Найроби конференциясы – коңгуроо кагуучу тайманбас кадам
Дүйнөлүк жана жергиликтүү агенттиктердин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 22-февралында, ишемби күнү кечинде Кениянын борбору Найробиде «Ыкчам колдоо күчтөрү» (RSF), Судандын айрым саясий күчтөрү жана куралчан топтор негизги келишимге кол коюшту. Бул келишим «Биримдик жана тынчтык өкмөтү» деп аталган альтернативдүү өкмөттү түзүүнү көздөйт. Аталган өкмөт «Ыкчам колдоо күчтөрү»нүн көзөмөлүндөгү Дарфур аймагында түзүлмөкчү. Конференциянын катышуучулары өз максаттары катары Судандагы согушту токтотууну жарыялашты.
Белгилүү болгондой, саясаттын сыноосу согуштун кантип башталганында эмес, анын кандай аяктай турганында болууда. Анткени согуш саясий чечим менен башталып, ошондой эле саясий чечим менен токтотулат. Саясий аракеттердин табияты максаттарды ачыкка чыгарбоо болгондуктан, ар бир саясий аракетке, канчалык чакан көрүнсө да, олуттуу көңүл буруу зарыл. Айрыкча согуш учурунда мындай аракеттердин кесепети чоң болору шексиз. Ошондуктан Найробиде өткөн акыркы конференциянын жыйынтыгы катары Судандын расмий өкмөтүнө параллелдүү өкмөт түзүү демилгесинин көтөрүлүшү көңүл кош карала тургандай же айрым билдирүүлөрдө айтылгандай, маанисиз окуя эмес. Айрымдар бул конференцияга катышкандарды Судан элинин өкүлү эмес, чакан топ катары мүнөздөп, аларга нааразы экендиктерин билдиришти. Бирок иш жүзүндө олуттуу окуя болду. Конференцияга саясий партиялардын өкүлдөрү, куралчан кыймылдардын лидерлери, уруу башкаруучулар, саясий активисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Бул алардын саны канча же коомдогу салмагы кандай экенине карабастан, олуттуу белги катары кабыл алынууга тийиш.
Эгер бул конференция чынында эле Судан элинин өкүлү болгон жана тынчтыкты камсыз кылган өкмөттү түзүү максатында өткөндө, анда ал «Ыкчам колдоо күчтөрү» Судандын бир нече штаттарына жайылган маалда өткөрүлмөк. Бирок бул келишим «Ыкчам колдоо күчтөрү» өзүнүн мурдагы жайгашкан жерлеринен артка чегинип, Дарфур аймагына чогулуп жаткан учурда жарыяланып жатат. Бул жерде кандайдыр бир жашыруун максат бар экенин көрсөтөт.
Куралдуу жаңжалдарда жеңилген тараптын талаптары адатта төмөнкү чекке жетет. Бирок биз «Ыкчам колдоо күчтөрү»нүн учурдагы аракеттеринен такыр башкача көрүнүштү байкап жатабыз. Алар улам-улам жеңилүүгө учурап жаткан чакта параллелдүү өкмөт түзүүгө умтулуп жатышат. Бул болсо алардын артында кандайдыр бир күч турганын далилдейт.
Келишимдин долбоорун карап көргөндө, анын негизги максаттарын жана мүмкүн болгон кесепеттерин түшүнүүгө болот. Судандын тышкы иштер министринин билдирүүсүнө ылайык, ««Ыкчам колдоо күчтөрү» курал-жаракты түздөн-түз ала баштаса, согуш узарып кетет». Ал ошондой эле Кения келишими «Ыкчам колдоо күчтөрү» менен куралдуу топтордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, Суданды бөлүп-жарууну көздөй турганын белгиледи. Буга мисал катары келишимдин 7-беренесин келтирүүгө болот. Анда: «Эгерде убактылуу же келечектеги туруктуу конституцияда мамлекеттин светтик түзүмү (динден ажыратылышы) белгиленбесе же конституциянын негизги принциптери бузулса, анда Судандын бардык элдери өз алдынча чечим чыгаруу укугуна ээ болот». Бул пункт Судан калкынын басымдуу бөлүгү тарабынан кабыл алынгыс талап, анткени ал алардын ишенимине каршы келет. Белгилүү болгондой, оор шарт коюу анын жүзөгө ашуусун каалабаган чечимди жасоонун кыйыр жолу. Ал эми «өз алдынча чечим чыгаруу укугу» Судандын бөлүнүп-жарылышын шарттай турган нерсе.
Буга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Найроби келишими боюнча мындай деп комментарий берди: «Судандын биримдигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо согушту токтотуу үчүн негизги шарт». Бул билдирүү келишимдин өлкөнүн биримдигине коркунуч туудурарын ачык көрсөтүп турат.
Судандагы согуш башталган күндөн бери болгон окуяларды байкоо менен, Америка бардык процесстерди көзөмөлдөп, башка мамлекеттердин аралашуусуна чек коюп жатканын көрүүгө болот. Бул Америка саясатына ылайык келген деңгээлде гана уруксат берилгенин түшүндүрөт. Мунун бир далили катары Кениянын президенти Уильям Рутонун «X» (мурунку Twitter) платформасындагы билдирүүсүн айтса болот. Ал мындай деп жазган: «Мен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиого Судандагы кырдаал жана өлкөбүздүн бул маселеде ойноп жаткан негизги ролу жөнүндө сүйлөштүм. Биз саясий партиялар, жарандык коом жана башка таасирдүү тараптар үчүн аянтча түзүү аркылуу Судандын башаламандыкка кирип кетүүсүнүн алдын алуу аракеттерине салым кошууга аракет кылуудабыз».
Мурдагы президент Омар аль-Башир Америка Кошмо Штаттарынын Судандагы максаттарын так жана ачык-айкын айтып берген. Ал акыркы жолу Россияга жасаган сапарында “Спутник” агенттигине берген маегинде мындай деди: “Америка Суданга чоң кысым көрсөтүп, кутум уюштурууда. Американын басымы астында Түштүк Судан бөлүнүп кетти, башкача айтканда, Судан экиге бөлүндү”. Башир ошондой эле “бул бөлүнүү Американын түздөн-түз басымы жана кутуму менен ишке ашты. АКШнын планы – Суданды талкалап, аны беш мамлекетке бөлүү” деп баса белгиледи. Тилекке каршы, Суданды бөлүүнүн бул планына алгачкылардан болуп Омар аль-Башир өзү кадам таштаган. Демек, биз толук кандуу кылмыштын алдында турабыз. План белгилүү, аны ишке ашыргандар белгилүү, далилдер да колубузда.
Бул планды ишке ашырууга жол бербөө үчүн чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек. Ага катышкан ар бир адам, ал тургай, бир сөзү менен колдоо көрсөткөн болсо да, жоопко тартылышы шарт. Бирок, тилекке каршы, Судан азыр чечкиндүүлүк менен аракет кылып жаткан жок. Мисалы, Судандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү “Кения өкмөтүнө өкүнүчүбүздү билдиребиз” деп башталат. Бул болсо, Кениянын Суданга каршы кылган оор кылмыштарына салыштырмалуу өтө жумшак жооп.
Ал эми Маалымат министринин билдирүүсүндө, “Найробиде болгон окуя жөн гана саясий көрүнүш, анын жерде эч кандай таасири жок” деп айткан. Бул сөздөр Тышкы иштер министринин билдирүүсүнө каршы келет. Бул болсо, Судан өкмөтү бул маселени олуттуу талкуулап, бирдиктүү чечимге келе элек экенин көрсөтүп турат. Ушундай эле эки ача мамиле буга чейин Ыкчам колдоо күчтөрүнө карата да жасалган, анын кесепетин азыр бүтүндөй өлкө тартып жатат.
Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«مَا مِنْ وَالٍ يَلِي رَعِيَّةً مِنَ الْمُسْلِمِينَ، فَيَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لَهُمْ، إِلَّا حَرَّمَ اللهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ»
“Мусулмандарга жетекчилик кылган бир башкаруучу аларды алдаган абалда өлсө, Аллах ага Жаннатты арам кылат” (Бухари, Муслим).
Мусулман адамга кайдыгерлик же бузук ишке унчукпай коюу жарашпайт. Мурда Түштүк Судандын бөлүнүшүнө дал ушундай кайдыгер мамиле себеп болгон.
Пайгамбар ﷺ дагы мындай деп айткан:
«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عَذَاباً مِنْ عِنْدِهِ، ثُمَّ لَتَدْعُنَّهُ فَلَا يَسْتَجِيبُ لَكُمْ»
“Жаным колунда болгон Аллахка ант болсун! Силер жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарбасаңар, Аллах силерге Өз азабын жөнөтөт. Анан силер дуба кылганыңарда, ал дубаңар кабыл кылынбайт.”
Ошондуктан, Аллахка болгон такыбалыгыңарды көрсөтүп, өлкөңөрдүн колуңардан чыгып кетишине жол бербегиле! Силер анык күбө болуп туруп, мекениңердин бөлүнүшүнө жол койбогула!
Роя гезити
Хасбуллах ан-Нур