. Кафирлер тозокко куулушат.

 

Роя гезити, №410, 2022-жыл, 28-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here