Темир жол долбоору Кытайдын аймактагы таасирин арттырат

2267
0

Темир жол долбоору Кытайдын аймактагы таасирин арттырат

6-июнда Бээжинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча макулдашууга кол коюлду. Президент Садыр Жапаров буга байланыштуу видео кайрылуусунда үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин темир жолдун жалпы узундугу 311 чакырымды түзөөрү жана болжолдуу наркы 4,7 млрд доллар экени айтылган. Бул долбоор ишке ашса үч өлкөнүн Жакынкы Чыгышка, Түштүк Европага жетчү жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.

20 жылдан бери талкууланып келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча үч тараптуу кызматташууга 2022-жылы Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюлган.

Темир жол жүк ташууда арзандыгы боюнча дүйнөдө суу транспортунан кийинки орунда турган стратегиялык маанилүү багыт болуп эсептелет. Жогорудан маалым болгондой, темир жолдун курулушу менен Кытайдын аймактагы таасири дагы да артышы талашсыз. Буга чейин темир жол долбоору Россиянын региондогу кызыкчылыктарына тескери келгени себептүү ишке ашпай турган. Учурда ал Украина баткагына батып, Борбор Азия үстүндөгү таасирин Кытай менен бөлүшүүгө мажбур абалда. Кытай ушул долбоор менен эле чектелбестен, региондо мамлекеттер менен соода хабдарын куруу аркылуу экономикалык экспансиясын ого бетер күчөтүүгө аракет кылууда.

Ал эми, Кытайга Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу газ жана нефть түтүктөрү жаткырылышы, түркмөн жана өзбек газдарынын салмактуу үлүшү Кытайга өтүп жатканы Россиянын кызыкчылыктары бул өлкөлөрдө алсырап бара жаткандыгын көрсөтүп турат.

Демек, аталган темир жол долбоору Өзбекстан жана Кыргызстанга экономикалык кызыкчылык үчүн керек болсо, Кытайдын буга кошумча стратегиялык жана саясий кызыкчылыктары бар. Тагыраагы, аймактагы өлкөлөрдү экспансия кылуу менен кен-байлык жана чийки сырьелоруна ээ болууну, өз товарлары үчүн жаңы базарларды ачууну каалайт.

Негизи бул долбоор региондогу мамлекеттерге жана элдерге пайдалуу болушу үчүн аны ушул мамлекеттердин өздөрү курушу керек жана темир жолго бир да колонизатор мамлекеттин финансылык же башка жактан таасир өткөрүшүнө жол берилбеши керек. Себеби, колонизатор мамлекеттер мусулман өлкөлөрдү өкүмзордук менен өз таасири астына алууну гана каалайт.

Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия мамлекеттери Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек. Бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.
Ал эми, Борбор Азиядагы мусулмандар Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биригүүлөрү зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here