Имамдардын жакшылары жана алардын жамандары

3585
0

Бисмиллаахи рохмаанир рохиим

Асыл хадис менен

Имамдардын жакшылары жана алардын жамандары

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Имам Муслимдин Шарх ан-Нававидеги “Сахихинде” Имамдардын жакшылары  жана алардын жамандары жөнүндөгү редакцияланган бөлүмүндө айтылган.

حَدَّثَنَا إِسْحَقُ بْنُ إِبْرَاهِيمَ الْحَنْظَلِيُّ عَنْ عَوْفِ بْنِ مَالِكٍ، عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:” خِيَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُحِبُّونَهُمْ وَيُحِبُّونَكُمْ وَيُصَلُّونَ عَلَيْكُمْ وَتُصَلُّونَ عَلَيْهِمْ، وَشِرَارُ أَئِمَّتِكُمْ الَّذِينَ تُبْغِضُونَهُمْ وَيُبْغِضُونَكُمْ وَتَلْعَنُونَهُمْ وَيَلْعَنُونَكُمْ، قِيلَ يَا رَسُولَ اللَّهِ أَفَلَا نُنَابِذُهُمْ بِالسَّيْفِ فَقَالَ لَا مَا أَقَامُوا فِيكُمْ الصَّلَاةَ، وَإِذَا رَأَيْتُمْ مِنْ وُلَاتِكُمْ شَيْئًا تَكْرَهُونَهُ فَاكْرَهُوا عَمَلَهُ وَلَا تَنْزِعُوا يَدًا مِنْ طَاعَةٍ

Исхак бин Ибрахим Аль-Ханзали бизге Авф бин Маликтен риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам  айтты): “Силердин имамдарыңардын эң жакшылары – силер аларды жакшы көргөнүңөр алар силерди жакшы көрүшкөнү Алардын силерге дуба кылышканы жана силердин аларга дуба кылганыңар. Имамдарыңардын эң жаманы – силер аларды жек көргөнүңөр жана алар силерди жек көргөнү, алардын силерге наалат айтышканы жана силердин аларга наалат айтканыңар… Оо, Алланын Элчиси, биз аларга каршы кылыч менен согушпайбызбы? – деп айтылды. Ал айтты:  Жок алар силердин араңарда намаз окуп турса. Эгер башчыларыңардан өзүңөргө жакпаган нерсени көрсөңөр, анын амалын жек көргүлө ага моюн сунуудан колуңарды тартпагыла”.

Чыгыш жана Батыштагы мусулман өлкөлөрүндө болуп жаткан окуялар уккан-көргөн адамды нес калтырат. Булар колонизаторго, чыккынчылыкка кызмат кылган, үммөткө каршы чыккан башкаруучулар болушту. Каапырлар үммөттүн наристелерин өлтүрүп, улууларын кемсинтип, аялдарын зордуктап, ыйыктыктарын тебелеп-тепсеп, мал-мүлкүн тартып алышты. Үммөттү кор кылган  мындай тизменин аягы түгөнбөйт. Анткени, үммөт ушул кордук менен бирге жашоо кечирип жатат. Бирок бул абал канчага чейин уланат? Качанкыга чейин үммөтүн кор болуусу, басынуусу уланат? Балдарыбыз жыйырма жылдан кийин бул абалды кантип окушат? Демек, учурдагы жетекчилер жогорудагы асыл хадисте айтылган каргышка татыктуулар.

Оо, Аллах Башарды, анын тобун, анын колдоочуларын жана бардык кулай турган саткын мусулман акимдердин ишин оңунан чыгарба. Үммөттү алардын жамандыктарынан арылт. Анткени алар азыркы замандын шайтандары. Оо, Аллах биз аларды жек көрүп, өлкөлөрүбүздөн жок кылуу үчүн аракет кылып жатканыбызга күбөсүң. Оо, Аллах  алардын сарайларына кирип, ийиндеринен кууп чыгууга бизге мүмкүнчүлүк бер. Бизди ондогон жылдар бою чыккынчы акимдер тарабынан кордолуп жаткан үммөттүн эзилген инсандарына колдоо көрсөткөндөрдүн катарынан кыл. Роббибиздин Улуу Китебиндеги убадасы болгон, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам)дын куш кабары болгон –  Пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалык доорун тикелөөгө мүмкүнчүлүк бер. Аларды кыйратып жок кылуу менен жаңы доордун башталышын, сыймыктануу жана даңазалуу мезгилдин тамгаларын жазууну насип кыл!

Эй мусулмандар! Бул ишти ишке ашыруу үчүн амал кылып жаткандар менен иштешүүнү токтотуп, ушул улуу жакшылыктан куру калуу менен дүйнөгө алданып калбагыла!

Урматтуу бир туугандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканча, сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

1445-х 16-Зул каада.

2024-ж 24-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here