Эл эмнеге вакцинага ишенбейт

433
0

Эл эмнеге вакцинага ишенбейт

16-июлда АКШ президенти Жо Байден соцтармактарды коронавируска каршы вакцинация боюнча жалган маалыматтарды жайылтып жаткандыкта айыптап сүйлөдү. “Алар элди өлтүрүп жатышат. Пандемия азыр вакцина албагандар арасында гана жайылып жатат”, – деди ал.

Дүйнө калкынын көпчүлүгү бул сөзгө ишенген жок, тескерисинче, ал кайра вакцинацияга каршылыкты күчөттү. Бирок, дүйнө бойлоп вакцинация өз темпинде жүрүп жатат…

Бул маалымат далалат кылгандай, ал тургай, дүйнөлүк биринчи мамлекет Америка чыгарган вакциналарга анын өз жарандары ишенбей жатышат. Вакцинацияга ишенбөөчүлүк бүткүл дүйнө боюнча Америкага салыштырмалуу түрдө алда канча эсе жогору. Мындай ишенбөөчүлүк кайдан келип чыкты?

Кептин ток этер жеринен баштасак, дүйнө эли бул капиталист-глобалисттердин алдоолоруна тоюп бүттү. Капитализмде өлчөө жалаң гана “пайда” болгондуктан, капиталисттер өз кызыкчылыктары жолунда эч кандай жаман иштен кайра тартышпайт. Бирок, мунусун жаап-жашырган бир же миң кабат пардасы болот, жалпы адамдар алардын мындай жамандыктарын аңдай беришпейт. Кийин түшүнгөндө кеч болот да, алданганын кеч сезишет. Убагында сезгендери да, капитализмге альтернативалуу системаны билишпегендиктен, бул “жөргөмүштүн торунда” чырмалышып жүрө беришет. Капиталисттер эгер бир гумандуу иш кылмакчы болушса, анын артынан өздөрүнө пайда келсе гана кылышат. Бирок, мында да алдап, ал иштерини гуманизм деп аташат. Лекин, адамдар бул алдоолорду кеч болсо да сезип жүрүп, акыры алардын бул капиталисттерге эч бир ишеничтери калбады.

Бул ошол капиталисттик державалардын өз жарандарында ошондой. Ал эми колониялардагы элдерде болсо, бул капиталист-империалисттерге алардын малайлары эле ишенбесе, элде эч качан ишеним болгон эмес. Анткени, алар кыргын кылып басып алып, бирок, силерге жакшы жашоо алып келдик дешет. Байлыктарыбызды тоноп, калкыбызды кул кылып жатып, силерди багып жатабыз дешет… ж.б.ж.б.

Мына ушулардан улам, дүйнө элинин көпчүлүгү бул империалисттер чыгарган вакциналарга ишенбей жатышат жана вакцинацияга карата ишенбөөчүлүк мурунку кабат-кабат курулган ишенбөөчүлүктөр имараты үстүнө келип кошулган бир этаж болуп калууда. Анткени, бул жаатта азыр да адамдар жүрөгүн түпөйүл кылган суроолор көп жана эл аларга ынанымдуу жоопторду ала элек.

Мисалы

– Империалисттер ковидге каршы вакциналарды иштеп чыгып, аларды соодалоо боюнча ат салышып жаткан учурда, эмнеге ковидге каршы дары табууда жылыштар жок?

– Ооруп айыккан адамдардагы антителалар кайрадан оорууну тосо албай жатса, вакцинадан пайда болгон антитела кантип тосуп калсын? Үгүттөөчүлөрдүн айрымдары буга “вакцина алгандан кийин ооруу жеңил өтөт, өлүм абалы азаят” деп жатышат. Бирок, буга карата дагы бир кабат суроо пайда болот: Каныбызды соргон империалист-капиталисттер кантип эле биздин жеңил оорушубузду каалап калды экен? Ар кандай пардалар артында дүйнө боюнча адамдардын санын азайтууну көздөп жатышкан бул капиталист-глобалисттер кантип эле өлүмдү азайтууну ойлоп калышты экен? Эми мында бир гана жакшы күмөн калат: бул ооруунун оор кесепеттери капиталисттердин өздөрүнө да жетип калышынан коркуп, чындап ага каршы күрөшүү зарылдыгын сезип жаткан болуулары мүмкүн… Бирок, көпчүлүк буга ишене албай жатышат.

Мындай ишенбөөчүлүк каршысында, вакцина иштеп чыккан капиталисттердин үгүт машинасы күүлдөп иштеп жатат. Алар өлүм вакцина албагандар арасында көп болууда деп айгай салышууда. Бирок, калайыкты муну менен ишендирип жиберүү да мүмкүн эмес. Анткени, капиталисттер маалымат каражаттары аркылуу калкты манипуляция кыларын эл да билип калган. Мисалы, бийликти ээлеп алган саясатчы-капиталисттер өлүм статистикасын каалаганда көбөйтүп, каалаганда азайтып алышы эч кимге сыр эмес. Эгер ковид өлүмүн көбөйткүсү келишсе, башка оорудан өлгөндөрдү буга кошуп коюшат, эгер азайткысы келсе, ковид өлумүн башка өлүмдөр эсебине кошуп коюшат, анткени, “эки тизгин, бир чылбыр” алардын колунда.

Бул империлист-капиталисттер биздин үстүбүзгө аким кылып өздөрүнө кыңк этпей баш ие турган малайларын коюп алышат. Бу малайлар башка ар бир иштеринде малайлык кылгандай эле, вакцина жаатында да зор малайлык кылып жатышат. Алар кожоюндарынан келген вакциналарды лабораторияларда текшерүү, пайда-зыянын аныктоо жаатында баш катырып, чаралар көрө алышпайт. Алардын милдети – кожоюндарынын вакциналарын сатып алуу жана калкка саюу. Эгер эл каршылык кылса, аларга мажбурлап саюу. Ар бир жаран ыхтыярдуу дегени болбогон кеп. Мисалы, Кыргызстан бийлиги Кытайдан 1 млн 100 миң доза вакцина сатып алды (байкаңыздар, мында элдин маанайы менен эч ким эсептешкен жок). Эгер эл албайбыз десе, аны ыргытып жибермек беле. Кытай болсо Кыргызстан менен мамилелер толук жолго коюлушу үчүн калктын 70%ы вакцина алышын талап кылууда.

Ошентип, элде ишенбөөчүлүк, бийликтерде реклама күч болуп жатат. Байден баш болуп вакцина алганы жарнамаланып жатат. Бирок, калк ага деле ишенбейт. Мисалы, Путин же Си Цзиньпин Кыргызстанга келип, Кыргызстанга келген вакциналардын баарын тизип коюп, карапайым калктын ичинен бир жаран каалаганын сууруп чыккан вакцинаны алган жок да. Анын так биздикиндей вакцина алганын каяктан билебиз? Ошондой эле, президент же премьерибиз кандайын алганын да каяктан билебиз? Элде ушундай шек-күмөндөр басымдуулук кылууда.

Империалисттерге малай акимдерибиздин бизди алдап келгени айдан ачык. Азыр да алдап жатканы даана көрүнүп турат. Мисалы, ковид катталуусу жана өлүмү Тажикстанда 100 эсе, Өзбекстанда 30 эсе азайтылып көрсөтүлгөнүн эксперттер айтышууда. Тажикстан бийлиги ковидден адамдар өлүп жатканда, бизде вирус жок деген бийликтерден эле. Эми болсо 18 жаштан жогору калктын баарына вакцина алууну мажбурий кылып койду.

Негизи, вакцина алуу шариятта дарылануу бабына кирип, аны алуу мубах. Б.а. ар кимдин өз ыхтыярында. Бирок, ишеничтен кеткен империалист-глобалисттер өндүргөн жана алардын малайлары тыгыштырган вакциналар адамдарда көптөгөн шек-күмөндөрдү жаратууда. Ушулардан улам, аларды алууга ашкере же жашыруун, күч же алдоо менен мажбурлоо харам.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here