Папанын Ирак сапары жана Ибрахимий дини деген бидъат

394
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Папанын Ирак сапары жана Ибрахимий дини деген бидъат

Хизб-ут-Тахрир–Ирак вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, Рим папасынынын Иракка келиши туурасында сөз кылып, ушул суроолорду ортого салды:

«Папа кандай миссияны жеткирмекчи, ал эмнеге чакырып жатат? Мунун терс акыбеттери кандай?».

Бул суроолорго жооп катары билдирүүдө төмөнкүлөр баса белгиленди:

«Ибрахимий дини делип жаткан бул чакырык түпкүлүгүндө карама-каршылыктарга толо. Деги, кантип христиан адам яхудий адам менен келишүүсү мүмкүн, негизи, христиандын итикады боюнча яхудийлер алардын пайгамбарын өлтүрүп, крестке асып коюшкан болсо, алар бири-бирин жалганчыга чыгарышса?! Мусулман киши Ийса алайхиссаламды адам жана Аллах Субханахунун башка пайгамбарлары сыяктуу бир пайгамбары деген итикадда болсо, Ийсаны Кудай же Кудайдын уулу деген же болбосо үчтүккө итикад кылган бул кимселер менен кантип келишүүсү мүмкүн?! Кантип мусулман Ибрахим алайхиссаламды яхудий жана христиан диндерине булак кылышы мүмкүн, акыры, бул Ибрахим алайхиссаламга карата акаарат го?! Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿مَا كَانَ إِبْرَاهِيمُ يَهُودِيًّا وَلاَ نَصْرَانِيًّا وَلَكِنْ كَانَ حَنِيفًا مُسْلِمًا وَمَا كَانَ مِنَ الْمُشْرِكِينَ

«Ибрахим яхудий дагы, христиан дагы эмес, тескерисинче, акыйкат жолдон тайбаган (Аллахка) моюн сунуучу-мусулман адам болгон. Ал мушриктерден да болбогон»         [3:67]».

Билдирүүдө дагы ушулар баса белгиленди:

«Папанын чакырыгы АКШ жетектеген кафир Батыштын Ислам жана мусулмандарга каршы алып барып жаткан ашынган чабуулдарынын катарына кирет. Анын бул чабуулдары сакафий жана идеологиялык түс алып, бул жолдо массалык маалымат каражаттарынан кеңири пайдаланууда. Папанын чакырыгынан Исламды бузуп, жашоого аралашпай турган руханийлик динге айлантуу көздөлгөн. Буга биздин айтчуу сөзүбүз ушул: турмуштун бардык тармактарын өз ичине алган шарият жалгыз Ислам дининде гана бар. Ал эми, Папанын чакырыгы булардын баарып өчүрүп, кудум яхудий жана христиандардын дини ибадатканаларга чектелгендей, Исламды да мечит жана намазканаларга чектеп, ошол жерлерге камоого багытталган.

Анын сапарынан Ирактагы кор бийликке – өзгөчө, анын айыбы ачылып, ыплас коррупциясынан көңүлдү иренжитип жатканда – мыйзамдуулук түсүн берүү көздөлүп, элди массалык өлтүрүү жана ачарчылык сыяктуу түрдүү балээлерге салып жаткан өлүм алдындагы бийликке жан киргизмекчи болуп жатат. Мына, Папа келип, бийлик алып келген ушунча «таштандыларды» куттуктап жатат о.э. анын жолун оңдоп алууга жана абалды жакшыртууга чакырып жатат!».

Билдирүү ушул сөздөр менен аяктады:

«Кафирлер Халифалыкты жана мусулмандардын бийлигин кулатуу менен чектелишкен жок. Бүгүн мусулмандарды акыйдасынан сууруп алуу жана Исламдын бекем негиздеринен баш тарттырууга аракет кылышууда. Папанын бизге Ибрахимий дининин атынан таңуулап, ушул дин астында жашоого чакырып жаткан бул чакырыгы мусулмандарды адаштыруудан жана аларды Ислам негиздеринен буруудан башка нерсе эмес. Ошондой болгон соң, Аллахтын чакырыгын кабыл алып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо менен бийлигиңерди кайтарып алгыла. Халифалыкта мусулман да, кайрымусулман да бактылуу жашайт о.э. жан, мал жана намыс коопсуздугу камсыздалат».

 

Роя гезити, №330, 2021-жыл, 17-март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here