Эл аралык Валюта Фонду – АКШ дүйнө мамлекеттерин экономикалык колония кылуу куралы

219
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эл аралык Валюта Фонду АКШ дүйнө мамлекеттерин экономикалык колония кылуу куралы

Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Эл аралык Валюта Фонду жарыялаган билидрүүдө: «Биз Пакистан министри менен майнаптуу сүйлөшүү өткөрүп, өлкөдөгү экономикалык өзгөрүү жана саясат жөнүндө сүйлөштүк», – деп айтылды.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү ушуларды баса белгиледи: «Эл аралык Валюта Фонду – Американын дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттерди экономикалык жактан колония кылуу куралы. Пакистан бул фонддон пайыздуу карыздарды алууну уланта берсе, фонддун өлкөнү карызга, жумушсуздук жана инфляция баткагына батырган саясий өкүмдарлыгы астында кала берет… О.э. Эл аралык Валюта Фондунан мындай карыздарды алганда, Пакистан өкүмдарлары олчойгон салыктарды жыйноо үчүн калкка басым кылууну, өлкөнү сүткор мафия саай турган уй кылып берүүнү улантышат».

Билдирүүдө «бүгүн демократиялык түзүм астында кандайдыр бир реалдуу өзгөрүү болушуна ишенген акылдуу киши барбы, бийликтеги илманий саясий партиялардын баары Эл аралык Валюта Фондуна көз каранды жана тарапкер болуп калбадыбы, бул экономикабыздын кыйрашына алып келбедиби?» сыяктуу суроолор ортого салынды.

Билдирүү ушул сөздөр менен аяктаган: «Жакында Аллахтын уруксаты менен тикелене турган рошид Халифалык гана бизди экономикалык кулдуктан азат кылууга кудуреттүү. Ал дүйнөнүн эң бай мамлекетине айлануу үчүн мусулман өлкөлөрүндөгү түрдүү түркүн мол ресурстарды бириктирет. Демек, бул демократиялык түзүмдүн бизге кайра-кайра бычак сайышына чекит коюунун убагы келди. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө жана ушул мамлекет иштерибизди Аллах Субханаху ва Таала ыраазы боло турган түрдө башкарышы үчүн Хизб-ут-Тахрир менен бирге аракет кылуу менен болот».

 Роя гезити, №389, 2022-жыл, 4-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here