Сабак берүү адеби

1729
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Сабак берүү адеби

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

نْ شَقِيقٍ قَالَ كُنَّا جُلُوسًا عِنْدَ بَابِ عَبْدِ اللَّهِ نَنْتَظِرُهُ فَمَرَّ بِنَا يَزِيدُ بْنُ مُعَاوِيَةَ النَّخَعِيُّ فَقُلْنَا أَعْلِمْهُ بِمَكَانِنَا فَدَخَلَ عَلَيْهِ فَلَمْ يَلْبَثْ أَنْ خَرَجَ عَلَيْنَا عَبْدُ اللَّهِ فَقَالَ إِنِّي أُخْبَرُ بِمَكَانِكُمْ فَمَا يَمْنَعُنِي أَنْ أَخْرُجَ إِلَيْكُمْ إِلَّا كَرَاهِيَةُ أَنْ أُمِلَّكُمْ إِنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَتَخَوَّلُنَا بِالْمَوْعِظَةِ فِي الْأَيَّامِ مَخَافَةَ السَّآمَةِ عَلَيْنَا” متفق عليه

Шакик риваят кылат: “Биз Абдулланын эшигинин алдында аны күтүп отурганбыз. Йазид бин Муавия ан-Нахьий биздин жаныбыздан өтүп баратканда, “Биздин кайда экенибизди ага айтып кой” дедик. Ал ага кирип кетти. Көп өтпөстөн Абдулла бизге чыгып айтты: “Мен силердин кайда турганыңардан кабардармын. Бирок менин силерге чыгуума бир гана нерсе тоскоол болуп жатат. Мен силерди тажатып жиберүүнү жактырбайм. Анкени, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бизди тажатып жиберүүдөн коркуп, бизге баяндарды айтууну кийинки күндөргө калтырууга убакыт берчү” (Муттафакун алайх).

Шарх ан-Нававиде Анын (с.а.в) “ас-саамах” деген сөзү созулма “аа” менен айтылып, ал зеригүү, тажоо дегенди билдирет. Анын (с.а.в) “Мен силерди тажатып жиберүүдөн” деген сөзүнүн мааниси: “Мен силерди зериктирип жиберем” деген мааниде. Анын  (с.а.в) “убакыт берчү” деген сөзү көптөгөн мааниде чечмеленген. Алардын айрымдары ушулар: Казы айтат: “Бизди жакшыртат, таң калтырат”. Абу Убайд айтты: “Ал бизди эркелетет”, “Ал бизди инсан өз шериктерине жакшылык кылгандай кармап турат”.  Абу Амрдан башкалары «ха» тамгасын сөз жасоо үчүн колдонушкан. Амр айтты: “Бул бош таштап коюу”, – деген мааниде, алардын шартын жана шайдоот болгон учурларына баян хутба айтууну калтырууну билдирет.

Демек, бул хадис Хутба айтууда абайлоону, андан жүрөктөр тажап, хутба максатына жетпей калбоо маанисин билдирет.

Ибн Хажар “Фатх”та бул хадисти чечмелеп, Ал-Хаттабий айткан: “Мындан максат аларга хутба кылып насаат айтууда убакытты эске алып, зериктирүүдөн коркуп күн сайын кылчу эмес. Кээ бирлери бош калтыруу маанисин бере турган “Ха” менен риваят кылышкан. Мындан максат – алардын хутба угуулары үчүн шайдоот болгон убактыларын эске алып, аларга даават айтууда, тажап калбасын деп ашыкча бербегени”.

Анын (с.а.в) “бизге оор келүүнү жаман көрүп” деген сөзү, тажап, зеригип бизге кыйынчылык келет деп кооптонууну билдирет. Бул Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын сахабаларына болгон боорукердигин жана алардын таалим-тарбиясына жана түшүнүктөрүнө жетүү жөндөмдүүлүгүн чагылдырып, алар андан тажагандыктан же зерикендиктен эмес, активдүү шайдоот түрдө үйрөнүшү үчүн кам көргөндүгүн билдирет. Мындан үлгү алуу зарыл. Анткени, акырындык менен окутуу, кыйнап жана тажатып үйрөткөнгө караганда, туруктуу таалим алууга жетүүгө жеңилирээк жана ыңгайлуу жол. Мында Ибн Масуд айткандай, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)ды сөз жана иш менен ээрчип, аны карманууда  фазилет бар.

Урматтуу бир туугандар, мугалим адамдарды зериктирбеш үчүн окутууда аларга мүмкүнчүлүк убакыт берип окутуусу адептин бир бөлүгү. Сүйлөгөн сөзү жөнөкөй, кеңири, чечен болушу үчүн ал өз сөзүндө кыска нуска сүйлөшү керек. Ашыкча сүйлөө зериктирүүгө алып келет. Болгондо да, бул ийгиликсиздиктин, кемчиликтин жана катанын себеби.

عن ابنِ عبّاسٍ رضي اللهُ عنهما قال: «حَدِّثِ النّاسَ كُلَّ جُمُعَةٍ مَرَّةً، فَإِنْ أَكْثَرْتَ فَمَرَّتَيْنِ، فَإِنْ أَكْثَرْتَ فَثَلاثاً، ولا تَمَلَّ النّاسَ مِنْ هذا الْقُرْآنِ، ولا تَأْتِ الْقَوْمَ وَهُمْ فِيْ حَدِيثٍ فَتَقْطَعَ عَلَيْهِمْ حَدِيثَهُمْ فَتَمَلَّهُمْ، وَلَكِنْ أَنْصِتْ فَإِذا أَمَرُوكَ فَحَدِّثْهُمْ وَهُمْ يَشْتَهُونَهُ، وَإِيّاكَ وَالسَّجْعَ فِيْ الدُّعاءِ، فَإِنّيْ عَهِدْتُ رَسُولَ اللهِ r وَأَصْحابَهُ لا يَفْعَلُونَهُ»رواهُ البُخاريّ.

Ибн Аббастын риваятына ылайык, Аллах экөөнө тең ыраазы болсун айтты: “Адамдарга ар жума бир жолу сүйлө, эгер көп кылсаң эки жолу, көп кылсаң үч жолу айт жана адамдарды бул Курандан чарчатпа. Адамдар  сүйлөшүп турганда аларга келип, алардын маегин үзүп, тажатып жибербе. Бирок аларды ук, эгер алар сүйлө дешсе, алар каалагандай сүйлө. Маанисиз кайталанма дубадан сактан. Мен Пайгамбар (с.а.в)дын жана анын сахабаларынын бул нерсени (маанисиз дуба) кылбагандыктарына күбө болдум” (Бухари риваяты).

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге  Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1445-х 29-Зул Каада.

2024-ж 6-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here