Фалестин маселеси эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү өзгөрүүлөрдүн тушунда

305
0

Фалестин маселеси эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү өзгөрүүлөрдүн тушунда

(Биринчи бөлүк)

 Доктор Иброхим Тамимий

Хизб ут-Тахрирдин мубарек Фалестиндеги

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Дональд Трамптын администрациясы кетип, Жо Байден администрациясы Ак үйгө келип, өз вазыйфаларын аткарууга киришкенине эки айга жакындап калганда Фалестин маселеси боюнча көптөгөн суроолор көтөрүлө баштады. Алардын эң маанилүүсү: бул өзгөрүүлөр жана Жо Байдендин алып барчу АКШнын тышкы саясаты Фалестин маселесине канчалык таасир кылат? Өзгөчө, Трамп башкарууда турганда «Кылым келишими»не ылайык Фалестин маселесин жок кылуу үчүн амалий кадамдарды таштап, Жулан яхудий вужудуна аннекция кылынганын жарыялагандан кийин, бул вужуд менен мусулман өлкөлөрүндөгү малай режимдер ортосунда мамилелерди нормалдаштыруу келишимин алга сүргөндөн кийин, эми Байден администрациясы ички көптөгөн проблемалардын тушунда бул маселелерге карата кандай позицияны карманат? О.э. Байден Фалестин маселесин күн тартибине коюп, күрөштү эски же жаңы саясий көз караштарга ылайык улантабы? Ал «эки мамлекет» саналган эски жолдон алыстап кабыл алынган Трамптын пландарын бекер кылып, яхудий вужудуна басым кылабы? Байден бийликке келген учурда Фалестин режими жана фракциялар шайлоолорду өткөрүшүнө АКШнын жаңы администрациясы кандай карайт? Мисирдин Фалестиндеги шайлоолорду көзөмөлдөө ролу кандай мааниге ээ? Яхудий вужуду бул шайлоолорго кандай карайт, аларга тоскоолдук кылууга урунуп жатабы? Куддуси Шариф элинин шайлоолорго катышуусунун саясий чындыгы кандай?

Ушул суроолорго жооп берүүдөн мурун ушуларды айтып өтүү лазым: Америка – дүйнөдө биринчи мамлекет. Ал анын реалдуу атаандашы болгон Советтер Союзу ыдырагандан кийин дүйнөгө кекирейип, өзүн дүйнөнүн ээси жана атаандашсыз лидери деп билүүдө. Америка дүйнөнүн чоң маселелерине, негизинен Фалестин маселесин камтыган Жакынкы Чыгыш маселесине өзүн жоопкер деп эсептеп, бул маселелер колунан чыгышы анын дүйнө борборунан кулашына, саясий, экономикалык жана аскерий даражада уттурушуна алып келишин жакшы билет. Ошондуктан, Америка бул маселелерди колдон чыгарбайт, башка мамлекеттин аларга аралашуусуна жол бербейт, бир гана ал кааалагандай аралашуусуна жол бериши мүмкүн. Бул нерсе Европа, айрыкча, Британия региондогу саясий каражаттары аркылуу Америкага проблемаларды туудурбастыгын түшүндүрбөсө да, бирок бул проблемалар көз карандысыз долбоорлорду тыгыштыруу жана Америка долбоорлоруна каршы чыгуу деңгээлине жетпейт. Американын дүйнөгө өкүмдарлык кылуу каалоосу жоголгон жок, өзгөчө, Европа күчсүздөнүп, Америкага тең келчү реалдуу атаандаш жок болуп турганда, акыркы ондогон жылдардан бери анын саясий мүмкүнчүлүктөрү көбөйүп турганда Америкада эл аралык ири маселелерди колдон чыгарбоо пикири дале амалда турат.

Ко-ош, Байден кайра Фалестин маселесин күн тартибине коюп, күрөштү эски же жаңы саясий көз караштарга ылайык улантабы?

Буга жооп берүүдөн мурун ушуну баса белгилөө лазым, ири маселелерге байланышкан саясий иштерди, айрыкча, Жакын Чыгыш маселесин кайра күн тартибине коюу Америка алардан баш тартып, башка бирер ири мамлекет толтурчу саясий боштукту пайда кылганын түшүндүрбөйт. Себеби, Америка бул маселелерден баш тартса, эл аралык деңгээлде төмөндөп, глобалдуу кулоого жүз тутат. А негизи, Америка бул маселелерди күн тартибине койгондугу ушуну түшүндүрөт: АКШ саясатында өзгөчө маанилүү багыттар, кризистер жана аракеттер бар. Ушулардан улам, Америка айрым маселелерди маанилүү вазыйфалар катары күн тартибине коюшуна, дагы айрымдарын токтотуп, аларды маанилүү вазыйфалардан бошогондон кийин колго алышына туура келүүдө. Бул абал Фалестин маселеси сыяктуу маанилүү жана этибарды талап кылган оор маселелерде болот. Учурда Американын өзүндө ички кризистер жаралган, америкалыктар арасында бөлүнүүлөр, саясатчыларынын өз ара жаңжалдашуусу жана башка чоң маселелер бар. Америка ушулардын баарынан кыйналып, аларга өзгөчө көңүл буруп шугулдануу керек болууда, маселен, Жакын Чыгыш маселеси сыяктуу. Ыхтымалга ылайык, Фалестин маселеси күн тартибинен алынып, бул маселени жок кылууга олуттуу аракет кылынбастан, бул маселе Байден администрациясы уруксат берген алкакка ылайык алып барылышы мүмкүн. Ошондуктан, Байден Мамлекеттик департамент тарабынан берген билдирүүсүндө Фалестин маселесине таптакыр кайрылбаганын көрдүк жана бул адаттан тыш абал. Мамлекеттик катчы Блинкен мындай билдирүү берди: «Президенттин жана жеке менин пикирим ушул: фалестиндиктерге укуктук мамлекет берүүнүн тушунда, «Израилдин» келечегин яхудий мамлекети катары камсыздоонун бир гана жолу – «эки мамлекет» чечими. Бирок, менин оюмда, кыска убакытта бул жаатта бирер нерсеге жетишүү кыйын болот». Блинкен эки тарапты «ушул жараянды орчундаткан кадамдарды таштоодон сактанууга» чакырды. О.э. Байден мындан мурун берген билдирүүдө да бул маселени жакынкы келечекте чечүүнү четке сүргөн.

Американын бул абалы өзгөрүшү да мүмкүн. Т.а. Байден администрациясы кризистерден жана ички басымдардан чыгып, бутка туруп, айрым тышкы маселелерди жана проблемаларды чечүү аркылуу ийгиликке жетсе, Фалестин маселесин эски жол боюнча, «эки мамлекет» чечимине ылайык кайра олуттуу түрдө козгошу мүмкүн. Байден Фалестин маселесинин чечими өзү да, администрациясы да бийликтен кеткен Трамптын «Кылым келишими» негизинде болбостугун бир нече жолу баса белгиледи.

Байден Трамптын «эки мамлекет» чечиминен алыс болгон пландарын бекер кылып, яхудий вужудуна реалдуу басымдарды кылабы?

Трамптын пландары элчиликти көчүрүүнү, Жуландын аннекция кылынышын, мамилелерди нормалдаштырууну камтыган. Буга кыскача токтолуп өтөбүз:

АКШ элчилигин Куддуска көчүрүү Билл Клинтон президент болгон доордо Конгресс тарабынан кабыл алынган. Токтом тастыктоого өткөрүлүп тоңдурулган, Трамп келип бул токтомду 2017-жылы ишке ашырды. Түпкүлүгүндө, түшүнүксүз болгон бул токтом Американын «эки мамлекет» чечимине каршы келбейт. Токтомдо элчиликти Куддуска көчүрүү гана айтылган. АКШ долбооруна ылайык, Батыш Куддус Куддустун жана яхудий вужудунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Ошондуктан, ачык-айкын эмес жана жалпы түрдө айтылган элчиликти көчүрүү жөнүндөгү бул токтомду АКШнын ыхтыяры менен ишке ашат жана америкача классикалык версиядагы «эки мамлекет» долбооруна ылайык болот деген мааниде түшүнүү мүмкүн. Ушул себептен улам, демократтар жана республикачылардан турган Сенат 2021-жылы 5-февралда элчиликти Куддуста калтырууну бир добуш менен тастыктаганына күбө болдук, мында Трамп кетип, Байден келгенине көңүл бурулбады жана бул иш сынга да алынбады. Ошондуктан, элчиликти көчүрүү токтому Байден администрациясынын тушунда өзгөрбөсө да, бирок жаңы администрация бул ишти Трамптын «Кылым келишими» менен эмес, «эки мамлекет» чечими жана жыйынтык долбоорго ылайык ишке ашырмакчы. Муну Блинкендин «CNN» телерадиокомпаниясынын суроосуна берген жообу да тастыктап турат. Андан Чыгыш Куддустун макамы кандай болушу жана министрдин Куддусту Фалестин мамлекетинин борбору деген пикири жөнүндө суралганда минтип жооп берген: «Биз эки тарап түздөн-түз жолугушуу өткөрүп, жыйынтык макам маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү алып барышын күтөбүз. Максат мына ушул». Андан мурун ал «Куддус «Израилдин» борбору болуп, элчилик сакталып каларын» баса белгилеген. Ушул себептен улам, бул токтом өзгөрбөйт, Байден аны «эки мамлекет» чечими боюнча ишке ашырат.

Трамп Жуланды аннекция кылуу токтомун 2019-жылы 25-мартта кабыл алып, басып алынган Жуланда яхудий вужудунун толук суверенитетин моюнга алды. Муну Трамп мурунку администрациялардын бул маселедеги саясаттарынан алыс ишке ашырды. Бул токтом АКШнын Жулан маселеси боюнча классикалык көз караштарына бүтүндөй тескери келет. Себеби, бул көз караштар Жулан маселесин реалдуулуктун талабы негизинде эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу жана яхудий вужуду менен Мисир ортосундагы Кэмп-Дэвид келишими алкагында чечүүгө таянган. Ушул себептен улам, Байден администрациясы Мамлекет катчысы Блинкен аркылуу бул токтомду сындаганына күбө болдук. Блинкен «CNN»ге дипломатиялык адатта мындай деди: «Амалий мааниде алганда, мен бүгүнкү кырдаалда Жуланды көзөмөлдөө «Израилдин» коопсуздугу үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп калат деген пикирдемин. Укуктук суроолор болсо башка маселе. Эгер, Сириядагы кырдаал өзгөрсө, Жулан маселесин карап чыгышыбыз мүмкүн. Бирок, биз азыр муну эч кандай таризде карап чыгууга жакын эмеспиз». Т.а. Байден токтомду моюнга албастан жок кылуу вариантын тандады. Айрыкча, бул токтом Жуланда эч нерсени өзгөртпөстүгүн этибарга алганда, Байденге ушунун өзү жетиштүү. Жулан 1967-жылдан бери яхудийлер тарабынан басып алынган абалда турат. Яхудийлер Жуланды 1981-жылы аннекция кылышканын жарыялашкан. (уландысы бар).

 

Роя гезити, №329, 2021жыл, 10март

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here