АКШнын Йемендеги Рас Исса мунай портуна чабуул коюусунун мааниси эмнеде?
Америкалык аскер күчтөрү 18-апрель, жума күнү кечинде Йемендин Ходейда аймагындагы Рас Исса мунай портун бомбалап, 74 адамдын өмүрүн алып, 171 кишини жарадар кылганын жарыялады. Бул чабуул 15-мартта башталган аба соккуларынан бери эң кандуу чабуул болуп эсептелет. АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) «Икс» платформасында жарыялаган билдирүүсүндө: «Бул чабуулдар хуситтердин кирешесин кыркыш үчүн жасалды», деп билдирип, «Рас Исса порту 5-апрелде хуситтер чет элдик террордук уюм катары таанылгандан кийин да бул кыймылга мыйзамсыз киреше алып келгенин» кошумчалады. Чабуулдан улам порттун айрым курулуштары жана сактоо резервуарлары талкаланып, мунай заттары деңизге төгүлгөн.
Мына ушинтип, бул ирет АКШнын Рас Исса мунай портуна жасаган аба чабуулдары хуситтерге каршы башкача өңүттө болуп, бул аракетке жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде катуу айыптоолор айтылды. Йемендеги Өзгөрүү жана Курулуш министрлиги ошол эле 18-апрелде мындай деди: «Бул кылмыш — элге каршы жапырт чабуул жана Йемендин эгемендүүлүгүн одоно бузуу». Жума күнү чыккан башка бир билдирүүдө Йемен парламенти: «Жарандык объектилерге кол салуу — эл аралык жана гуманитардык мыйзамдардын бузулушу», — деп билдирди. Ошол эле күнү Шура кеңеши да билдирүү таратып, «Эл аралык коомчулукту, айрыкча БУУнун Коопсуздук Кеңешин өз юридикалык жана гуманитардык жоопкерчиликтерин аткарууга чакырды». Хуситтердин саясий бюросу да бул күнкү билдирүүсүндө: «Бул агрессия Батыштын жана т.а. эл аралык коомчулуктун жалган гуманитардык риторикасын ачыктап койду», — деп белгиледи. Ал эми Йемендин Адам укуктары борбору өз билдирүүсүндө: «Эл аралык коомчулукту, БУУну жана эл аралык укук коргоо органдарын шашылыш чара көрүүгө» чакырды.
Америкалык чабуулдан беш күн өткөн соң, Жогорку Саясий Кеңештин төрагасы Махди аль-Машат Өзгөрүү жана Курулуш Өкмөтүнө, Экономика, өнөр жай жана инвестициялар министрлигине АКШдан товарлардын киришине тыюу салган чечим кабыл алууну жана бул чечимди бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүүнү буйруду. Ал ошондой эле үч айлык мөөнөт берүүнү, андан кийин Йеменге АКШда чыгарылган эч кандай товар же анын бөлүгү киргизилбеши керектигин белгиледи. Бул аралыкта, америкалык товарларга бойкот жарыялоо чакырыгы 2014-жылдын 21-сентябрынан бери эле көтөрүлүп келатканы белгилүү.
Эл аралык деңгээлде болсо, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш 19-апрелде билдирүү жасап, АКШнын аба чабуулдарына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, бул чабуулдардын жай тургундарга тийгизген кыйратуучу таасирин белгиледи. Ал эми Россия АКШнын Йемендин батышындагы Ходейда аймагындагы Рас Исса мунай портуна жасаган чабуулдарын кескин айыптап, бул чабуулдарга каршы экенин так билдирди.
Иран Тышкы иштер министрлиги да АКШнын аба чабуулдарын кескин айыптады. Өз кезегинде Евро-Жакынкы Чыгыш Адам укуктарын байкоо борбору мындай деди: АКШнын Рас Исса портуна жасаган чабуулу мыйзамсыз күч колдонуу болуп эсептелет жана дароо иликтөөнү жана жоопкерчиликке тартууну талап кылат. Байкоочу борбор билдирүүсүндө, бутага алынган жайдын мүнөзү жана чабуулдун кесепетинен келип чыккан адам өлүмдөрү эл аралык укук боюнча аскердик кылмыш катары каралышы мүмкүн. Адам укуктары боюнча Евро-Жакынкы Чыгыш байкоо борбору эл аралык тиешелүү уюмдарды Рас Исса портуна болгон чабуул боюнча дароо жана көз карандысыз тергөө жүргүзүүгө, кылмышкерлерге карата мыйзамдуу чараларды көрүүгө, жабырлануучулар менен алардын үй-бүлөлөрүнө адилеттүүлүктү камсыздоого чакырды. Ошондой эле Америка-Ислам мамилелери кеңеши (CAIR) жума кечинде АКШнын Йеменге, атап айтканда Рас Исса портуна жасаган аба соккуларын катуу айыптап, бул чабуулду “аскердик кылмыш” деп мүнөздөдү.
АКШнын Рас Исса мунай портуна чабуулу Иран менен анын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы башталардан бир күн мурун жүзөгө ашырылды. Йемендеги бул чабуул, аягында да, башында да Иранга багытталган. Максат, анын аймактагы жактоочуларын тизгиндөө жана өзүнүн ядролук программасынан баш тартууга мажбурлоо. Бул 2015-жылы да ушундай жол менен болгон. Мындан сырткары, Рас Исса портундагы мунай платформа талкалангандан кийин хуситтер экономикалык жактан катуу зыян тартары анык, анткени бул порт алардын ишмердүүлүгүн каржылоодо негизги булак болуп эсептелет. Анын жабылышы күйүүчү майдын жетишсиздигине алып келип, электр энергиясы, айыл чарба жана саламаттык сактоо тармактарын да кыйратат.
Мунун баары хуситтерге кысым көрсөтүү, аларды АКШнын саясий күн тартибиндеги шарттарды кабыл алууга мажбурлоо үчүн жасалууда. Бул чабуул хуситтерге карата террордук уюм деген АКШ чечими 2025-жылдын 5-апрелинде күчүнө киргенден 13 күн өткөн соң ишке ашты.
АКШнын Рас Исса мунай портуна жасаган чабуулдарынан кийин БУУнун атайын өкүлү 24-апрелде, бейшемби күнү Оманга келип, хусит өкүлдөрү менен жолугушту. Анын кеңсеси «Икс» платформасында жарыялаган билдирүүсүндө мындай делет: «Бүгүн Маскат шаарында Омандын жогорку деңгээлдеги расмий адамдары, “Ансар Аллах” кыймылынын жетекчилери жана дипломатиялык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү». Билдирүүдө, «талкуулардын өзөгүн Йемендеги абалды турукташтыруу маселеси түзүп, бул аркылуу бардык йемендиктерге урмат-сый менен, жакшы турмуш шарттарда жашоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана аймактык, эл аралык тараптардын мыйзамдуу тынчсызданууларын чечүү» максаты белгиленген. Ал эми БУУ өкүлү өзүнүн мурда кармалган 13 тыңчы кызматкерин бошотуу талабын да кайрадан койду.
БУУнун туруксуз саясаты эмнени билдирет? Анын өкүлүнүн хуситтерди кабыл алышы эмнени туюнтат? Бул бүтүндөй Йеменди өз кызыкчылыктары үчүн бөлүп-жарууга аракет кылып жаткан Британия менен АКШнын кагылышуусунун уландысы эмеспи? Биз душманыбыз ким экенин ушул күнгө чейин билбейбизби? Биз алар менен кайсы туунун алдында согушуп жатабыз? Бул тууну бизге Сайкс Пико жасап берди го? Ал эми биз болсо аны Аллахтын Элчиси ﷺ Меккеге жиберген жана жеңиш менен кирген Роя туусуна алмаштырып салдык!
Эгер биз чындап эле булар менен согушкубуз келсе жана Аллах Таала бизге алар үстүнөн жеңиш берсин десек, анда биз ошол пайгамбарлык жолундагы халифанын колу менен көтөрүлгөн тууну гана көтөрүшүбүз керек!
Роя гезити
М. Шафик Хамис