Эки жылдык куру согуш Судан кайда баратат?!

44
0

Эки жылдык куру согуш Судан кайда баратат?!

2025-жылдын 24-апрелинде “Al Jazeera Net” сайты “Судандагы эки жылдык согуштун жыйынтыгы сандар менен” деген аталышта репортаж жарыялады. Анда Судандын бардык тармактарын каптаган кыйроо жана бүлүнүү чагылдырылган. Репортажда мындай деп айтылат:

“Судандын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларга жеткирилген 12 миң жай тургундун өлүмүн каттаган, бул согуштагы жалпы курмандыктардын болгону 10 пайызын түзөт. Ал эми Эл аралык куткаруу комитети согуштан каза тапкандардын жалпы саны 150 миң адамга жеткенин билдирет. Бул БУУнун жарыялаган расмий эсебинен 120 миң адамга көп. Лондон университетинин Коомдук саламаттыкты сактоо мектеби өткөн жылдын ноябрында жарыялаган отчетунда, согуш башталгандан 2024-жылдын июнуна чейин Хартум шаарынын өзүндө эле 61 миңден ашуун адам каза тапканын белгилеген. Бул согушка чейинки өлүм көрсөткүчтөрүнөн 50%га көп. Анын ичинен 26 миңи согуш менен түз байланышкан зомбулуктун айынан өлгөн.

Эки жыл өтүп, өткөн жумада Эл аралык миграция уюму билдиргендей, өлкөдөгү куралдуу кагылыш 11 миллион 300 миңден ашуун адамдын качкынга айланышына себеп болгон. Ал эми кызмат көрсөтүү тармагындагы чыгымдар боюнча баяндамада, жалпы зыян 11 миллиард долларга жакындаганы белгиленген. 750 ооруканадан 250си толук иштен чыккан. Ошондой эле кагылыштардын айынан дарыканалардын жана кампалардын 60%дан ашыгы талкаланган же тонолгон.

Жогорку билим берүү жаатында, Al Jazeera Net баяндаган расмий отчетко ылайык, Судандын борбору Хартумду кошкондо, 120 мамлекеттик жана жеке менчик университет менен колледждер дээрлик толугу менен инфраструктурасынан ажыраган. Бул мекемелерде жарым миллионго жакын студент окуйт. Мындан тышкары, өлкөнүн башка аймактарындагы алты университет талкаланган, алардын төртөөсү Дарфурда жайгашкан.

Ал эми жалпы билим берүү тармагында, согуш 17 миллионго жакын баланы мектептен чыгарууга мажбур кылып, аларды качкындар жана жер которгондор жайгашкан аймактарга айдап салды. Бул көрсөткүчкө согушка чейин эле билим берүү системасынан чыгып кеткен 6 миллион 900 миң бала кошулат. Бирок коопсуз деп табылган аймактарда, тагыраагы армиянын кайрадан көзөмөлгө алган Хартум, Жазира, Сеннар, Түндүк Кордофандын айрым райондору жана Ак Нил штатында мектептер кайрадан иштей баштады.

Ал эми дайынсыз жоголгондор боюнча ишенимдүү расмий сандар жок. Бирок Судандын укук жана эркиндиктерди коргоо тобу жоголгондордун санын 50 миңдин тегерегинде деп баалайт.

Жыныстык зомбулук боюнча, Судандын “Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү” бөлүмү согуш башталгандан тартып өткөн жылдын февралында чейин, Тез жардам күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда 1138 зордуктоо фактысы катталганын жарыялады. Ал эми БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2024-жылдын башынан тартып 221 балага карата зордуктоо фактысын документтештирген.

Экономикалык жоготуулар боюнча, расмий мекемелер даярдаган акыркы изилдөөгө ылайык, согуш Судандын экономикасына жалпы 108 миллиард доллар зыян келтирген. Айыл чарба жана токой чарба министрлиги согуштун эки жылы ичинде айыл чарба секторунун чыгымын 10 миллиард доллардан ашты деп билдирген. Бул суммаларга механикалык жана кыймылдуу жабдуулардын жок кылынышы, айыл чарба изилдөө борборлорунун талкаланышы жана тонолушу да кошулат.

Мындан тышкары, расмий отчетко ылайык, согуш, атайылап талкалоо жана Тез жардам күчтөрүнүн талап-тоноолору өнөр жай секторунун 90%ын жабыркаткан. Бул багытта Хартум, Түштүк Кордофан жана Жазира штаттарында жайгашкан чоң жана орто деңгээлдеги 3493 ишканага зыян келтирилген. Бул сектордо 250 миңден ашуун жумушчу эмгектенет. Жалпы чыгым 30 миллиард долларга жетет.

Жарандык авиация инфраструктурасы боюнча жоготуулар — аэропортторго, учактарга, жер үстүндөгү тейлөө жабдууларына, диспетчердик мунараларга, жүргүнчүлөр залдарына жана жүк кампаларына келтирилген зыяндар — 3 миллиард доллар деп эсептелген. Ал эми электр энергиясы жана суу тармагында, борбор калаада жана башка аймактарда жайгашкан суу станциялары толугу менен талкаланып, тонолгон. Ошондой эле көп сандаган электр энергиясын өндүрүүчү станциялар, трансформатордук жайлар, жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы мунаралар жок кылынган. Бул тармактагы жоготуулар 10 миллиард доллар деп эсептелүүдө.

Мамлекеттик мекемелердин жана инфраструктуранын жоготууларына келсек, булар министрликтердин, мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, көпүрөлөрдүн жана жолдордун өрттөлүшү жана талкаланышын камтыйт. Бул багыттагы зыян да 10 миллиард доллар чамасында бааланууда.

Жеке жана жалпы сектордун чыгымдары боюнча, ошол эле изилдөөгө ылайык, Хартумдагы бардык негизги базарлар толук тонолуп, чоң жана чакан компаниялар өрттөлгөн, банктардын баш кеңселери жана филиалдары — Хартум, Жазира, Сеннар жана Дарфурда — талкаланып, мейманканалар жана башка объекттер тонолгон. Соода, туризм жана мейманкана тармактарынын чыгымы 10 миллиард доллар деп эсептелет.

Элдин турак-жайы жана жеке мүлкү, анын ичинде унаалары боюнча, Хартум штатынын өзүндө эле 10 миңден ашуун үй толугу менен тонолуп, алардагы акча жана алтындар да уурдалган. Миңдеген үйлөр толугу менен же жарым-жартылай талкаланды. Ал эми 40 миңден ашуун жеке автоунаа Ыкчам колдоо күчтөрү тарабынан тартып алынган. Жеке мүлктөгү чыгымдар да 10 миллиард долларга жакын деп бааланууда.

Бул Судандагы согуштун ачуу жыйынтыгы. Согуш бүгүн да уланып, жашоону кыйратууда, айрыкча учурда күрөш негизинен Дарфурда жүрүп жатат. Ошол эле учурда Ыкчам колдоо күчтөрү армия көзөмөлдөгөн аймактарды, өзгөчө Мерои жана Атбара шаарларындагы ири трансформаторлорду дрондор менен бутага алууда. Мунун айынан коопсуз деп эсептелген аймактарда да элдин азабы күчөп жатат.

Бул учурда болуп жаткан окуялар, согуш башталган алгачкы күндөн тартып айтылган чындыкты далилдейт. Бул жөн эле аягына чыгарыла турган аскердик операция эмес, узакка созулган, кезектешкен чабуул жана чегинүү аркылуу Америка өз максатына жетүүнү көздөп жаткан согуш. Анын максаты – Британия менен Европанын агенттерин Судандын саясий сахнасынан толугу менен сүрүп чыгаруу. Андан кийин, Америка өзүнүн агенттери болгон Ыкчам колдоо күчтөрүнө Дарфурду толук көзөмөлгө алдырууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондо эгер Америка кааласа, Дарфурду Судандан бөлүп алуу оңой болот, анткени ал аймак анын кол алдында калат. Ал эми Судандын калган бөлүгү болсо армиянын колунда болот. Америка бул армия жетекчилерин яхудийлердин мамлекети менен мамиле түзүүгө (нормалдаштырууга) мажбур кылат. Бул процесс мурда эле башталган. Трамп бийликте турган учурда, Хартумдагы армия башчысы Бурхан, заманбап доордун кылмышкери Нетаньяху менен Угандадагы Энтеббе шаарында жолугушкан.

2025-жылдын февралында, биз Судандагы элге кайрылуу жасап, Америка өзүнүн адамдарын Армия жана Ыкчам колдоо күчтөрү аркылуу өлкөдө ишке ашырып жаткан үч чоң кылмыштуу планга каршы туруу керектигин эскерттик. Бул үч план:

  1. Түштүк Судандын артынан Дарфурду бөлүп алуу;
  2. Яхудийлердин мамлекети менен мамилени нормалдаштыруу (ал эми ал жер Палестинанын ыйык жери болуп эсептелет жана азыр бузукулукка баткан);
  3. Мусулмандардын ортосундагы бул жалындаган согушту улантуу.

Биздин максат, өлкөнүн бирдиктүү армиясы болушу, ал армия ок-дарыларын кафир колонизаторлорго — Америка менен Европага каршы бурушу керек. Ушул гана чыныгы жеңиш болот. Ошондуктан, бул макала аркылуу дагы бир жолу Судандын кыраакы уул-кыздарына кайрылабыз. Айрыкча офицерлерге, сержанттарга, жоокерлерге, акылмандарга, уруулар менен уруулардын башчыларына!

Бардыгыбыз бул жерди колонизатор кафирлер: Америка менен Британиянын  кулагына илинип калуудан куткарып, Пайгамбарлык жолундагы Халифалык алдында өлкөнү бириктирүү үчүн иш кылалы. Ошондо биз дүйнөдө урмат-сыйга ээ болуп, акыретте Раббибизди ыраазы кылып, азабынан кутулабыз.

Роя гезити

Ибрахим Осман Абу Халил

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here