Сауд Арабия өз конституциясынан колонизатор кафирдин ачуусун келтире турган нерсени алып салууда Бул саткындыктын жана малайлыктын натыйжасы

325
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сауд Арабия өз конституциясынан колонизатор кафирдин ачуусун келтире турган нерсени алып салууда

Бул саткындыктын жана малайлыктын натыйжасы

«Хурра» веб-сайты хижрий 1442-жылы 17-жумадуссаний, миладий 2021-жылы 30-январь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Вашингтон Пост гезитиндеги макалада Саудия режими мектеп программаларынан жөнсүз материалдарды акырындап алып салууда.

Макалада айтылгандай, Сауд Арабия гомосексуалисттерге өлүм жазасын колдонууну о.э. шейит болууну мактаган жана аны Исламдын жогорку чокусу деп эсептеген материалдарды да алып салган.

Алып салынган материалдардын арасында онунчу класстын окуучуларына үйрөтүлгөн Мухаммад пайгамбардын «Мусулмандар яхудийлерге каршы согушмайынча жана аларды өлтүрүшмөйүнчө Кыямат болбойт», – деген сөзү да бар.

Макалада, мисалы, бир яхудий бала Исламды кабыл алгандыктан тозоктон кутулуп калганы туурасында азырынча өчүрүлбөгөн материалдарга тиешелүү кабатырлар дагы эле бар экендиги айтылган.

О.э. макалада Вашингтондогу Эл аралык маселелер боюнча дооматка каршы күрөш ассоциациясынын төрагасы Дэвид Уайнбергдин: «Христиандарды, яхудийлерди жана шиа мусулмандарын иблис катары сүрөттөгөн материалдар да алып салынды же кээ бир курч айтылган жайлары жумшартылды», – деген сөзү цитата катары айтылды. О.э. Уайнберг «Эми бул китептерде гомосексуалисттер, муртаддар, сыйкырчылар жана зынакорлордун өлтүрүлүшү керектиги айтылбай турган болгонун» кошумчалады. Ал «дагы эле (израиль) жана сионизм менен душмандыкка чоң көңүл бурулуп жатканын о.э. мептеп окуу куралдарынын карталарында (израиль) мамлекети көрсөтүлбөгөнүн» баса белгиледи.

Өз кезегинде, «Мектеп таалиминде тынчтык жана маданий бооркеңдикти мониторинг кылуу институту» да декабрда Саудиянын мектеп окуу куралдарынан башка диндерге карата жек көрүүгө үгүттөгөн тексттерди биринчи ирет бекер кылганын маалымдады.

Институт баса белгилегендей, бекер кылынган темалардын арасында сионизм коркунучу темасындагы бөлүм да, Мухаммад пайгамбардын акыр заман болгондо бардык яхудийлер кырылышы жөнүндөгү сөзү да бар».

 

Роя гезити, №325, 2021-жыл, 10-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here