Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин эки ири демонстрация өткөрдү

195
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин эки ири демонстрация өткөрдү

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин Халил жана Рамаллах шаарларында жаңырган ураандар астында эки ири демонстрация өткөрдү.

Бул демонстрациялар саясий активист Низар Банаттын өмүрүнө кол салынышы жана шектүү вакцина келишими артынан уюштурулду. Демонстрацияларда Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндин мүчөлөрү мухандис Махир Салих жана доктор Ибрахим Тамимий сөз сүйлөштү.

Сүйлөөчүлөр Низар Банатка карата кылмыш боюнча Хизбдин позициясын билдиришип, бул ар бир мусулман үчүн үрөй учурган кылмыш экендигин баса белгилешти.

Сүйлөөчүлөр Фалестин калкын режимге жана анын уюмдарына о.э. эл аралык коомчулуктун уюмдарына каршы чыгууга чакырышты. Алардын позициясы ыплас болуп гана калбастан, ал тургай, бул кылмышка карата шерик жана тил бириктирүүчү позиция экенин ачыкташты. Алар ушуларды айтышты: мындай уюмдарга кайрылуудан же алардын арканын кармоодон сактануу зарыл. Себеби, алар колонизаторлордун жана акимдердин мусулман өлкөлөрүндөгү таяныч жана куралдары. О.э. колонизаторлордон жардам суроодон да сактануу керек. Себеби, алардын ооздорунан Фалестин калкына бал тамганы менен, жүрөктөрү Фалестинди, анын калкын жана хурларын жек көрүүгө толуп ташкан. Европа Союзу, БУУ, Британия жана АКШ консулдуктары, баары Фалестинди, анын калкын жана мусулмандарды жек көрүүдө бир дене-бир жан, болгону кызыкчылыктарда гана ар түрдүү.

Биз Фалестин калкын оболу Аллах Субханаху ва Таалага таянууга, кийин өздөрүнө, үндөрүнө, акыйкат сөздөрүнө жана режимди тергеп, анын бардык кылмыштарына каршы турууга кудуреттүү экендиктерине ишенүүгө чакырабыз. Алар бул мубарек жердин негизи жана чечүүчүлөрү.

Демек, Фалестин калкы коркуудан же артка чегинүүдөн сактанышсын. Себеби, режим жана анын артындагылар мына ушуну каалап жатышат. Негизи, Фалестин калкы мубарек жердеги Аллахтын аскерлери болуп, кайрат жана эрдиктери менен ар кандай тил бириктирүүнү кыйратышат. Аларга нусрат жана жарыктык дарбазаларын ачып берүүчү жападан-жалгыз нерсе бекем туруп, акыйкатты айтуу, залим жана саткындарга каршы туруу о.э. Аллахтан жардам суроо. Аллах Тааладан динди тикелей турган, залимдерге кылмыштарынын акыбетин таттырып коё турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин батыраак тикелөөгө жардам беришин сурашсын.

 Роя гезити, №345, 2021-жыл, 30-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here