Бишкекте ИИМдин алдындагы Бангизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын үч кызматкери кармалды

238
0

Бишкекте ИИМдин алдындагы Бангизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын үч кызматкери кармалды

Бишкекте УКМК Бангизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын үч кызматкерин кармады. Тергөө жүрүп жаткан жерден 3 кг алтын табылган. О.э. алардын иш бөлмөлөрүнөн мыйзамсыз сакталып турган бангизат табылган.
Орган кызматкерлери менен бирге 3 жөнөкөй жаран да кармалганы айтылды. Бул кылмыштуу топ милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, жок кылынышы керек болгон бангизатты сатып жүргөндүктө шектелүүдө.
Комментарий: Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында абал ушундай. Героин жана башка бангизаттар заттар соодасы жана соода кылып жаткан адамдардын дээрлик бардыгы орган кызматкерлеринин коргоосунда. Бул нерсе карапайым жарандар үчүн сыр эмес, тескерисинче, кадимкидей көрүнүшкө айланып, адамдар бул кылмыштарга көнүп калышты. Балдары, жакындары бул балээге кириптер болгон адамдар өкмөткө же орган кызматкерлерине арыздануудан үмүтүн үзүшкөн.
Күч түзүмдөрү мугалимдер сыяктуу эле бюджеттен айлык алуучу тармак өкүлдөрү болуп, алар жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жалданган кызматчылар болуп эсептелишет. Башкача айтканда, орган кызматкерлери жалдануучу кызматкерлер болуп, мамлекет аркылуу жалданышкан.
Бирок, Кыргызстанда да күч түзүмдөрү бийликти жарандардан коргоочу органга айланып калды. Мамлекет мугалимдер жана башка бюджеттен айлык алуучу мекемелер сыяктуу эле орган кызматкерлерине да зулум кылып, алардын айлык маянасын аз белгилеп койгон. Мындан тышкары, коррупция күчөп, күч түзүмдөрүндө жогорудагылар кол алдындагыларга белгилүү бир өлчөмдө салык салат. О.э. ар бир кызмат орун белгилүү бир баага сатылат. Ушулардын бардыгы жогорудагы сыяктуу орган кызматкерлери катышуусунда кылмыштуу топтор пайда болушуна алып барат.
Акыркы кезде күч түзүмдөрү мамлекеттен бөлүнүп өз алдынча бир орган болуп бара жаткандай сезилүүдө. Алардын үсүтүнөн жазылган арыздар жоопсуз калууда. Алар өздөрүн жалданма кызматкерлер эмес, кожоюндар сыяктуу сезип, мыйзамсыз аракеттеринде жоопкерчиликти сезишпеген соң, чектен чыгып бара жатышат. Жарандар алардын үстүнөн кимге арйызданарды билбей үмүтсүздүккө түшүп, зулумга каршы күрөшүүдөн тыйылып калышты. Натыйжада мамлекет аларга кайдыгер болуп, паракордук жана коррупциялык жолдор менен жарандардан акча өндүрүп алышына шарт түзүп берүүдө. Адамдар ууру жана каракчы топтордон эмес, милиция, сот жана башка орган кызматкерлеринен коркуп жашай турган кооптуу чөйрө пайда болуп калды.
Кыргызстан мамлекети шайлоонун алдында орган кызматкерлери менен кылмыштуу топтордун колдоосуна муктаж болот. Ошондуктан, аларга каршы мыйзамдуу чара көрө албайт. Мамлекеттин бул алсыздыгы себептүү жарандар орган кызматкерлеринин зулуму астында калып кетүүдө. Азыр эл арасында орган кызматкерлери, сот жана өкмөткө карата ишеним калбады. Булардан коркуу гана бар!
Коомдо кылмыштуулук, коррупция күчөп, зулумдарга каршы жарандык күрөш, жамаий рух жоголушу зулумду ого бетер күчөтөт! Мыйзам үстөмдүгүнүн начарлашы жана күч түзүмү кызматкерлери чектен чыгышы о.э. саясат, мыйзам аларды тизгиндей албай калышы мамлекеттүүлүктү жоготот.
Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here