Кыргызстан бакубат өлкө болот

384
0
Кыргызстан бакубат өлкө болот
Жасалма эгемендүү Кыргызстан мамлекетинин башчылары – ал СССРден бөлүнүп чыккандан тартып – “Кыргызстан бакубат мамлекет болот” деп айтып келишет. Бирок, ток этер жерин айтканда, Кыргызстанды эч ким эч качан бакубат мамлекет кыла албайт, лекин, биз, мусулмандар, аны бакубат исламий өлкө кыла алабыз… Ишенбесеңиздер, келиңиздер, талкуулашып көрөлү.Мен бир автоунаа жууп иштеген адамга жолуктум. Күнүмдүк кирешеси ар бир үй-бүлө мүчөсүнө 2 доллардан б.а. 130 сомдон туура келет экен. Бирок ошол киши мага: “Менин үй-бүлөм келерки жылы бакубат жашайт, — деп таң калтырды – буюрса, биринчи машина алам, анан там салам, — дейт. Сураштырсам, мындан башка киреше булагы о.э. киреше келтиргидей эч кандай планы да жок. Б.а. бакубат турмуш талаб кыла турган шарттардын бири да жок. Ушундай болгон соң, сиз таң калбастан, ал киши эмдиги жылы бакубат турмуш кура аларына ишенер белеңиз…

Кыргызстандын бакубат мамлекет болушу тууралуу ураандар да так эле ушундай. Анткени, Кыргызстандан мамлекет бакубат болушу үчүн талаб кылына турган шарттардын бири да табылбайт. Эмесе, төмөндө ошол шарттардын айрымдарына Кыргызстандын абалын салып көрөлү.

1. Мамлекеттин мабдаъга б.а. идеологиялык жашоо системасына ээ болушу
Мамлекет бакубат болушу үчүн, ал эң биринчиден мабдаъга б.а. иделогиялык жашоо системасына ээ болушу керек. Мисалы, азыр Америка жана Европанын империалисттик державалары бакубат мамлекеттер болуп саналат. Анткени, алар демократиялык мабдага ээ. Өз учурунда коммунисттик мабдасы менен СССР да бакубат мамлекет болгон. Булардан мурун Халифалык бакубат мамлекет болгон, анткени, ал Ислам мабдасын колдонгон. Ушул орунда бул пукт боюнча талкууну убактылуу токтотуп, анын уландысын баяныбыздын акырына калтыра турабыз.

2. Калктын саны жана биримдиги
Мамлекет калкынын саны көп болушу кубаттулук фактору болсо, сандын аздыгы алсыздык фактору болот. Мисалы, тарыхта колонизаторлукту биринчи Португалия баштаган, бирок, калкынын аздыгы себептүү, колонияларын Англияга тарттырып жиберген, анткени, Англиянын калкы көп эле. Эми азыр, айрыкча, дүйнөдө империалисттик система өкүм жүргүзүп жатканда, 6 млн калктуу Кыргызстан – 150 млн калктуу Россия, 330 млн калктуу АКШ, 1.5 млрд калктуу Кытай – колонизаторлорунун каршысында бакубат мамлекетке айлануусу мүмкүнбү?

Мамлекет бакубат болушу үчүн, калктын саны көп болушу менен бирге, биримдик да болушу зарыл. Эгер биримдик болбосо, мамлекет урайт же башка биримдиктүү мамлекеттерге көз каранды болот. Мисалы, колониализм тарыхында Британия көп калктуу Индияны, Кытайды басып алган. Себеби, анда Британия калкы демократияга үмүт артып биригишкен эле, ал эми Индия жана Кытай калктары катмарлык, улуттук, регионалдык, диний айырмачылыктар негизинде бытырандыланышкан эле.

Ал эми Кыргызстан калкынын биримдигине карасак, анын калкы аз болушуна карабастан, түрдүү көрүнүштөрдө түркүн тайпаларга бөлүнгөнүн табабыз. Капиталисттик система себептүү, калкта бай-кедейлер катмарлары пайда болуп, арадагы ажырым улам арбып баратат. Байларды колонизатор кожоюндары колдоого алып, аларды эл башкарган саясатчыларга айландырышты. Анан аларды россиячыл-америкачылдарга, бийликчил-оппозициячылдарга бөлүп ташташты. Бу саясатчы сөрөйлөр өз кезегинде адамдарды улутчулдук, регионализм, партияга таандыктык белгилери менен араздаштырып турушат. Мындан сырткары, батыштык фонддор конфессиялык негизде – православ, католик жана иудейлерден сырткары,300 дөй протестанттык уюмдар о.э. буддисттер, саентологдор жана мунчулардын иштерин жүргүзүшүп – калкты бөлүп жарууга кызмат кылып жатышат. О.э. теңирчилик, көзү ачыктык (фалбин) сыяктууларды колдоп, аларга “дин” көрүнүшүн берүүгө жан үрөшүүдө. Жогорудагыдай бөлүнүүлөрдү пайдалануу менен, колонизатор кафирлер Кыргызстанда каалаган күнү каалагандай чыр-чатактар чыгарууга мүмкүнчүлүктөрүн арттырып барышууда. Эми ушунчалык бөлүнүүлөрдү көрүп туруп, бакубат мамлекет курабыз деш мүмкүнбү?..

3. Мамлекет кеңдиги
Мамлекеттин аянты канчалык чоң болсо, ал анын кубаттуу болушу үчүн чоң пайда келтирет. Мисалы, анда стратегиялык маанилүү чекиттер көп болот. Тегиздиктери азык-түлүк коопсуздугун, жашоого ыңгайлуу шартты камсыздаса, тоолору казылма байлыктар берип, душмандарга каршы сепил болот, суу жолдору соодасын жүргүзөт ж.б. Майдан кең болсо, анда табийгый ресурстар да мол болот. Мисалы, Россия, АКШнын майданы сыяктуу. Ушулардан улам да, Кыргызстан бийлиги качан болбосун “бизде нефть, бизде газ жок” деп наалып келишет.

Нефть демекчи, ал азыр ааламдын “каны” болууда. Анын негизги корлору болсо мусулман араб өлкөлөрүндө жатат. Эгер араб өлкөлөрү менен биздин өлкө бир Халифалык тутумунда болсо, анда шарият боюнча ал мунайлар жалпы мүлк болуп, аларда биздин да акыбыз болот. Бирок, азыр ал акыбызды “мунай шейхтери” кафир кожоюндарына арзан тартуулашып, калган пайдаларын ысырафкер жашоолоруна сарфтап жатышат. Ал эми биз акыбызды алуу тууралуу ойлонмок турсун, аны билбейбиз дагы. Кыргызстандын негизги мухтаждыктарынан эң көп импорт кылынганы – күйүүчү майлар. Алар Россиядан кымбатка экспорт кылынат. Ушул эле учурда, араб өлкөлөрү тиякта турсун, коңшулаш мусулман Казакстанда күйүүчү майлар сатылбай жыйналып турат. Биздин базарды Россия монополия кылып алгандыктан, алардан нефть өндүрүмдөрү киргизилбейт. Адамдар жашыруун жолдор менен алып киришсе, майлар арзандай түшөт, бирок, бийлик аны контрабанда деп, ага тыюу салат. Россия монополист болгондуктан, дүйнөдө нефть арзандаса да, бирок, Россиянын Кыргызстанга күйүүчү майлар экспорту эч арзандабайт.

Ушундай тар майдан, аз ресурс менен о.э. алар басып алынган жана тонолгон абалда бакубат мамлекет куруу мүмкүнбү?

4. Экономикалык кубаттуулук
Табийгый ресурстардын мол болушу эле мамлекеттин кубаттуу болушуна жетиштүү эмес. Балким, чийки сырьё чыгарып ала турган, аларды даяр сырьёго айландыра турган о.э. алардан продукциялар өндүрө турган оор өнөржайлар болушу керек. Бүгүн дүйнө бойлоп БУУ аркылуу колдонулуп жаткан империалисттик системада 3-дүйнө мамлекеттери үчүн мунун аргасы жок. Азыркы империалист кафир державалар БУУнун Коопсуздук кеңеши аркылуу мунун баарын көзөмөлдөп турат. Анын көзөмөлү астында, колониядагы мамлекеттер эч качан өнүккөн өнөржайлуу боло алышпайт. Эгер алардан ийгиликтүү иштеп жаткан оор өнөржайларды көрсөк, алар да ошол империалисттердин инвестор капиталисттерине таандык болуп чыгат.

Кыргызстанда оор өнөржайлар алтын (ага кошо күмүш, жез ж.б.), сымап, уран сыяктуу кендерди казып алат. Аларга инвестор маскасы артында жалаң гана чет элдик капиталисттер ээлик кылат. Алардын пайдасынан зыяны көптүгүн Кумтөр алтын кенинин мисалынан эле көрсөк болот. Мисалы, тегеректеп айтканда жана адаштыруучу цифраларга алданбай эсептегенде, чейрек кылымдан бери Кумтөрдөн сатылган 400 тоннадай алтындан Кыргызстан 40 тоннадай гана пайда көргөн. Бирок, ушул аз гана пайданын каршысында, мөңгүсүз калган тоонун башында, уу калдыктар көлүн “мурас”ка алып калып жатабыз.

Негизи, мындай көрүнүш Кыргызстан үчүн жаңылык эмес. Анда СССР иштеткен уран кендеринен калган 92 уу калдыктар жаткан жай бар. Ал жетишпегендей, эми Россия компаниялары кайрадан жаңы уран кендерин иштеткени турат. Болгону, элдин каршылыгына байланыштуу алар убактылуу артка сүрүлдү, элдин толкуусуна таянган АКШ кадрлары ага каршы мыйзам кабыл алдыра алышты, Россия кадрлары аларга ээрчишке аргасыз болушту. Бирок, Россия ушул күчүндө турса, убакыттын өтүшү менен бул мыйзам жокко чыгарылып, кече эле бул мыйзамга автор болгон Россия адамдары кайта уран казууга жол берүүчү мыйзам кабыл алып беришет. Анткени, бул жатта Россия-Кыргызстан ортосунда мамлекеттик деңгээлдеги келишимдер бар. Эгер алар ишке кайтпаса, Кыргызстан штрафтар баткагына батат.

О.э. Кумтордон кийинки ири Жерүй алтын кенин орус компаниясы иштетүүдө, бирок, анда Кыргызстандын үлүшү жок. Ал эми, “Макмал” алтын комбинатын Кытай компаниясы иштетип жатты эле, эл каршы чыгып, ишин убактылуу токтотуп турат. Бирок, азыркыдай саясат жүрүп турса, бир күнү ал кайтып келет, же башка кытай компаниясына берилет. Булардан сырткары, чакан алтын кендерин иштетүүдө да Кытай компаниялары каптап кетти.

Булар айрым бир мисалдар гана болду. Мына ушулардан кийин, Кыргызстан оор өнөр жайы өнүккөн бакубат мамлекет болот деш мүмкүнбү?..

5. Соода
Мамлекеттин кубаттуу болушунда тышкы сооданын таасири зор. Кубаттуу мамлекеттер соода алакалары аркылуу да эл аралык таасирге ээ болушат. Ошондуктан да, негизинен, неоколонизаторлук чеңгелиндеги мамлекеттердин соода балансында кайсы держава биринчи орунда турса, ал анын кожоюну болуп саналат. Расмий тилде бул “соодадагы башкы өнөктөш” термини менен чүмбөттөлөт. Мисалы, Кыргызстандын “башкы өнөктөшү” – Россия.

Соода жаатында империалисттер Дүйнөлүк ссода уюму аркылуу дүйнөгө өкүмдарлык кылышууда. Мисалы, Кыргызстан ДСУга мүчө. Анын шарттарына моюн сунуу менен, Кыргызстан эч качан алардын продукцияларына атаандаш продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбойт жана алардын продукциялары эркин кирип келишине тоскоол боло албайт. Ошондуктан да, өзүбүздө айыл чарба азыктары тыгылып жатканына карабастан, базарыбызды Кытайдын зыяндуу азык-түлүктөрү басып жатат.

О.э. Кыргызстан Россия башчылыгындагы ЕАЭБ уюмуна мүчө. Жаңы жылдан тарта, Кыргызстанда уюмдун сыртынан импорттолгон автомобилдерге бажы төлөмдөрү көтөрүлөт. Натыйжада, Россия өндүргөн унаалардан башкасын алууга мүмкүнчүлүк калбайт. Кыргызстандын жеңил өнөржай товарлары болсо, уюмдун башка мүчөлөрүнүн товарларына атаандаштык кыла албай, бул тармактагы ишканалар банкротко учуроодо. О.э. Кыргызстанды айыл чарба азыктары Россия чегараларында – уюм стандартына туура кебейт деген шылтоо менен – артка кайтарылып жатат. Анткени, Росиия базарын башка мамлекеттердин айылчарба азыктары менен толтуруп салган. Мындан сырткары, Россия Тажикстандын да уюмга кирүүсү үчүн басым жасап, анын айыл чарба азыктарын – чегара жаңжалдары шылтоосу менен – Кыргызстанга өткөртпөй жатат. Мисалы, Тажикстанда жүзүм ирип-чирип жатса, Кыргызстанда быйыл кымбат болду. Так ушундай эле басым Өзбекстанга да жасалып жатат. Кыргызстан-Өзбекстан чегараларында жеңилдиктер жаралуу менен, Кыргызстанда мөмө-жемиштер арзандап кеткен эле. Эми болсо аларга – ЕАЭБ стандартындагы лабораториялар вирустар аныктагандыгы шылтоосу менен – тыюу салынууда.

Эми, соода абалы ушундай Кыргызстанды бакубат мамлекет болот деш мүмкүнбү?..

6. Аскерий кубат
Мамлекет кубаттуулугу үчүн аскерий кубат албетте зарыл. Анткени, бардык мамлекеттер бардык иштеринде акыры келип аскерий кубатка таянат. Мына ошондуктан да дүйнөлүк согуштар келип чыккан. Б.а. тагдыр чечүүчү кызыкчылыктарды коргоодо согуш ачып жиберүүгө кудуреттүү мамлекеттер кубаттуу болушат.

Кыргызстандын аскерий кубатына келсек, анын кубаты ичкеридеги элдик толкундоолорду басууга, коңшу мамлекеттер менен чегара чыр-чатактарын чыгарууга – мына ушундайларга эле жетет. Башка коңшулаш мамлекеттердики деле ушундай, болгону, сан жана куралдарда гана аз-маз айырмалар болбосо. Ойлоп көрүңүздөр, Кытай бастырып кирсе – бул негизи биз үчүн тагдыр чечүүчү маселе болот – Кыргызстан ага каршы тура алабы? Тура албашын бардыгы билет, анан кантип бакубат мамлекет болот деп жатасыңар? “ООН жардамга келет” дегендер чыгат. ООН АКШ кызыкчылыгы себептүү аралашуусу мүмкүн. Бирок, бул жерде башка державанын б.а. Кытайдын да кызыкчылыгы турат да. Мисалы, Корей согушунда СССР менен Кытай ООН күчтөрүнө каршы согушуп, Түндүк Кореяны бөлүп алышкан. Негизи, ООН азыр адамдар ойлогондой кудуретке ээ эмес. Анын кубатын азыр аны түзгөн мамлекеттердин өздөрү кетирип жатышат. Мисалы, АКШ Иракты ООНдон кыйгап өтүп басып алды. Жакында эле БУУнун башкы ассамблеясында, Кытай акчаларына илешкен 54 мамлекет анын Чыгыш Түркистандагы саясатын колдоп чыгып, “пулуң болсо – кулуңмун” болушту. Жана дагы “Кытайдан коргоого Россия жардам берет” дегендер да табылат. Негизи, мындай кетиште Россиянын өзү чыгышын кытайлардан коргой албай калат. Анын үстүнө, мындай ойдогу адамдар бир колонизатордон качып, экинчи колонизторго корголоо тууралуу гана ойлоно алышат. Колонизаторлордон таптакыр кутулуунун жолун ойлошсо болбойбу, акыры…

7. Саясий чөйрө
Мамлекет кубаттуу болушу үчүн, аны жетектеп турган күчтүү саясий чөйрө болушу керек. Саясий чөйрө – бул мамлекеттин багытын белгилеп бере турган адамдар тобу. Чыныгы эгеменд үү мамлекеттерде чыныгы саясий чөйрөлөр болот. Алар эл аралык деңгээлде стратегиялар иштеп чыгат, анын алкагында пландарды ишке ашырышат. Ал эми жасалма эгемендүү мамлекеттердин саясий чөйрөлөрү малайлардан турат. Алар же бир державага малай болушат, же айрымдары бирине, айрымдары башкасына малай болушат.

Кыргызстандагы саясий чөйрө бир нече державаларга малай саясатчылардан түзүлгөн. Россияга, АКШга, Европага малайлык кылгандары бар. Бирок, алардын баары “көп векторлуу саясат” багытына келишишкен. Мунун мааниси: Эң биринчиден, Россиянын каарына калбагыдай саясат алып баруу, анткени, баары орус бийлигинин каарынан коркот. Экинчиден, мүмкүнчүлүк жаралары менен Батышка ыктоо, анткени, Батыштын Россияга салыштырмалуу материалдык жактан өнүгүүсү алардын акылдарын алып койгон. Үчүнчүдөн, кандай болбосун, Кытай каражаттарынан баш тартпоо, анткени, калкты сооротуучу нак каражаттар Кытайдан гана келип жатат. Кыргызстандагы “көп векторлуу саясаттын” маңызы ушул.

Бул саясий чөйрө мүчөлөрү ичинен чыныгы эгемендүүлүк тууралуу ойлоно турганы жок. Алардын эки таянычы бар. Биринчиси, кожоюндарынын колдоосу, а кожоюндары болсо аларды кулдарча ойлоно турган кылып койгон. Экинчиси, элдин колдоосу, себеби, элсиз алар эч ким эмес. Бирок, элде чыныгы эгемендүүлүк тууралуу массалык рай жок. Ошондуктан, бул саясий чөйрөнүн мүчөлөрү колонизаторлуктан кутулуу тууралуу ойлонуп да коюшпайт. Бирок, калкта ушундай массалык рай жарала турган болсо, бул чөйрөнүн айрым мүчөлөрү анда да алдыга чыгуу үчүн аттанып чыгышат. Анткени, алар ушуга жөндөмдүү жана ушул элдин перзенттери. Мисалы, калкта намаз окуу боюнча массалык рай жаралды эле, саясий чөйрөнүн мүчөлөрү өздөрүнүн намаздарын “рекламалап” башташты (албетте, динин жоготуп, дили карайып кеткендери мындан сырткары).

Ал эми чыныгы саясий чөйрө болсо, саясий аң-сезимге ээ саясатчылардан куралат.

8. Саясий аң-сезим

Саясий аң-сезим болушу үчүн, биринчиден, дүйнөлүк саясатты, эл аралык абалды, эл аралык структураны, эл аралык позицияны билиш керек. Экинчиден, дүйнөгө белгилүү бир бурчтан туруп караш керек б.а. саясий стратегиялар, пландар, ыкмалар – бардыгы белгилүү бир позициядан келип чыгышы керек. Мисалы, мусулмандар үчүн бул позиция – Аллахтын динин аалий кылуу.

Кыргызстандагы малай саясатчылардан биринчи сыфат табылышы мүмкүн, бирок, экинчиси табылбайт. Анткени, анын ордуна алар “малайлык” позициясын кабыл алышкан. Ошондуктан, алар эл аралык саясатты түшүнсө да, ага каршы эч кандай иш алып бара алышпайт. Ушул эле учурда, элде да саясий аң-сезим болбогондуктан, калк да капитализмден кутулуунун аргасын таппай карайлап турушат. Бирок, бул мусулман калктын уучу куру эмес. Алардын ичинде исламий саясий аң-сезимге ээ уул-кыздары бар. Алар өз элине исламий саясий аң-сезимди сунуштап жатышат.

Ушул орунда эми 1-пунктка кайтып келебиз б.а. идеологиялык жашоо системасы боюнча кебибизди улайбыз жана андан соң баяныбызды жыйынтыктайбыз.

Коммунисттик идеология тууралуу айтсак, совет бийлиги Кыргызстандын мусулман калкына коммунисттик идеологияны түздөн-түз алып кирген эмес. Аны “бай-кедейлер ортосундагы теңдик” идеясы артына жашырып алып кирген. Себеби, ага чейин падышалык Россия колонизаторлук аркылуу капитализмди колдонгону себептүү, адамдар арасында кедейлер саны өтө арбып кеткен эле. Оо кийин,качан гана кеңеш өкмөтү бутка туруп алгандан кийин, анан чыныгы жүзүн көрсөттү. Мусулман калктын каймактарын “басмачы”, “панисламист”, “эскичил” тамгалары менен жок кылып, калгандарын сүргүнгө айдады. Ошондуктан, СССР доорунда кыргызстандыктар – коммунисттик идеология зордоп тыгыштырылган – колониядагы кордолгон калк болду. Атеизмди айрым бир адамдар эле кабыл алганы болбосо, калганы Исламдан алыстай түшкөнү менен, мусулман болгон бойдон калды. Бирок да, СССР ураган соң, ошол мусулман калк эми демократиянын алдамчы тузагына туштү.

Демократия да бул калкка түздөн-түз алып кирилбеди. Ал “дин эркиндиги” деген жалган аркылуу кирип келди. Адамдар муну Исламга эркиндик берилди деп түшүнүп алышты жана коммунисттик идеологияны жапырт ташташты. Кафирлердин демократиялык идеологияны тыгыштыруулары каршысында, калк өз Исламына талпына баштады, чыныгы Исламды таап алышына аз калды. Мына ушундан кийин, демократтар Исламга каршы күрөштү башташты. Кафирге малай акимдер болсо, “демократия аркылуу бакубат мамлекет курабыз” деп сайрап калышты.

Негизи, биздеги эң демократ эсептелген саясатчылар да демократияны чындап кабыл алышпаган. Карап көрүңүздөрчү, кайсы демократ саясатчы уулунун гей болушуна, аялынын жат эркектер менен хилватта каалагандай калышына ыраазы болуп жатканын көрдүңүздөр. Негизи, бул көрүнүштөр демократия булагы болгон “эркиндик” идеясынын “жемиштери” эсептелет. Муну менен биздин “демократтар” демократияны түп-негизинен бери кабыл албаганы көрүнүп турат. Анткени, алар мусулмандар, болгону, мусулманчылыгын толук түшүнүшө элек о.э. алар малайлыкты кабыл кылып алышкан.

Демек, Кыргызстан мусулмандары бакубат жашоого багыт алуулары үчүн, эң оболу, коммунисттик идеологиянын калдыктарын жоготуп, бузук демократиялык идеологияны ыргытып салып, өз Исламына талпынуулары керек жана аны мабда катары үйрөнүп, үйрөнгөндөрүнө амал кылуулары зарыл.

Исламды үйрөнүү жана ага амал кылуу кандай болот? Бул да албетте Аллах айткандай жана Расул Акрам с.а.в. көрсөткөндөй болушу керек. Аллах Таала “араңардан Исламга даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган жамаат болсун” деди. Демек, бул жамаат Исламды мабда катары үйрөтөт, турмуштун кайсы бир тармагын калтырып койбойт. Акыйданы да, Исламий башкарууну да, Ислам экономикасын да ж.б. бардык тармактарын үйрөтөт. Исламды мына ушундай жамааттан үйрөнүү керек жана ал жамаат чакырып жаткан аракеттерге амал кылуу керек. Бул калкты империализм колонизаторлугунан куткаруучу кадамдардан болуп саналат.

Азыр Кыргызстанда расмий иш алып барып жаткан саясий партиялардын бардыгы демократия негизиндеги партиялар (ал тургай, коммунисттик делип жатканы да). Алардын ирилерин кайсы бир державага малайлык кылган саясатчылар түзүп алышкан. Саясатчылардын көпчүлүгү Россияга малай, себеби, саясатчылар Россиянын урухсатысыз бийликке келе алышпайт. АКШга малай саясатчылар да арбып баратат. Америкага караштуу “Азаттык” радиосу куду саясий партиялардай иш алып барууда. Идеологиялык жактан демократиялык түшүнүк, өлчөө жана канааттанууларды калкка сиңдирүүгө урунуп жатса, саясий жактан – башка АКШ кадрлары менен биргеликте – Россия жана Кытай кызыкчылыктарына сокку урууга киришип жатышат. Ушунун эле каршысында, Кытайдын тыйыны артынан томолонгон саясатчылар да көбөйүп барууда. Алар азыртан эле Кытайдын жамандыктарын жашырып, кызыкчылыктарын коргоп жатышат. Малайлардын бардыгы кафир кожоюндарынын кызматын кылгандыктан, чыныгы мабдаий Исламды “диний экстремизм” деп атап, адамдарга динден дарс берип жатышат. Эми ойлоп көрүңүздөр, өздөрү кафирлерге кызмат кылып жатышса, куфр негизинде партиялар түзүшсө, анан Исламды ошолордон үйрөнүш мүмкүнбү?

Булардан сырткары, Кыргызстанда Ислам атынан иш алып барган түрдүү уюмдар, фонддор бар. Алардын айрымдары “ибадат жана ахлак менен чектелебиз, саясатка аралашпайбыз” деп, колонизатор кафирлер түзгөн “салттуу ислам” долбоорунун алкагында иш алып барышууда. Айрымдары болсо, кээ бир саясатчы исламий шахстарды саясатка демократиялык негизде катышууга кызыктырышып, колонизатор кафирлердин “мээлүүн ислам” долбоору алкагында иш алып барышууда. Бул “салтчылар” да, “мээлүүндөр” да – жогорудагы куфрга негизделген партиялардай эле – чыныгы мабдаий Исламды экстремизм деп аташууда. Эми байкап көрүңүз, “салттуу ислам” жана “мээлүүн ислам” долбоорлорун кафирлер түзгөн болсо, анан аларды ишке ашырып жаткандардан чыныгы мабдаий Исламды үйрөнүү мүмкүнбү?

О.э. Исламды мабда катары үйрөнүүнүн өзү да аздык кылат. Алты миллион калктуу Кыргызстан Исламды турмушта толугу менен колдонмокчу болсо, ага көп калктуу Россия, Европа, АКШ, Кытай – кыскасы бардык кафир державалар буга жол беришпейт. Андыктан, Кыргызстан калкы бул колонизторлордон кутулуу үчүн, аларга каршы тура ала турган калкка кошулуу багытын алыш керек. Ал калк – Ислам умматы, ал калк – бүткүл дүйнө мусулмандары. Ислам умматын болсо, Исламды турмушта колдоно турган Халифалык гана Ислам негизинде бириктирет. Демек, Исламды мабда катары үйрөнгөн соң, Халифалыкты тикелөө үчүн болуп жаткан аракет кербенине кошулуу керек. Ал үчүн элибиз исламий саясий аң-сезимге ээ улан-кыздарынын чакырыктарына лаббей деп жооп берүүлөрү зарыл.

Ал тикеленчү Халифалык Ислам мабдасын көтөрүп чыгып, демократиянын таш-талканын чыгарат. Адамдарды капитализм зулматынан Ислам адилетине алып чыгат. Исламий өлкөлөр бириккендеги табийгый ресурстарды өзүңүздөр эсептеп көрө бериңиздер. Анын өнүккөн оор өнөр жайы болот, анткени, империализмди түп-тамырынан омкоруп таштап, колонизаторлорду кууп салат. Анда бүткүл кафирлерди коркууга сала турган айбаттуу аскерий кубат болот, анткени Аллах Таала ушуга буйруган. Кыргызстан болсо анын тутумунда Кытайдын жолун тосуучу рибат өлкөгө айланат. Андан ары Чыгыш Түркстанды мушриктерден азат кылуучу, андан да ары Кытайды фатх кылуучу мужахиддер жайгашкан исламий бакубат өлкө болот.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here