Курмандык тууралуу суроолорго жооптору

2354
0

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Суроо жооп

Хизб-ут-Тахрир амири, улуу аалым Ато бин Халил Абу Руштанын  Курмандык тууралуу суроолорго жооптору

  1. Зыяратчынын таш ата турган учуру.
  2. Семиз торпокторду курмандыкка чалуу.
  3. Канаттууларды курмандыкка чалуунун өкүмү.

Биринчи суроо:

Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баракатуху. Саламатсызбы урматтуу амирибиз? Жараткандан жакшылык тилеп, фатх эшиктерин ачып, сизге жакшылыктарды тартуулоосун суранам… Аамиин. Кудай буйруса быйыл ажылыкка барууга ниетим бар, Жамаратта шайтан алейхи наалага таш атуу боюнча суроом бар. Түн ортосуна чейин биринчи жолу таш атып, ошол жерде калып, түн жарымынан кийин экинчи жолу таш аткандар  бар. Менин оюмча, бул туура эмес. Ошондуктан, ажылык кылуучу ошол күнү күн батканга чейин таш атып, анан күн баткандан кийин экинчи жолу таш атуу керек деп ойлойм, бул туурабы? Аллах ыраазы болсун, кадамынызды акыйкатка багыттасын.

Жооп:

Уа алайкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху.

Биринчиден, Жараткан Алладан жолуңузду жеңил кылуусун жана кабыл болгон ажылыкты жазуусун, ал аркылуу Аллах Таала сизди кечирүүсүн тилейм. Ажылыкка баруудан мурда анын жоболорун жакшылап үйрөнүүңүздү сизге насаат кылам. Ажылыктын өкүмдөрү тууралуу кеп кылынган көптөгөн китептер бар жана кээ бир аалымдар тарабынан ажылык жана анын өкүмдөрү тууралуу кеңири сабактар ​​жана түшүндүрмөлөр, сүрөттөөлөр менен коштолгон. Ажылык учурунда дагы адистерге кайрылып, сизди эмне түйшөлтүп жатканын сурасаңыз болот, алар ал жакта көп…

Сурооңузга жооп:

  1. Зул-хижжа айынын онунчу күнү Курман айт күнү таш ыргытуу Айттын биринчи күнү. Ошондой эле бул ташрик күндөрүндө б.а. Зул-Хижжанын он биринчи, он экинчи жана он үчүнчү күндөрүндө да болот. Тагыраагы айттын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү күндөрү. Зул-хижжа айынын он үчүнчү күнү, айттын төртүнчү күнү шайтан алейхи нааланы таш бараңга алууга шашылбагандар үчүн. Ал эми, шашып жаткандар үчүн шайтан алейхи нааланы таш бараңга алуу айт күнү жана андан кийинки эки күн, тагыраагы, зул-хижжанын он биринчи жана он экинчи күнү болгон ташрик күндөрү жасалат…
  2. Ал эми, таш бараңга алуунун башталышы жана аягы тууралуу эң ыктымалдуу пикир (башка пикирлер да бар) төмөнкүдөй:

А) Ыргытуунун башталышы:

Айт күнү Чоң Жамратул-Акабада жети таш менен гана таш бараңга алынат жана башка таш ыргытылбайт. Аны ыргытуунун эң жакшы учуру –  Пайгамбар (с.а.в.)ды туурап Курмандык күнү эртең менен кылынат. Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” Жабирден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат. Ал айтты:

«رَمَى النَّبِيُّ  يَوْمَ النَّحْرِ ضُحًى وَرَمَى بَعْدَ ذَلِكَ بَعْدَ الزَّوَال

“Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) курмандык күнү эртең менен таш бараңга алган, ал эми кийинкисин түштөн кийин кылган”.

وفي رواية مسلم: «رَمَى رَسُولُ اللهِ ﷺ الْجَمْرَةَ يَوْمَ النَّحْرِ ضُحًى وَأَمَّا بَعْدُ فَإِذَا زَالَتْ الشَّمْسُ

Муслимдин риваятында, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Курмандык күнү Жамаратта эртең менен таш ыргыткан, кийинкисин күн оогондон кийин аткан.

ولما رواه الترمذي في سننه عَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ «أَنَّ النَّبِيَّ ﷺ قَدَّمَ ضَعَفَةَ أَهْلِهِ وَقَالَ لَا تَرْمُوا الْجَمْرَةَ حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ

Тирмизи өзүнүн “Сунанында” Ибн Аббастан риваят кылат: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) үй-бүлөсүнүн алсыздарын алдыга өткөрүп: “Күн чыкканга чейин Жамаратта таш атпагыла”, – деди. Абу Иса Ибн Аббастын хадисин хасан сахих хадис деген.

Ал эми, үч ташрик күндөрүндө таш бараңга алуу түштөн кийин башталышы тууралуу менин үстөм пикирим төмөнкүчө:

Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” Жабирден (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтты:

«رَمَى النَّبِيُّ  يَوْمَ النَّحْرِ ضُحًى وَرَمَى بَعْدَ ذَلِكَ بَعْدَ الزَّوَال

“Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) курмандык күнү эртең менен таш ыргыткан, ал эми кийинкисин түштөн кийин ыргыткан”.

وفي رواية مسلم: «رَمَى رَسُولُ اللهِ ﷺ الْجَمْرَةَ يَوْمَ النَّحْرِ ضُحًى وَأَمَّا بَعْدُ فَإِذَا زَالَتْ الشَّمْسُ

Муслимдин риваятында, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Курмандык күнү Жамаратта эртең менен таш бараңга алды, андан кийин күн оогондон кийин ыргытты” деп келген.

وقد روى أبو داود في سننه عَنْ عَائِشَةَ قَالَتْ: «أَفَاضَ رَسُولُ اللهِ ﷺ مِنْ آخِرِ يَوْمِهِ حِينَ صَلَّى الظُّهْرَ ثُمَّ رَجَعَ إِلَى مِنًى فَمَكَثَ بِهَا لَيَالِيَ أَيَّامِ التَّشْرِيقِ يَرْمِي الْجَمْرَةَ إِذَا زَالَتْ الشَّمْسُ كُلُّ جَمْرَةٍ بِسَبْعِ حَصَيَاتٍ يُكَبِّرُ مَعَ كُلِّ حَصَاةٍ وَيَقِفُ عِنْدَ الْأُولَى وَالثَّانِيَةِ فَيُطِيلُ الْقِيَامَ وَيَتَضَرَّعُ وَيَرْمِي الثَّالِثَةَ وَلَا يَقِفُ عِنْدَهَا

Абу Дауд “Сунанында” Айша энебизден риваят кылган хадисте: “Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) зыярат тавафын кылып келгенден кийин күндүн акыркы жагында бешим намазын окуду. Анан Минага кайтып келип, ошол жерде калып ташрик күндөрүн түнүн да ошол жерде өткөрдү. Күн түштөн оогондон кийин ар бир жамаратта жети таш ыргытып ар бир ыргытканда Аллооху акбар деп такбир айтып ыргытты. Биринчи таш ыргытуу менен экинчи таш ыргыткандын ортосунда узак кыямда (тик туруп) туруп Аллахка жалбарып дуба кылды. Үчүнчү жолу таш ыргыткандан кийин кыямга турган жок”. Ибн Кудаманын “Аль-Мугни”синде (3/399) таш атуу  күнү түшкө чейин жана түштөн кийин экендиги тууралуу “Ташрик күндөр таш атуу бөлүмүндө” айтылган (2569-бөлүм).

“Ташрик күндөрү түштөн кийин гана таш атылат, түшкө чейин таш атса ал кайрадан таш атуусу керек. Муну Ибн Умар риваят кылган. Муну Малик, Саврий, Шафиъий, Исхак жана пикир ээлери айтышкан. Хасан жана Атадан риваят кылынган: Исхак менен пикир ээлери жолго чыга турган  күнү түшкө чейин таш атууга уруксат беришкен жана түштөн кийин жолго чыгууга уруксат беришкен…

Биздин оюбузча, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) түштөн кийин гана жамаратта таш аткан. Айша энебиздин сөзү боюнча, Күн оогондон кийин Жамаратты таш бараңга алган. Жабир Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ажылыгын сыпаттап мындай деди: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Курман айт күнү эртең менен Жамаратта  таш атканын көрдүм, андан кийин ал  түштөн кийин таш атканын көрдүм”. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «خُذُوا عَنِّي مَنَاسِكَكُمْ» “Менден ырым-жырымыңарды (ажылыктын эреже тартибин) алгыла”. Ибн Умар айтты: “Биз бир аз күтчүбүз, күн түш оогондо таш ыргытчубуз.  Түштөн кийин каалаган убакта таш ыргытса болот, бирок түш оогондон кийин дароо таш ыргытуу мустахаб”. Ибн Умар айткандай эле Ибн Аббас айтты: “Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) түш оогондо Жамаратта таш ыргытат эле, ыргытып бүткөндө бешим намазын окучу”. Ибн Маажа риваят кылган. Аягы.

Б) Таш  Ыргытуу убактысынын бүтүшүнө келсек, эң ыктымалдуу пикир төмөнкүдөй:

Жамаратул-Акабаны таш бараңга алуу убактысы Курмандык күнүнөн (айттын биринчи күнү) баштап, айттын экинчи күнү таң атканга чейин созулат. Анткени, Пайгамбар (с.а.в.) түн ичинде таш бараңга алууну да макулдаган. Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” Ибн Аббастын (Аллах алардан ыраазы болсун) риваятында, мындай деп айткан:

كَانَ النَّبِيُّ ﷺ يُسْأَلُ يَوْمَ النَّحْرِ بِمِنًى فَيَقُولُ: «لَا حَرَجَ» فَسَأَلَهُ رَجُلٌ فَقَالَ حَلَقْتُ قَبْلَ أَنْ أَذْبَحَ قَالَ: «اذْبَحْ وَلَا حَرَجَ» وَقَالَ رَمَيْتُ بَعْدَ مَا أَمْسَيْتُ فَقَالَ: «لَا حَرَجَ».

“Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дан минадагы курмандык күнү тууралуу сурашканда, ал: “Эч кандай зыяны жок”, – деди. Бир адам: “Мен курмандык чалуудан  мурун чачымды кырдым”, – деди. “Сойо бер, зыяны жок” – деди. Дагы айтты: “мен кечинде таш ыргыттым”. Ага:  “эч зыяны жок”, – деп  жооп берди.

Ушул сыяктуу эле, Ат-Табарани “Аль-Муъжам аль-Кабирде” Атадан, Ибн Аббастан риваят кылган хадисте Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) койчуларга түндө таш атууга уруксат берген. Ал эми түн таңдын атышы менен бүтөт. Ал эми ташрик күндөрүндө таш бараңга алуунун акыркы убактысына келсек, бул, биз жогоруда жана Аль-Бухари “Сахихинде” риваят кылгандай, кийинки күндүн (айттын экинчи күнүнүн) таңы.

В) Мындан башкасы шашкандар үчүн айттын үчүнчү күнү истисна болот. Демек, айттын үчүнчү күнү күн батып төртүнчү күнгө өтүп кеткенге чейин шашкандар үчүн таш бараңга алуунун акыркы убактысы күн батканга чейин болот.  Эгер шашкан адам ал дагы эле Минада турганда төртүнчү күнгө кирсе жана андан ал чыгып кете элек болсо, анда ал Минада төртүнчү күнгө чейин калышы керек. Айттын төртүнчү күнү да кирбейт, анткени таш бараңга алуунун акыркы күнү күн батканга чейин болот.

Жогорудагылардан маалым болгондой, сурооңузда айтылган нерсе туура келбейт:

А) Сиз айтып жатасыз: “түн ортосуна чейин биринчи жолу таш атып, ошол жерде калып, түн жарымынан кийин экинчи жолу таш аткандар бар. Менин оюмча, бул туура эмес. Ошондуктан ажылык кылуучу ошол күнү күн батканга чейин таш атып, анан күн баткандан кийин экинчи жолу таш атуу керек” деп. Мында, ташрик күндөрүндө таш бараңга алуу дегениңиз ачык көрүнүп турат.  Сиздин оюңузча, биринчи сүрөттөлүш, ташриктин биринчи күнү, тагыраагы, Зул-Хижжанын он биринчи күнү түн жарымына чейин таш ыргытат. Бул ыргытуу туура. Ал эми, Зул-хижжанын он биринчи күнү түн жарымынан кийин таш бараңга алуу туура эмес. Анткени Зуль-хижжанын он экинчи күнү түшкө чейин болуп калды… жана ташриктин башка  күндөрү ушундай болду .

Б)  сиздин оюуңуз боюнча экинчи сүрөттөлүш, ал Зул-Хижжанын он биринчи күнү. Ташрик күндөрүнүн биринчи күнү күн батар алдында таш ырыгытылат, бул туура ыргытуу. Ал эми зул-хижжанын он биринчи күнү күн баткандан кийин таш бараңга алуу туура эмес. Анткени зул-хижжанын он экинчи күнү түшкө чейинки убакыт болуп калды… Ташриктин калган күндөрү да ушундай болду.

Демек, курмандык күнү жана ташрик күндөрү таш ыргытуунун акыркы убактысы жогоруда (2-б) пунктунда түшүндүрүлгөндөй аткарылат. Ушуну менен маселе түшүнүктүү болду деп үмүттөнөм.

Экинчи суроо: Бордоп семиртилген торпокторду курмандыкка чалуу.

Урматтуу амирибиз, сизге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун. Менин суроом: “Бордоп семиртилген торпоктор эки жашка чыга элек болсо курмандыкка чалса болобу?

Уа алайкум ассалам уа рахматулоохи уа баракаатуху.

Биринчи: Курмандык ибадат болуп саналат жана Аллахтын Элчиси, (саллаллаху алейхи уа саллам) анын шарттарын жана өкүмдөрүн түшүндүрүп берген. Курмандык чалуу шарттарынын арасында анын жашы да бар. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деди:

«لَا تَذْبَحُوا إِلَّا مُسِنَّةً، إِلَّا أَنْ يَعْسُرَ عَلَيْكُمْ، فَتَذْبَحُوا جَذَعَةً مِنَ الضَّأْنِ» رواه مسلم،

“Эки жашка жетпеген уйду курбандыкка чалбагыла, эгер силерге  кыйынчылык жаратса, алты айлык жаш койду курбандык чалгыла”. (Муслим риваяты).

Эки жашка чейинки уйлар семиз жана эттүү болсо, уйларды курмандыкка чалуу туура болот деген аалымдардын пикири туура эмес. Бул доордо саналуу гана фатвачылар эки жашка толо элек уйлар семиз жана эттери көп болсо курмандыкка чалууга болорун айтышкан. Бирок, алардын фатвалары далилдерге карама-каршы келет. Себеби, эки жашка чейинки уйдун союлбашы тууралуу өкүм мурунку салих мужтахид аалымдардын сөздөрү менен бекемделген.

Шарьий  нисабдар жана өлчөмдөр иллеттенбейт. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын хадисинде ачык-айкын: «لَا تَذْبَحُوا إِلَّا مُسِنَّةً»  “эки жашка толгон гана уйду сойгула” делди. Мындай уй эки жашка чыгып, үчүнчү жылга кирген уйду билдирет. Бул жерде тыюу катъий тыюу болуп саналат. Катъий тыюунун каринасы  текстте ачык-айкын көрүнүп турат. Ал эми, кудуретсиз адамга алты айлык койду курбандык чалууга уруксат. Курмандык чалуу ибадат болуп саналат жана башка ибадаттар сыяктуу, шариятта көрсөтүлгөн шарттарга жана себептерге ылайык жасалат. Курмандык  ал шарттарга ылайык гана жүрөт.

Экинчи: Түшүнүктөр китебинен, 34-б.

“Ислам түзүмүндө ибадат, адеп-ахлак, тамак-аш, кийим-кече, соода-сатык жана жазаларга байланыштуу шарьий өкүмдөр бар. Ибадаттарга, адеп-ахлакка, тамак-ашка, кийим-кечеге байланыштуу өкүмдөр иллетенбейт. Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: «حُرِّمَتِ الْخَمْرَةُ لِعَيْنِهَا» “Хамр (арак) арак болгондугу үчүн арам кылынды”. Ал эми, алакалар жана жазалар менен байланышкан шарьий өкүмдөр иллеттенет. Анткени, булар боюнча шарий өкүмдүн келип чыгуусу ага түрткү болгон иллетке негизделген. Көптөгөн адамдар бардык өкүмдөрдү пайдага ылайыктуу кылуу үчүн иллетөөгө көнүшкөн. Батыштын пикирий лидерлиги жана батыш цивилизациясынын таасири астында таза пайда бардык аракеттердин негизине айланды. Бул рухту бардык амалдардын негизи кылган жана аны материя менен аралаштыруу аркылуу амалардарды башкарууну камсыз кылган Исламий пикирий жетекчиликке карама-каршы келет. Демек, ибадаттарга, адеп-ахлакка, тамак-ашка, кийим-кечеге байланыштуу шарьий өкүмдөр мутлак түрдө иллеттенбейт. Анткени, бул өкүмдөрдүн эч кандай иллети жок. Тескерисинче, алар шарьий насста кандай айтылса ошондой алынат, эч кандай иллетке негизделбейт, Намаз, орозо, ажылык, зекет, намаздын кантип окулушу, анын рекеттеринин саны, ажылыктын эреже тартиптери, зекеттин нисабы (үлүштөрү), жана ушул сыяктуулар  насста  кандай айтылса ошондой кабыл алынат. Анын иллети изделбейт, моюн сунуп кабыл алынат. Балким бул шарьий өкүмдөрдө такыр эле иллет изделбейт.

Демек,  курмандыкка чалына турган уй өтө семизби же кичине же чоңбу айырмасы жок анын жашы эске алынат. Себеби, шарьий насста иллеттенбестен аны жашы  айтылган…

Үчүнчү суроо: Канаттууларды курмандыкка чалуунун өкүмү.

Ассаламу алейкум. Билал (р.а)нун корозду курмандыкка чалуу тууралуу сөздөрү бар экени белгилүү, канаттууларды курмандыкка чалуунун өкүмү кандай?

Жооп: Ассаламу алейкум уа рахматулоохи уа баркаатуху.

Биринчи: Курмандык чалуу ибадат болуп саналат жана ал шарият далилдеринде айтылгандарга ылайык, андан четтебестен аткарылышы керек.

Тиешелүү шарьий далилдерди кармануу менен төмөнкүлөр айкын болот:

  1. Ыйык Куранда буга байланыштуу өкүмдөр Алла Тааланын сөзүндө айтылган:

﴿وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنْسَكاً لِيَذْكُرُوا اسْمَ اللهِ عَلَى مَا رَزَقَهُمْ مِنْ بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ

“Биз ар бир үммөт үчүн мал-жандыктарына Алланын атын аташ үчүн бир эреже кылдык”. 

Куртуби тафсиринде бул аятты төмөнкүчө шархтаган:

Аллах Таала айтат:

قوله تعالى: ﴿وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنسَكاً لِيَذْكُرُوا اسْمَ اللهِ عَلَى مَا رَزَقَهُم مِّن بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ فَإِلَهُكُمْ إِلَهٌ وَاحِدٌ فَلَهُ أَسْلِمُوا وَبَشِّرِ الْمُخْبِتِينَ

“Биз ар бир үммөт үчүн мал-жандыктарына Алланын атын аташ үчүн бир эреже кылдык. Силердин Кудайыңар жалгыз Кудай, ага баш ийгиле. Аллахка моюн сунуучуларды (улуу сооптор менен) сүйүнт.

Аллах Таала “Биз ар бир үммөт үчүн эреже кылып койдук” деп, курмандыктарды айткан. Эч бир үммөттүн бул ырым жырымдардан куру калбаганын ачык айтты. Б.а. ар бир момундар тобуна, эрежелер белгилегенген. Союу жана курбандык чалуу ырым-жырымдары баяндалган. Мужахид айтты: “Курмандыкты эрежеси менен сойсо, ырымын аткарды” деп айтылат. Курмандык тууралуу Алла Тааланын: ﴿أَوْ صَدَقَةٍ أَوْ نُسُكٍ﴾ “Же садака, же (ырым-жырым) курмандык” деген сөзү бар.

Азхари Аллах Тааланын: ﴿وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنسَكاً﴾  “Биз ар бир үммөт үчүн эреже кылып койдук” деген сөзүн курмандык чалынуучу жайга байланыштырган.  مَنسَكاًсөзү эки башка окулган. Асымдан башка куфалыктар аны син касрасы менен, калгандары фатха менен окушкан. Аль Фарра мындай дейт: Араб тилиндеги “مَنسَكاً “ырым” сөзү жакшылык менен жамандыктын адаттагы жайын билдирет. Ажылык ырым-жырымдары дегенде Арафатта туруу, таш ыргытуу, сафа-марва арасында чуркоо сыяктуу адамдардын ал ырымдарга кайра кайтып келишине байланыштуу маани айтылган. Ибн Арафа Аллах Тааланын: ﴿وَلِكُلِّ أُمَّةٍ جَعَلْنَا مَنسَكاً﴾  “Биз ар бир үммөт үчүн эреже кылып койдук”  сөзү тууралуу, Аллах Таалага баш ийүү жөнүндөгү мазхаб деген. Эгер алардын мазхабын карманса элинин ырым-жырымдарын карманды деп айтылат. Аль-Фарра айткандай, майрамдын ырым-жырымы. Хаж, Кутада да айтты. Аллах Тааланын бул сөзү үчүн биринчи сөз айкыныраак болуп саналат:

﴿لِيَذْكُرُوا اسْمَ اللهِ عَلَى مَا رَزَقَهُم مِّن بَهِيمَةِ الْأَنْعَامِ

“…мал-жандыктарына Алланын атын аташ үчүн бир ырым кылдык”.  Башкача айтканда, аларга ырыскы кылып берилгенди союуда. Демек, Аллах Таала сойгондо Аны зикир кылууну жана курмандыкты Ал үчүн кылууну буйруду. Анткени, ал аны ырыскы кылып берди.

Аяттын мындай чечмеленишинен курмандык чалуу ырым-жырымы мал союуга байланыштуу экени көрүнүп турат. Аятта эреже мал союу менен аткарылаары айтылды. Башкача айтканда, курмандыктын ырым-жырымында мал союу жетиштүү. Бул эреже жагынан малды курмандыкка чалууга тиешелүү.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) жана анын урматтуу сахабаларынын курмандыктары жөнүндө сөз кылынган бардык шариат тексттеринде курмандыктар малдан гана болгон, мисалы:

روى البخاري في صحيحه عن أَنَس بْن مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ «كانَ النَّبِيُّ ﷺ يُضَحِّي بِكَبْشَيْنِ وَأَنَا أُضَحِّي بِكَبْشَيْنِ».

Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” Анас бин Малик (радыяллаху анху)дан риваят кылган хадисте, ал айтты: “Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) эки кочкорду курмандыкка чалчу, мен эки кочкорду курмандыкка чалчумун”.

وروى البخاري كذلك عَنْ أَنَسٍ أَنَّ رَسُولَ اللهِ ﷺ «انْكَفَأَ إِلَى كَبْشَيْنِ أَقْرَنَيْنِ أَمْلَحَيْنِ فَذَبَحَهُمَا بِيَدِهِ».

Аль-Бухари дагы Анастан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) “мүйүзү таза эки кочкордун жанына келип, аларды өз колу менен мууздаган”.

عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهَا قَالَتْ دَخَلَ عَلَيَّ رَسُولُ اللهِ ﷺ بِسَرِفَ وَأَنَا أَبْكِي فَقَالَ: «مَا لَكِ أَنُفِسْتِ؟ قُلْتُ نَعَمْ، قَالَ: إِنَّ هَذَا أَمْرٌ كَتَبَهُ اللهُ عَلَى بَنَاتِ آدَمَ فَاقْضِي مَا يَقْضِي الْحَاجُّ غَيْرَ أَنْ لَا تَطُوفِي بِالْبَيْتِ. قَالَتْ وَضَحَّى رَسُولُ اللهِ ﷺ عَنْ نِسَائِهِ بِالْبَقَر

Аль-Бухариде Айша (радыяллаху анха) риваят кылган хадисте, ал айтты:  Биз Сарафка (Меккеге жакын жер) келгенде мен айыз болуп калдым. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) мен ыйлап жатканымда  мага кирип айтты: Айыз болуп калдыңбы? Мен ооба дедим: Бул Аллахтын Адамдын кыздарына буйруган буйругу, Каабаны таваф кылуудан башка ажылыкты аткаргыла. Айша (р.а): Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) аялдарынын атынан уйларды курмандыкка чалды” – деди.

وعند مسلم في صحيحه عَنْ عَائِشَةَ أَنَّ رَسُولَ اللهِ ﷺ «أَمَرَ بِكَبْشٍ أَقْرَنَ يَطَأُ فِي سَوَادٍ وَيَبْرُكُ فِي سَوَادٍ وَيَنْظُرُ فِي سَوَادٍ فَأُتِيَ بِهِ لِيُضَحِّيَ بِهِ فَقَالَ لَهَا يَا عَائِشَةُ هَلُمِّي الْمُدْيَةَ ثُمَّ قَالَ اشْحَذِيهَا بِحَجَرٍ فَفَعَلَتْ ثُمَّ أَخَذَهَا وَأَخَذَ الْكَبْشَ فَأَضْجَعَهُ ثُمَّ ذَبَحَهُ ثُمَّ قَالَ بِاسْمِ اللهِ اللَّهُمَّ تَقَبَّلْ مِنْ مُحَمَّدٍ وَآلِ مُحَمَّدٍ وَمِنْ أُمَّةِ مُحَمَّدٍ ثُمَّ ضَحَّى بِهِ»

Ал эми Муслим өзүнүн “Сахихинде” Айша (р.а.)дан риваят кылган хадисте, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) шыйрагы, кулагы, көзү жана анын айланасы кара мүйүздүү кара кочкорду алып келүүнү буйруду. Анан ал: “Эй, Айша, бычакты алып келип, аны ташка кайра” деди. Мен аны кылдым. Анан аны менден алып Аллахтын аты менен Мухаммаддан жана Мухаммаддын үй-бүлөсүнөн жана Мухаммаддын коомунан кабыл кыл деп жерге жаткызып курмандыкка чалды”.

وروى الترمذي في سننه عَنْ عَائِشَةَ أَنَّ رَسُولَ اللهِ ﷺ قَالَ: «مَا عَمِلَ آدَمِيٌّ مِنْ عَمَلٍ يَوْمَ النَّحْرِ أَحَبَّ إِلَى اللهِ مِنْ إِهْرَاقِ الدَّمِ إِنَّهَا لَتَأْتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِقُرُونِهَا وَأَشْعَارِهَا وَأَظْلَافِهَا وَأَنَّ الدَّمَ لَيَقَعُ مِنَ اللهِ بِمَكَانٍ قَبْلَ أَنْ يَقَعَ مِنْ الْأَرْضِ فَطِيبُوا بِهَا نَفْساً

Ат-Тирмизи өзүнүн “Сунанында” Айша энебизден риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Курмандык күнү Аллах үчүн адам баласынын курмандык чалуудан да жакшыраак амалы жок. Чындыгында, ал Кыямат күнү мүйүзү, жүнү жана туягы менен келет жана анын каны жерге түшө электен мурда Аллах аны кабыл кылып сообун берет. Курмандык чалуу менен напсилериңерди жакшылагыла”.

قَالَ أَبُو عِيسَى وَيُرْوَى عَنْ رَسُولِ اللَّهِ ﷺ أَنَّهُ قَالَ «فِي الْأُضْحِيَّةِ لِصَاحِبِهَا بِكُلِّ شَعَرَةٍ حَسَنَةٌ وَيُرْوَى بِقُرُونِهَا».

Ал айтты Имран бин Хусейн менен Зайд бин Аркам Абу Исанын риваяттары боюнча ,ул хасан гариб хадис, биз аны Хишам бин Урванын хадисинен гана билебиз. Сулайман бин Язид, андан Ибн Абу Фудайк  риваят кылды. Абу Иса айтты  Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Курмандыктын ээсине анын ар бир жүнү үчүн жакшылык жазылат жана мүйүзү менен суусуну кандырылат”.

Пайгамбар, (саллаллаху алейхи уа салламдын доорунда курмандык жалаң гана малдан болгондугу ачык көрүнүп турат. Мунун баары курмандыкка малдан башка нерсенин жарабагандыгына ачык ишарат кылат.

  1. Курмандыктын шарттары, жаш курагы, тулку боюнун түгөлдүгү жана башкалар боюнча айтылган шарий далилдердин баары малга тиешелүү келген жана малдан башка жаныбарларды камтыган шарьий текст келген эмес. Мисалы:

روى مسلم في صحيحه عن جَابِرٍ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ ﷺ: «لَا تَذْبَحُوا إِلَّا مُسِنَّةً إِلَّا أَنْ يَعْسُرَ عَلَيْكُمْ فَتَذْبَحُوا جَذَعَةً مِنْ الضَّأْنِ

“Эки жашка жетпеген уйду курбандык чалбагыла эгер силерге  кыйынчылык жаратса, алты айлык жаш койду курбандык чалгыла”. Муслим риваяты.

وروى البخاري في صحيحه عَنِ الْبَرَاءِ بْنِ عَازِبٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ «ضَحَّى خَالٌ لِي يُقَالُ لَهُ أَبُو بُرْدَةَ قَبْلَ الصَّلَاةِ فَقَالَ لَهُ رَسُولُ اللهِ ﷺ: شَاتُكَ شَاةُ لَحْمٍ. فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ إِنَّ عِنْدِي دَاجِناً جَذَعَةً مِنْ الْمَعَزِ، قَالَ: اذْبَحْهَا وَلَنْ تَصْلُحَ لِغَيْرِكَ، ثُمَّ قَالَ: مَنْ ذَبَحَ قَبْلَ الصَّلَاةِ فَإِنَّمَا يَذْبَحُ لِنَفْسِهِ وَمَنْ ذَبَحَ بَعْدَ الصَّلَاةِ فَقَدْ تَمَّ نُسُكُهُ وَأَصَابَ سُنَّةَ الْمُسْلِمِينَ

Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” аль-Бараа бин Аазиб (радыяллаху анхудан) риваят кылган хадисте, ал айтты: «Абу Бурда аттуу таякем намаздын алдында курмандык чалды. Аллахтын салам-салаваты болсун, ага: “Сенин койуң жөн эле эт болуп калды” деди. Ал айтты: “Оо, Аллахтын Элчиси, менин бир жашка жетпеген чебичим бар”. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Аны курмандыкка чал, ал сенден башкага жарабайт. Ким намаздан мурун сойсо, өзү үчүн сойгон болот. Ким намаздан кийин сойсо, курмандыктын эреже тартибин аткарды жана мусулмандардын сүннөтүнө амал кылды”.

روى مسلم في صحيحه عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ قَالَ: نَحَرْنَا مَعَ رَسُولِ اللهِ ﷺ عَامَ الْحُدَيْبِيَةِ الْبَدَنَةَ عَنْ سَبْعَةٍ وَالْبَقَرَةَ عَنْ سَبْعَةٍ.

Муслим өзүнүн “Сахихинде” Жабир бин Абдулладан риваят кылган хадисте, ал айтты: “Биз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) менен Худайбия жылы жетиге (киши)  бир  төө, жетиге бир уйду курмандыкка чалдык”.

Хаким өзүнүн “Мустадрак” китебинде  курмандыктын тулку боюнун түгөлдүгүнө байланыштуу бир топ хадистерди айткан:

سمعت عبيد بن فيروز يقول: قلت للبراء رضي الله عنه حدثني عما كره أو نهى عنه رسول الله ﷺ من الأضاحي قال: «فَقَالَ رَسُولُ اللهِ ﷺ هَكَذَا بِيَدِهِ وَيَدِي أَقْصَرُ مِنْ يَدِ رَسُولِ اللهِ ﷺ: أَرْبَعٌ لَا يَجْزِينَ فِي الْأَضَاحِي: الْعَوْرَاءُ الْبَيِّنُ عَوَرُهَا، وَالْمَرِيضَةُ الْبَيِّنُ مَرَضُهَا، وَالْعَرْجَاءُ الْبَيِّنُ عَرَجُهَا، وَالْكَسِيرُ الَّتِي لَا تُنْقَى. قَالَ: قُلْتُ فَإِنِّي أَكْرَهُ أَنْ يَكُونَ نَقْصٌ فِي الْأُذُنِ وَالْقَرْنِ. قَالَ: فَمَا كَرِهْتَ فَدَعْهُ، وَلَا تُحَرِّمْهُ عَلَى غَيْرِكَ

“Мен Убайд бин Файруздун мындай деп айтканын уктум. Мен Аль-Бараага, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жаман көргөн же тыюу салган курмандыктар жөнүндө айтып бер дедим.  Ал айтты: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) колу менен мындай деди (менин колум Алланын Элчиси саллаллаху алейхи уа салламдын колунан кыскараак): Төрт кемчилиги болсо курмандык жарабайт. Кемчилиги ачык көрүнүп турган жалгыз көздүү мал, оорусу ачык көрүнүп турган оорулуу мал, аксагы ачык көрүнүп турган төкөр мал, сыныгы ачык көрүнүп турган аксак мал. Ал айтты: “Мен кулак менен мүйүздүн кемчилигин жек көрөм”, – дедим. Ал айтты: “Эмнеси жакпаса аны ташта, башкага тыюу салба”. Бул сахих хадис, бирок Сулайман ибн Абдуррахмандан келген риваяттардын аздыгынан аны риваят кылган эмес. Али ибн аль-Мадини Сулмаймандын пазилеттерин жана чеберчилигин көрсөткөн жана бул сахих хадистин сахихтигине күбө боло турган башка риваят чынжырлары менен бар. Ал муну риваят кылган эмес, анын ичинде:

عن علي رضي الله عنه أن نبي الله ﷺ «نَهَى أَنْ يُضَحِّيَ بِأَعْضَبِ الْقَرْنِ وَالْأُذُنِ

Азирети Али Аллах андан ыраазы болсун риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) “Жарым мүйүз жана кулагы жок жандыкты курмандыкка чалууну тыйган” деди. Мусаййаб: «Жарым мүчөлөр же андан көп» деп айткан.

Кутада айтты: Мен Саид бин аль-Мусайябга айттым  العضب  “аьзоб” деген эмне? Аал айтты: “Жарым же андан да көп”. Алардын ичинен: Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп айтканын уктум: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бизге көз жана кулакка кароону буйруган”.

ومنها: … أن رجلا سأل عليا رضي الله عنه عن البقرة فقال عن سبعة. قال القرن قال: العرج قال: إذا بلغت المناسك قال: وكان رسول الله ﷺ أمرنا أن نستشرف العين والأذن

“Бир киши Азирети Алиден (Аллах андан ыраазы болсун) уй тууралуу сураганда, ал: “жети киши бир уй курмандык чалса болот” деди. Сынык мүйүз тууралуу сураганда “болот” деди. Аксак тууралуу сурганда “курмандык чала турган жериңе жетип келсе курмандыкка чалсаң болот” деди. Кийин ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бизге көз жана кулакка  кароону буйруду””.

عن أبي حميد الرعيني قال: كنا جلوسا إلى عتبة بن عبد السلمي فأقبل يزيد ذو مصر المقرائي فقال لعتبة: يا أبا الوليد إنا خرجنا آنفا في التماس جدي نسك فلم نكد نجد شيئا ينقى غير أني وجدت ثرماء سمينة فقال عتبة: فلو ما جئتنا بها فقال: اللهم غفرا أتجوز عنك ولا تجوز عني؟ قال: نعم قال: ولم ذاك؟ قال: إنك تشك ولا أشك قال: ثم أخرج عتبة يده فقال: إنما نهى رسول الله ﷺ عن خمس؛ عن الموصلة والمصفرة والبخقاء والمشيعة والكسراء قال: والموصلة المستأصلة قرنها، والمصفرة المستأصلة أذنها، والبخقاء البين عورها، والمشيعة المهزولة أو المريضة التي لا تتبع الغنم]

Абу Хамид ар-Раьини риваят кылган хадисте, ал айтты: “Биз Утба бин Абдул-Суламинин жанында отурганбыз, Язид Миср аль-Макраи келип Утбага мындай деди: «Эй Абул Валид, мен курмандыкка чалганы мал издеп чыктым. Тиши түшүп калган жаныбардан башка мени кызыктырган эч нерсе таппадым.  Сиз эмне дейсиз (бул жөнүндө)? Ал айтты: Эмне үчүн аны мага алып келген жоксуң? Ал айтты: “Аллах аруу болсун,  мага адал эмес, сага адалбы? Ал айтты: Ооба, сен шектенесиң, мен  шектенбейм. Анан колун алып: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) беш нерседен гана тыйган. Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) кулагы түбүнөн жулунган малды, мүйүзү түбүнөн сынган малды, көзү көрбөй калган малды, үйүр менен бара албаган арык, алсыз малды жана буту сынган малды”.

Бул хадистердин бардыгында мал жөнүндө сөз болду, башка жаныбар жана канаттуулар жөнүндө сөз жок. Бул  Аллах Тааланын: ﴿فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَانْحَرْ﴾  “Раббиңе намаз оку жана курмандык чал” деген сөзүнүн жалпы маанисин ачыктайт.

Анда малдын жашы жана анын кээ бир кемчиликтери жок болушу талабы, бул шарттарга жооп бербеген мал курмандыкка жарабайт. Анда эч кандай малдан башка нерсеге далил жок. Анан кандай башка нерсе курбандыка чалынат? Башкача айтканда, малдан гана курмандык чалынат. Ал эми шарият талап кылган шарттар аткарылбаса, ал  мал да жарабайт. Демек  бул малдан башка эч нерсе курбандыкка кабыл алынбасын көрсөтүп турат.

Экинчи: Ибн Хазмдын малдан башканы курмандыкка чалууга уруксат берген далилине келсек, бул далил катары колдонулушу мүмкүн эмес. Анткени, Ибн Хазмдын “Мухалла” китебинде бул маселе боюнча анын далилдерин түшүндүргөн:

“Курмандык маселеси эти желген ар бир малга жайиз. Төрт аяктуу жаныбарды же канаттууларды, мисалы, жылкыны, төөнү, жапайы уйду, корозду же башка жаныбарды курмандык үчүн курмандыкка чалса болот. баарынан жакшысы – эти жакшы, мол жана кымбат болгон жаныбар.

Курмандыктар тууралуу сөзүбүздүн башында Билалдын: “Корозду курмандыкка чалсам деле баары бир”. Ибн Аббастын эки дирхамга эт сатып алып: “Бул Ибн Аббастын курмандыгы” тууралуу айттык”. Аль-Хасан бин Хаййи жети киши бир уйду курмандыкка чалуусу жана жейрен менен кайберенди бир киши курмандыка чалуусу жайиз деген.

Абу Ханифа жана анын шериктери ургаачы уйдун жапайы букадан тууганын курмандыкка чалууга уруксат беришкен. Эчки кийиктен тууганын да курбандыкка жайиз дешкен. Малик айтты: Төө, уй жана койлорго гана уруксат. Малик: курмандыкта  кой, эчки төө менен уйдан жакшыраак деген. Абу Ханифа менен Шафиъий бул маселеде аны менен келишпей, төө, андан кийин уй, анан кой, анан эчки деп билишкен. Биз бул сөзгө эч кандай далилди билбейбиз, ошондуктан аны негиз катары келтиребиз. Бирок башкалары боюнча келишпестиктер болсо да алар бул малдардын арасында анын мубах экендигинде ижмаъ айтышкан.

Алардын баары Билалдын риваяттары менен тастыкталган нерсеге каршы чыгышат. Билал (р.а) нун бул ишине Сахабалардын Аллах алардан ыраазы болсун каршы чыккандыгы айтылган эмес. Эгер алар буга макул болушса, демек бул алар үчүн далил.

Абу Мухаммад айтты: Талаш-тартыш болгон учурда айтылган нерсеге келсек, ал Аллах Тааланын нусустарына кайтарылышы керек жана биз бул сөзүбүзгө күбө болгон шарьий нусустарды таптык: Себеби, курмандык Алла Таалага жакындаш үчүн бир себеп болуп саналат. Андыктан, Куран жана сүннөттүн эч бир тексти тыюу салбаган бардык нерселер менен Аллах Таалага жакындоо  жакшы. Аллах Таала айтты.

﴿وَافْعَلُوا الْخَيْرَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ﴾

“Жакшы иштерди кылгыла, балким, ийгиликке жетесиңер”. Аллах тыйуу салбаган жакшы иштер менен ага жакындоо жайиз.

نَا يُونُسُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ مُغِيثٍ نَا أَحْمَدُ بْنُ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَبْدِ الرَّحِيمِ نَا أَحْمَدُ بْنُ خَالِدٍ نَا مُحَمَّدُ بْنُ عَبْدِ السَّلامِ الْخُشَنِيُّ نَا مُحَمَّدُ بْنُ بَشَّارٍ بُنْدَارٌ نَا صَفْوَانُ بْنُ عِيسَى نَا ابْنُ عَجْلانَ عَنْ أَبِيهِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ «مَثَلُ الْمُهَجِّرِ إلَى الْجُمُعَةِ كَمَثَلِ مَنْ يُهْدِي بَدَنَةً، ثُمَّ كَمَنْ يُهْدِي بَقَرَةً، ثُمَّ كَمَنْ يُهْدِي بَيْضَةً»

Сафван бин Исса риваятында, Ибн Ажлан, атасынан, ал Абу Хурайрадан айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты. Жумага эрте келген адамдын мисалы төөнү, андан кийин уйду, андан кийин келген жумуртканы курмандыкка чалганга окшош”.

وَرُوِّينَا مِنْ طَرِيقِ مَالِكٍ عَنْ سُمَيٍّ مَوْلَى أَبِي بَكْرٍ عَنْ أَبِي صَالِحٍ السَّمَّانِ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ “أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ ﷺ قَالَ: «مَنْ اغْتَسَلَ يَوْمَ الْجُمُعَةَ ثُمَّ رَاحَ فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَدَنَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّانِيَةِ فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَقَرَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الثَّالِثَةِ فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ كَبْشاً أَقَرْنَ، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الرَّابِعَةِ فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ دَجَاجَةً، وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الْخَامِسَةِ فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَيْضَةً

Бизге Абу Бакрдын кызматчысы Малик Сумайдан, ал Абу Салих ас-Саммандан, ал Абу Хурайрадан риваят кылган хадисте, Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Ким жума күнү жуунуп, анан жумага барса, төө курмандыкка чалгандай, ал эми ким экинчи саатта барса, уйду курмандыкка чалгандай болот, ал эми ким үчүнчү саатта барса ал мүйүздүү  кочкорду курмандыкка чалгандай, ким төртүнчү саатта барса, тоокту, бешинчи саатта барса, жумуртканы курмандыкка чалгандай болот”.

Бул эки кабарда тоок менен канаттуунун курмандыгы жана жумуртканын курмандыгы айтылды. Курмандык шексиз Аллахка жакындоо болуп саналат жана бул тоок менен жумурткада да өтө көп пазилет бар. Мында кедейлерге да пайда бар. Бул эки шарьий нусуска эч кандай каршы шарьий нусус жок… (Аягы)

  1. Ибн Хазмдын курмандык чалууда Аллахка жакындоону байлап ага жараша чалуу жөнүндөгү ой-пикири туура эмес. Себеби шарият анын өкүмүн жана анын кандай жаныбардан болушу керектигин тактап койгон. Шариятта айтылгандардан башка курмандык чалууга болбойт. Малдан башканы курмандыкка чалуунун жаиз эместигинин далили- шарият курмандыкка байланыштуу жалпы шаръий өкүмдү тактап, малдан башка нерсени курмандыкка чалуунун туура эмес экендигин ачык айтканы. Бул такталган милдет. Жалпы шарьий өкүмдөн четтеп кетүүгө болбойт. Ошондой эле жумага эрте келүүнүн фазилети тууралуу айткан хадисти далил келтирүүгө болбойт. Анткени, бул курмандык чалуунун эреже тартибине тиешелүү эмес. Балким Аллахка жакындоо жөнүндө сөз болуп жатат. Кандай болгон күндө да хадистин аягында жумуртка жөнүндө сөз кылынышы буга далил.

وَمَنْ رَاحَ فِي السَّاعَةِ الْخَامِسَةِ فَكَأَنَّمَا قَرَّبَ بَيْضَةً

“Ким жумага бешинчи саатта келсе, жумуртканы курмандыкка чалгандай болот”. Курмандыкка жумуртка кирбей турганы шексиз. Анткени, курмандыкта кан агышы керек. Демек, бул хадис курмандыктын өкүмдөрүн түшүндүрүү үчүн келген эмес, ошондуктан аны курмандык маселесине далил катары колдонуу жарабайт.

  1. Ал эми Билал (радыяллаху анху) риваят кылган хадистен анын тыянагына келсек, Ибн Хазм аны “Аль-Мухалланын” башка бир жеринде төмөнкүчө баяндаган:

قَالَ لِي بِلالٌ: مَا كُنْت أُبَالِي لَوْ ضَحَّيْت بِدِيكٍ، وَلأَنْ آخُذَ ثَمَنَ الأُضْحِيَّةِ فَأَتَصَدَّقَ بِهِ عَلَى مِسْكِينٍ مُقْتِرٍ فَهُوَ أَحَبُّ إلَيَّ مِنْ أَنْ أُضَحِّيَ.

Саид бин Мансурдан, Абу Аль-Ахвастан, Имран бин Муслимден, ал Жаьфий – Сувайд бин Гафладан риваят кылат, ал айтты: Билал мага айтты. “Корозду курмандыкка чалсам деле мага баары бир. Анткени  Курмандыктын баасын алып, кедей-кембагалга садака кылып берсем, бул мага курмандык чалгандан да сүйүктүү”.

Бул дагы туура эмес орунда иштетилген, анткени Билалдын сөздөрү Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын сөздөрүнөн жана иш-аракеттеринен алынган далилдерге карама-каршы келе албайт. Ушул сыяктуу эле, башка урматтуу сахабалардын малды гана курмандыкка чалышканы тууралуу айткандары да каршы келе албайт. Ошондой эле Билал (радыяллаху анху) корозду курмандыкка чалган эмес. Корозду кимдир бирөө курмандыкка чалганы да айтылган эмес. Негизи Билал (р.а)нун сөзү курмандыкка эмне жарары тууралуу да эмес.  Тескерисинче анын сөзүнөн көрүнүп тургандай;

وَلأَنْ آخُذَ ثَمَنَ الأُضْحِيَّةِ فَأَتَصَدَّقَ بِهِ عَلَى مِسْكِينٍ مُقْتِرٍ فَهُوَ أَحَبُّ إلَيَّ مِنْ أَنْ أُضَحِّيَ.

Анткени, ал курмандыктын баасын алып “кедей-кембагалга садака кылып берсем, бул мага курмандык чалгандан да сүйүктүү” деш менен курмандык чалганга караганда садака берүүнү өзүнө артык көргөндүгү көрүнүп турат.

  1. Ошондой эле, Ибн Хазм:

(وَعَنْ ابْنِ عَبَّاسٍ فِي ابْتِيَاعِهِ لَحْماً بِدِرْهَمَيْنِ وَقَالَ: هَذِهِ أُضْحِيَّةُ ابْنِ عَبَّاس

“Ибн Аббастын эки дирхамга эт сатып алып: Бул Ибн Аббастын курмандыгы” деп айтканын далил кылып кармашы. Бул туура эмес экени анык. Анткени, Ибн Аббас (радыяллаху анху)нун, кылганы ислам шариятына ылайык курмандык эмес. Курмандык союулушу керек. Ал эми,  этти базардан сатып алып таратуу шарият боюнча курмандык болуп эсептелбейт. Шарият боюнча курмандыктын ордун толтурбайт, тескерисинче, садаканын бир түрү болуп саналат.

Ушуга ылайык, канаттуулар курмандыкка чалууга жарабайт. Шарият далилдери көрсөткөн шарттарга ылайык малдан төө, уй, койду гана курмандыкка чалуу шариятка ылайык болорун чоң ишеним менен айта алабыз.

Боордошуңар Ато бин Холил абу Рашта.

1445-х 2-зул хижжа.

2024-ж 8-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here