Шайлоого тиешелүү шаръий өкүмдөр
Күзүндө Кыргызстанды парламенттик шайлоо күтүүдө. Ушуга байланыштуу айрым адамдар депутат болуу үмүтүндө партиялардан орун издеп жатышса, калгандары аларды колдоп-кубаттоо ышкында жанып жатышат. Негизи, мусулман адам ар бир иште ага тиешелүү шаръий өкүмдөргө амал кылуусу керек. Мына ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарына ушул шайлоого тиешелүү шаръий өкүмдөрдү эстете кетмекчибиз.
Кыргызстан конституциясында парламенттин негизги ыйгарым укуктары төмөнкүдөй белгиленген: “Кыргыз Республикасынын парламенти – мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат”. Б.а. парламент – мыйзам чыгаруу жана өкмөттүн иштерин көзөмөлдөө иштерине элден вакил болуп келген депутаттардан турган орган. Парламент мына ушул негизги ыйгарым укуктары алкагында конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү жана башка мыйзамдар чыгаруу укуктарына; о.э. өкмөткө ишеним билдирүү, келишимдерди жана долбоорлорду тастыктоо, өкмөттү эсеп-китеп кылып тергеп, аны жана анын мекемелерин көзөмөлдөө укуктарына ээ.
Мыйзам чыгаруу ишине токтолсок, мусулман адамдын мыйзам чыгаруу иши менен алектенениши таптакыр мүмкүн эмес. Себеби, мыйзам исламий акыйдадан келип чыккан болушу керек жана аны вахий алып келген болушу лаазым. Негизи, мусулман адамдын Аллах түшүргөн шарияттан башка шариятты, башка мыйзамды кабыл алышы эч бир мүмкүн эмес.
Жана дагы Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбай турган “светтик” өкмөткө ишеним билдирүү о.э. кафирлерди өкүмдар кылып коё турган келишимдер биякта турсун, атүгүл, куфр мыйзамдарынын негизинде түзүлгөн келишимдерди тастыктоо да мусулман үчүн мүмкүн эмес.
Ал эми, өкмөттү жана акимдерди эсеп-китеп кылып тергөө, көзөмөлдөө шаръий милдет. Бул иш амру-маъруф жана нахий-мункарга кирип, бардык мусулмандарга важиб. Вакилге болсо андан да өткөн важиб.
Ушулардан келип чыгып, кимде-ким парламенттик шайлоого аттанса, анын талапкерлиги үчүн бир нече шаръий шарттар бар. Ал шарттар төмөнкүлөр:
1) Талапкер Батыштын капиталисттик түзүмүн жана бардык куфр түзүмдөрүн таштоону адамдарга ачык жарыя кылышы керек (бул жаатта ниет кылып коюшу жетиштүү эмес жана өзүнүн туткан жолун жашырышы да туура болбойт).
2) Куфр түзүмдөрүн өзгөртүп, анын ордуна Исламды тикелөө үчүн аракет кылышын жарыя кылышы керек.
3) Өз программасын Аллахтын Китебинен жана Расулунун суннатынан алышы керек.
4) Парламентти Исламга даъват кылуу үчүн минбар кылып аларын жарыя кылышы керек.
5) “Светский” талапкерлер куфр түзүмдөрүн колдоп жактандыктары үчүн, алар менен бир катарда болбошу же аларга жардам бербеши керек.
6) Таасирдүү тарапка, өкүмдар чөйрөгө жакындашышы жана өз атын талапкерлер тизмесине киргизүү үчүн аларга кошоматчылык кылышы мүмкүн эмес.
7) Анын үгүт өнөктүгү – талапкерлиги көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде – ушул маанилерди адамдардын аң-сезимине сиңдирген болушу керек.
Мына ушулар негизинде, ушул иштерди аткара албаган ар бир талапкер – күнөөкөр. Мусулмандардын аларга жардам бериши, аларды шайлашы, алар жеңип чыкса куттукташы мүмкүн эмес.
Кайсы бир киши парламентти Ислам даъватына минбар кылып алуу үчүн депутаттыкка жете албаса, ал эч качан өкүнбөсүн. Анткени, бардык жер Исламга даъват кылуу үчүн минбар болууга жарактуу. Ал парламентке эле чектелип калган эмес. Көп абалдарда парламент мүчөлүгүнө жетип баруу мусулманды аста-секин мансапка кызыктырат да, аны Исламга даъват кылууда сабыр кылуудан жана Аллага калыс болуудан буруп жиберет.
Азыркы мыйзам боюнча, Кыргызстанда парламенттик шайлоо пропорционалдык ыкма менен б.а. партиялык тизме менен өтөт. Эгер мусулман адам депутат болуу үчүн шайлоого катышмакчы болсо, анда ал катталмакчы болгон партия жогорудагыдай шаръий талаптарды кабыл алышы керек болот. Эгер партия ал талаптарды кабыл албаса, анда ал партиянын тизмесинде талапкер болуп катталууга болбойт. О.э. ал партияларды же анын бир талапкерин колдоп-кубаттоо жана аларды тандоо үчүн шайлоого катышуу жайиз эмес.
Мындай учурда шайлоо бойкот кылынат. Мында шайлоого барып, “баарына каршымын” деп добуш берүү, же шайлоо баракчасын жараксыз кылып таштоо сыяктуу амалдар шайлоону бойкот кылууга кирбейт. Анткени, бул да капиталисттик куфр түзүмүнүн шайлоосуна катышкандык болуп калат. Ошондуктан, тыянактап айтканда, эгер талапкер жана анын партиясы жогорудагы шарттарды кабыл албаса, анда шайлоо бүтүндөй бойкот кылынат.
Кыргызстандагы Хизбут-Тахрирдин маалымат бөлүмү