Тажикстанда 230 миң адамдын катышуусунда аскерий машыгуу башталды
Тажикстанда 22-июлда армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн “Чек ара -2021” деген аталыштагы машыгуулар башталды. Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо машыгууга өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү 100 миңден ашык аскер жана 130 миңдей резервдеги жоокер катышып, ондогон аскердик техника колдонулуп жатканын билдирген. Машыгуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 2:00дө президент Эмомали Рахмондун буйругу менен башталган.
30-июлда Өзбекстандын Афганистан менен чектеш Сурхандарыя облусунда Өзбекстан жана Россия аскерлеринин биргелешкен машыгуусу башталат. Ал машыгууга 1,5 миңдей аскер катышары күтүлүүдө. О.э. 5-10-август күндөрү Тажикстандын Харб-майдон аскердик полигонунда Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусу өтөрү күтүлүп жатат.
Комментарий: Маалыматтык технологиялар өнүккөн азыркы заманда иш жүзүндөгү аскерий операциялардан да маалыматтык чабуулдун орду жана таасири күчөп кетти. Колонизатор мамлекеттер бирер өлкөгө кол саларда алгач ага каршы маалыматтык согуш алып барышы, ал мамлекет жөнүндө дүйнөлүк коомчулукта терс пикирди калыптандырып алышы маанилүү болуп калды. Бирер мамлекетке каршы терс пикир пайда кылгандан кийин ал мамлекетти басып алса, дүйнөлүк коомчулук баскынчы мамлекет туура иш кылгандай жана “мазлум” калкты залим түзүмдөн куткаргандай кабыл ала турган болуп калды.
Кафирлер өздөрүнө жакпаган исламий кыймыл же саясий партияларга каршы да ушундай кылууда. Талибан кыймылына каршы ишке салынып жаткан маалыматтык чабуул да жемишин берип жатат. Мисалы, Талибан кыймылы жай тургундарга бирер зулум кыла электигине карабастан, маалыматтык чабуул себептүү Талибандан качкан качкындар агымы пайда боло баштады. Талибан расмий билдирүүлөрүндө кошуна мамлекеттерге кол салбастыгын жана ички иштерине аралашпастыгын бир нече жолу баса белгилеген болсо да, Россия тараптан Талибан коркунучу көбүртүп көрсөтүлүшү Орто Азия диктаторлорунун чырагына май тамызды. Орто Азиядагы тогуттар мындан өз режимин бекемдөө үчүн пайдаланып калуу аракетинде. Мисалы, Эмомали Рахмон ушул себептүү, ал тургай запастагы аскерлерин да тартып, Рахмонго көп жылдан бери баш оору болуп келген Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусуна кошумча аскер киргизген болсо, Өзбекстанда “чет элдик террорчу топтордон таасирленген” мусулмандарга аңчылык башталды. Кечээ күнү Өзбекстан ИИМи Сырдарыя жана Сурхандарыя облустарында жашыруун топтун 9 мүчөсү кармалганын кабарлады. Россия болсо Тажикстан менен Кыргызстандагы аскерий базаларын күчөтүү жана биргелешкен машыгууларды өткөрүү менен аскерий аралашуусун бекемдөө үчүн пайдаланып калмакчы болуп жатат. О.э. Өзбекстанды кайрадан ЖККУга кошуу үчүн да пайдаланмакчы болууда.
Абдурахман Адилов