“Революция” атын жамынган төңкөрүш
Бүгүн президент Садыр Жапаров 24-мартка карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда мамлекет башчы “адилетсиз бийлик, мыйзамсыздык, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу жана жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу март окуяларына себеп болгонун” белгиледи.
2008-жылдан тартып бул күн Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган. Буга чейинки президент Сооронбай Жээнбеков бул күндү Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калаарын белгилеген.
Кыргызстандын саясий тарыхында «Жоогазын ыңкылабы» деген ат менен белгилүү март окуясында бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуялардан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2012-жылга чейин 24-март жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен «Эскерүү күнү» деп бекитилген.
Саясий фанга ылайык, ар бир саясий окуяга эл аралык саясатка байлоо менен бир акыйда негизинде баа берүү керек. Ансыз бул пикир ката тыянактарга алып барышы талашсыз. Белгилүү болгондой, алгачкы президент Аскар Акаев – эл аралык саясаттан алганда Россияга моюн сунуучу президент болгон. Россия өзү жалпы кризисте болгонуна карабастан, Акаев режиминин Россия көзүн карап туруусу о.э. башкарууга жөндөмсүздүгү калкта күчтүү нааразылык толкунун жаратты. Мындан улам, Батыш баштаган күчтөр абалдан пайдаланып, Кыргызстанда оппозициялык кадр катары Бакиевди даярдай баштады. Россия бийлиги да буга каршылык кылган жок. Анткени, Бакиев бийликке келсе, Россия буйруктарына кыңк этпей моюн сунарына өз бөркүндөй ишенген. Ошентип, Батыш каалоосу жана Россия ыраазылыгы менен, Акаев Бакиевге алмаштырылды. Мындай ыкма бардык колонизатор мамлекеттердин колониясында колдонуп келген айлакерликтеринен болуп саналат. Анткени, бийликтин алмашуусу ички чыңалууну дагы бир нече жылга басаңдатат.
Бакиев бийликке келген соң, алгачкы жылдары тышкы саясатта толугу менен Россия багытынан жүрдү. Бирок, кийинчерээк саясатта АКШга жүздөнүп, экономикада Кытайга таянууну баштады. Ички саясатта элдин ишенимине жетиш үчүн реформалар жүргүзүмүш этти. О.э. ичкеридеги бийлигин бекемдөөдө түштүк элинин колдоосуна таянды. Мамлекеттик кызмат орундарында түштүктүк кадрларды көбөйттү. Мына ушулардан кийин, өзүн “хан” сезип, баласы Максимди “ханзаада” кылып койду. Бакиевдердин андан ары араандары ачылып, элдин чөнтөгүнө, сүйлөгөн сөзүнө чейин кол сала башташты. Мындай абалдан пайдаланып, Россия кайрадан бийликти алмаштырууга жетишти. Бул алмаштыруу кан төгүүлөр менен коштолду. Апрель жана июнь окуясында тең мындай алааматты атайын снайперлердин тобу жүзөгө ашырганы ачыкка чыккан. Россиядан алынып келингени жоромолдонгон десанттар жөнүндөгү териштирүү президент Атамбаевдин тушунда изилденимиш болуп барып соңуна чыкпай калды. Анткени, алардын кожоюну белгилүү эле. Ошондуктан, “Азаттык” баштаган Батыш медиалары, демократ болумуш саясатчылар менен тарыхчылар бул операциялардын иликтенишин бийликтен байма-бай талап кылып келет.
Батыш 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир нече малай кадрларын бийликке аралаштырууга жетишти. Буга убактылуу өкмөт мүчөлөрү мисал боло алат. Мындай көрүнүш 2010-жылдагы саясий айдыңды Орусия толук көзөмөлдөй албаганынан кабар берет. Бирок кийин, Атамбаев президент болгон соң, ал Россия багытын карманып, батышчыл оппозицияны ар түрдүү саясий оюндар аркылуу сындырып жиберди. Кийин “эки дос” окуясынан кийин Атамбаев Жээнбековго алмаштырылды. Ал дагы толугу менен Орусия жетегинде саясат жүргүздү. Анын башкаруудагы алсыздыгынан пайдаланган Батыш өз кадрларын парламентке киргизүү, бийликке аралаштыруу процесстеринде натыйжалуу иштерди алып барды. Мындай активдүү аракеттер октябрдагы төңкөрүшкө алып келди. Эми Жээнбеков Жапаровго алмаштырылды жана Орусия өзүнүн позициясын бекемдеп алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип жатат. Мунун алкагында башкарууну президенттин айланасына топтоп, конституциялык өзгөрүүлөрдү жасатууда.
Жыйынтыктап айтканда, 2005, 2010, 2020-жылдагы төңкөрүштөр бийликтин алмашуусунан башка эч бир натыйжага алып барбады. Мында Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу, Батыш айрым кадрларын бийликке аралаштыруу жана сакофий таасирин арттыруу менен ийгиликке жетти. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбоду. Тескерисинче, Акаевдин учурунда мусулмандарга карата болуп келген куугунтук бүгүн да уланууда. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма “революцияларга” алданып калбашыбыз керек. Тескерисинче, мусулмандардын акы укугун өзүнүн милдети катары билген, Аллахтын динин аалий кылуу үчүн бардык тосуктарды алып салуу максатында күрөш алып бара турган мамлекетти алып келүүгө, тагыраагы үммөттү чыныгы ойгонууга алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!
Мумтаз Маверанахрий