Хаят Тахрир Шам демонстрант аялдарга чабуул кылышынын акыбети

283
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хаят Тахрир Шам демонстрант аялдарга чабуул кылышынын акыбети

Хаят Тахрир Шамдын камагында кармалып турган жигиттердин энелери жана аялдары Батыш Халабдын Сахара айылында аларды азат кылууну талап кылып демонстрация өткөрүшкөн. Хаят Тахрир Шам болсо өзүнүн бир катар шерменде кылмыштарына кошумча бул демонстрант аялдарга чабуул кылды. Ушул кылмышка карата Түндүк Идлибдин Атма шаарчасынын аялдары Сахара аялдарына нусрат-жардам катары «Ким аялдарыбызга кол тийгизсе, ага кыйроо болсун» деген билдирүү жарыялашты. Билдирүүнүн артынан Атма аялдары жигиттерге туш болуп жаткан зулумду каралап, аларга жардам көрсөтүүгө багытталган жана аялдарга чабуул кылынганын сындаган демонстрация өткөрүштү. Сахара аялдарына нусрат-жардам катары Идлибдеги Дайр Хассан айылынын аялдары да билдирүү жарыялашты. Бул билдирүүдөн мурун Хаят Тахрир Шам бул аялдардын да эки перзентин камакка алып, өткөрүп жаткан демонстрацияларына чабуул кылды. Батыш Халабдагы Бабакка айылындагы эркектерге келсек, алар да эже-карындаштарына чабуул кылынышы артынан плакаттарды көтөрүп чыгып, Сахара калкы менен бирге экендиктерин билдиришти. Адилетсиз камакка алынган Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн азат кылуу талабынын алкагында Хизб мүчөлөрү Самир Ийддин ага-инилери жана жоро-жолдоштору Хаят Тахрир Шамдын адамдары тарабынан камакка алынганын каралап билдирүү чыгарышты. Самир Ийддин камакка алынышына ал Түндүк Халабдагы Иъзаз шаарында Түркия разведка кызматы тарабынан камакка алынган Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн азат кылууну талап кылганы себеп болгон. О.э. Хизбдин эки мүчөсү Мухаммаджан Хадид жана Ахмад Исмаилдин айылдаштары да Хаят Тахрир Шамдын коопсуздук кызматкерлери тарабынан камакка алынган ушул Мухаммаджан Хадид жана Ахмад Исмаилди азат кылууну талап кылып демонстрация өткөрүштү. Бул эки жигит колонизатор кафирлердин колу менен кулатылган Халифалыктын жүз жылдыгын эскерүү иш-чарасын өткөргөндөн кийин камакка алынышкан».

 

Роя гезити, №330, 2021-жыл, 17-март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here