Британиянын Түндүк Африкадагы аракеттери

29
0

Британиянын Түндүк Африкадагы аракеттери

2022-жылдын аягында Британиянын ошол кездеги Тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Африка менен узак мөөнөттүү стратегиялык алакаларды өнүктүрүү планын жарыялаган. Ошондон бери Лондон Африкага, айрыкча Ливия, Тунис жана Алжирге дипломатиялык кызыгуусун күчөттү. Акыркы айларда Британиянын бул аймактагы аракеттери күчөп, анын жаңы Тышкы иштер министри Дэвид Лами Туниске сапары учурунда бир катар маанилүү келишимдерди жарыялады. Алардын ичинде Британия тарабынан Тунисте мыйзамсыз мигранттар үчүн билим берүү жана адистикке даярдоо программаларына 5 миллион фунт стерлинг бөлүү, Тунистин жээк күзөтүнө дрондор жана түнкү көрүү жабдууларын берүү маселелери бар. Ошондой эле, 2025-жылдын май айында Тунисте өтө турган Британия-Тунис өнөктөштүк кеңешинин үчүнчү жыйынына даярдыктар талкууланды. Бул ошол эле учурда өтө турган АКШнын AFRICOM 2025 аскердик машыгуулары менен дал келет.

Ливия, Тунис жана Алжир азыркы учурда ондогон миң мыйзамсыз мигранттарды кабыл алып, алар үчүн Европага өтүүчү негизги транзиттик аймакка айланган. Бул сан 2025-жылы мындан да өсөт деп болжолдонууда. Тунистин президенти Каис Саид 2023-жылдын ортосунда Европа Биримдиги менен «Стратегиялык жана комплекстүү өнөктөштүк» меморандумуна кол коюп, анын алкагында экономикалык өнүгүү, кайра иштелүүчү энергия жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш боюнча жардам алуу маселелери каралган.

Дэвид Ламинин сапары Тунисте кызуу талкуу жараткан чакта, 2025-жылдын 4-февралында Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысынын орун басары Харви Смит коңшу Ливияга барып, бир катар саясий жана аскердик жетекчилер менен жолугушту. Ал Ливиянын «Улуттук биримдик өкмөтүнүн» башчысы Абдулхамид Дбейба, Ливиянын Чыгышындагы күчтөрдүн лидери маршал Халифа Хафтар жана Президенттик кеңештин башчысы Мухаммад аль-Менфи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Британиянын аскерий делегациясынын Ливиядагы сапарынан бир нече күн өтпөй, 10-февралда AFRICOM күчтөрүнүн жетекчи орун басары генерал-лейтенант Жо Бреннан Ливиянын чыгыш жана батыш бөлүгүндөгү аскерий жетекчилер менен жолугушту. Алардын сүйлөшүүлөрү негизинен Ливиянын чыгыш жана батыш бөлүктөрүнөн турган «бирдиктүү коопсуздук күчтөрүн» түзүү маселесине багытталды. Бул күч март айына чейин калыптанат деп пландалууда.

Британиянын Түндүк Африкадагы стратегиялык кадамдары

2025-жылдын 13-февралында Британиянын Парламент төрагасы Линдси Хойл Алжирдин Лондондогу элчиси Нуреддин Язид менен жолугушту. Хойл Алжирди Британия үчүн маанилүү саясий жана экономикалык өнөктөш катары баалап, анын Түндүк Африкада жана Сахаранын түштүгүндө (Мавритания, Мали, Нигер, Чад, Буркина-Фасо, Судан) тынчтык менен туруктуулукту камсыздоодогу ролун жогору баалады. Бул кадамдар Британиянын тереңдеп бара жаткан экономикалык кризиси жана энергетикалык көйгөйлөрү менен тыгыз байланыштуу. Евробиримдиктен чыгуу (Brexit) жана энергетикалык кризистин кесепеттери Британияны Түндүк Африкадагы таасирин жандандырууга түртүп, экономикалык жоготууларын калыбына келтирүүгө жана өз позициясын бекемдөөгө мажбурлоодо. Ошол эле учурда, бул аскердик жана дипломатиялык аракеттер аймактагы Франциянын таасиринин алсырашынан да пайдаланууга багытталган. АКШнын туруктуу басымынын натыйжасында Париж Нигер, Мали, Буркина-Фасо, Чад жана Сенегалдагы аскерлерин чыгарууга аргасыз болду. Жакынкы жылдары дагы башка өлкөлөрдөн чыгып кетиши мүмкүн. Ошол эле учурда, Франция менен Алжирдин ортосундагы чыңалуу күчөп, аймакта Россиянын таасири жогорулады. Бүгүнкү күндө Москва Мали, Нигер, Буркина-Фасо, Борбордук Африка Республикасы, Экваториалдык Гвинея жана Ливияда (2019-жылдан тартып) активдүү роль ойноодо. АКШ 2019-жылы Россия жана Түркияны Европага каршы карталарды аралаштыруу үчүн аймакка киргизгени белгилүү.

Акыркы он жылдыкта Британия Тунис менен Ливияда таасирин бир топ жоготкон. Бирок ал Тунисте саясий элитанын ичинде таасирин сактап, Ливияда 2011-жылдан кийин көмүскө ролду ойноп келет. 2011-жылдагы ачык кийлигишүүдөн кийин ал АКШ жана Франциянын таасиринин алдында калып, бирок айрым саясий-исламчыл топторду жана экономикалык тармактарды, айрыкча Ливиянын Борбордук банкы маселесин колго алып, көмүскөдө иш жүргүздү.

Британия Тунис менен Ливиядагы тарыхый таасирин калыбына келтирүүнү көздөп, аймактагы жаңы чакырыктарга жооп берүүгө аракеттенүүдө. Ал Ливияда өзгөчө күчтүү ролду ойноп келген, Италияга каршы Сенуси кыймылын колдоп, Ливия армиясын түзүүгө көмөктөшкөн. Муаммар Каддафи 1969-жылы Британиянын Королдук аба күчтөрүндө жана пехотасында тогуз ай машыгып, бийликке келген. Британия 2011-жылы Франция менен биргеликте аны кулатууга салым кошкон. Ошондой эле, ал 1956-1967-жылдары он бир жыл бою Хабиб Буркибаны колдоп, ага бийликти өткөрүп берүүдө негизги роль ойногон. Бирок анын Тунистеги таасири 2021-жылдын 25-июлунда француз таасири менен алмашты. Ошентип, Британия күчүн жоготкон менен, ал дагы эле аймакта саясий манёврларды улантууда.

Аймактагы Ислам өкүмдарлыгы жоголгондон кийин Түндүк Африка Франция, Британия жана АКШнын кызыкчылыктары кагылышкан согуш талаасына айланып калды. Бул аймактагы кризистерди жана баскынчыларды токтотуунун бирден-бир жолу Ислам шариятын негиз кылган, үммөттүн саясий эркиндигине таянган күчтүү мамлекеттин курулушу.

Роя гезити

Доктор Асад Аль-Ажили

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here