Кытайдын Кыргызтандагы таасири артып барууда

663
0

Кытайдын Кыргызтандагы таасири артып барууда

Акыркы он жылдыкта Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу өтө активдүүлүк менен өнүктү. Кыргызстан Кытайдын батыш бөлүгү менен чектешкендиктен стратегиялык мааниге ээ. Себеби Кытай «Бир алкак, бир жол» долбоору алкагында Орто Азия аркылуу Батышка соода жолдорун ачууга жана өлкөбүздөгү сырьёго кызыктар. Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшүнө айланганы ачык-айкын байкалып турат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2023-жылы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 15,7 млрд долларга жеткен, анын 12,4 млрд доллары импортко, 3,3 млрд доллары экспортко туура келет. Ал эми Кыргызстандын Кытай менен болгон соодасынын жалпы көлөмү 5,4 млрд долларды түзүп, тышкы соода жүгүртүүсүнүн 34,4 %ын камтыды. Кыргызстан Кытайга 80,4 млн доллар көлөмүндө экспорт кылып, ошол эле маалда 5,3 млрд доллар импорт кылган. Бул көлөм дээрлик Кытай менен болгон жалпы соодага барабар. Көрүнүп тургандай, экспорт менен импортто айырмачылык өтө чоң.

Учурда Кыргызстандын тышкы карызы 6 млрд доллардан ашты. Тышкы карыздын чоң бөлүгү Кытайдын банкына таандык. Тагыраак айтканда, Кыргызстан Кытайга 1,7 млрд доллар карыз. Кытайга төлөнчү карыз жылдан жылга көбөйүп бара жатат. Маселен, 2007-жылы Кыргызстан Кытайга болгону 8,5 млн доллар карыз болсо, учурга келип бул сумма 1,7 млрд долларга жетти.

Өлкөбүздө 300дөн ашуун Кытай ишканалары иштейт, андан тышкары 200гө жакын кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Ал эми тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытайларга таандык.

Көрүнүп тургандай бир тараптан Кытайга карызыбыз улам көбөйүп жатса, экинчи тараптан кен-байлыктарыбызды талап-тоноп жаткан ишканалардын көпчүлүгү Кытайга тиешелүү. Өлкөбүзгө кредит катары келген карыздардын көпчүлүгү кайра эле Кытайга кетет. Анын мисалын өлкөбүздөгү эки ири долбоордон көрө алабыз. Кытайдын банкынан Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоого 386 млн доллар, ал эми “Датка-Кемин” линиясын курууга 389 млн доллар кредит алынган. Бул эки ири долбоорду Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган. Башкача айтканда, Кытайдан кредит алдык, аны кайра эле өзүнө бердик, бирок карыз мойнубузда калды. Мына ушундай схемалар менен Кытай бир ок менен эки коёнду атып бизди карызга батырууда.

Тоо-кен тармагындагы абал да жакшы эмес. Жогоруда айтылгандай тоо-кен иштетүүчү ишканалардын 80 %ы кытайларга таандык. Кытай ишканалары ишмердиги жөнүндө эч кандай отчёт беришпейт, мындан улам канча көлөмдө кен казып жатышканы, канчасын өлкөдөн алып чыгып жатышканы да белгисиз. Ал арада Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ишке ашканы турат. Бул темир жолдун курулушу Кытайдын кызыкчылыгына кызмат кылат. Бул темир жол Кытай товаларын сыртка алып чыгууну жеңилдетсе, ошол эле учурда кен байлактарыбызды оңой ташып кетүүсүнө да жол ачат. Андан тышкары, бул долбоорго 8 млрд доллар каражат сарпталары айтылууда. Мында Кыргызстандын үлүшү канча болору белгисиз. Кандай болгон күндө да бул сумма миллиарддарды чапчышы анык. Президент Садыр Жапаров карыздын көбөйүп кетүүсүнөн кооптонбогула, эми кредиттер максаттуу пайдаланылат деп кыйыткан эле. Андыктан, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргызстан Кытайдан карыз алып калары ыктымалдан алыс эмес.

Кыскасы, Кытай Кыргызстанда колониялык экспансиясын күчөтүүдө. Ал эми бийликтин кыянатчыл саясаты бул колонизаторлукка жакшы өбөлгө түзүп берүүдө. Жапаров былтыр Кытай-Борбор Азия форумунда эки өлкөнүн мамилеси тарыхта болуп көрбөгөндөй эң жакшы абалда деп билдирген. Демек бийлик Кытай менен кызматташууну улантат, а түгүл мамилелер мындан да күчөшү мүмкүн. Бирок биз бул кызматташуу кандай жаман акыбеттерге алып келгенин көрдүк. Жогорудагы фактылар муну ырастап турат.

Негизи бул жаңы доордун колонизаторлугуна капитализм жол ачып берүүдө. Капиталисттер инвестиция, глобализм, кредит деген нерселер аркылуу өлкөлөрдүн кен-байлыктарын талап-тоношот, катардагы адамдардын бул байлыктардан пайдалануусуна жол беришпейт. Ошентип, элдин кен-байлыгы бир ууч адамдардын колуна чогулуп калат. Андыктан мындай колониялдык саясатка жол бербөөбүз кажет. Ал үчүн Исламды жакшы үйрөнүп, бекем кармап, анын негизинде биригүүбүз керек. Бир гана Ислам бизди бул колонизаторлуктан, кулчулуктан, туңгуюктан алып чыгат. Себеби Исламдын экономика, саясат, башкаруу, жана башка тармактагы өкүмдөрү инсан проблемаларын чечүүгө, коомго бакубатчылык, бейпилдик алып келүүнү кепилдеп берет.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here