Жарандык коом уюмдары маселеси каяктан каякка чейин

511
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Жарандык коом уюмдары маселеси каяктан каякка чейин

 Устаз Махмуд Лайсий

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир

вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Мисирде жарандык коом уюмдары боюнча он үч жыл мурун ачылган сот иши жакында Мисир режими тарабынан токтотулду. Анын токтотулушу Мисирге 12 миллиард доллар кредит берүү жөнүндөгү Европа-Мисир сүйлөшүүлөрү болуп учурга туура келди… Бул кредиттерден Мисир режимин сактап калуу көздөлгөн дей алабыз. Чамасы, бул сот ишин жабуу маселеси сүйлөшүү столуна коюлган көрүнөт же кредитти берүү үчүн себеп болушу да мүмкүн.

Бизге белгилүү болгондой, ушул жарандык бейөкмөт уюмдары Мисир режимин таптакыр кабатырга салбайт. Алар карманган пикирлери жагынан Батышка байланган… Батыш бул уюмдарды каржылайт, алар Батыш пикирлерин коомго жаюуга аракет кылышат жана ушул пикирлерге чакырышат, алардан башка пикирлерге каршы күрөшөт… Батыш пикирлерине келсек, Исламдан башкасы Батыш пикирине каршы күрөшүүгө жараксыз, Ислам гана пикирий күрөш менен аларды жеңе алат. Бул уюмдар – жакшы ниеттеби, жаман ниеттеби, билип же билбей – Ислам пикирлерине каршы тымызын күрөшүп жатышат. Башкача айтканда, бул уюмдар Батыштын колундагы куурчак болууда жана Батыш аларды каалаган тарапка колдонууда өкүмдарлардан айырмасы жок. Багытта жана кайсы мамлекетке көз каранды экенинде гана айырма бар.

Жакында жабылган уюмдардын каралып жаткан ишинен ушул нерсе байкалат – бул иш январь төңкөрүшүнөн кийин Аскерий Кеңештин доорунда ачылып, бул уюмдардын мүчөлөрү төңкөрүшкө катышканы үчүн айыпталган. Ага карабастан, сот ишине айыпталган 15 чет элдик, алардын катарында, 8 америкалык киргизилбеген. 2012-жылы Аскерий Кеңеш АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын аралашуусунан кийин чукул чыгарылган соттун токтому менен алардын Мисирден чыгып кетишине уруксат берген. Алар менен токтомду аткарган, мал-мүлктөрү алып коюлган, акыркы токтом чыгышына чейин сапарга чыгууусуна тыюу салынган башка соттолуп жаткандар ортосунда кандай айырма бар.

Жарандык уюмдардын, алардын артындагылардын да, Мисир режиминин да максат бир. Алардын максаты – Батыш түшүнүктөрүн, сакафатын жана турмуш жөнүндөгү көз караштарын Мисирге жана мисирликтерге жаюу, элди оболу демократияга моюн сунууга жана анын астында жашоого мажбурлап, андан кийин бул демократияны алардын өздүгүнө айлантуу о.э. Батыш түшүнүктөрүн адамдардын мээсине куюуга тоскоолдуп кылып жаткан Исламга жана анын пикирлерине каршы күрөшүү. Ошого карабастан, бул жерде Европага жан тарткандар менен Америкага жан тарткандар ортосунда күрөш жана Европанын аракеттери сакталып калууда. Европанын аракеттери Америка жана анын малайлары менен атаандашуу жана аларды кысып чыгаруу үчүн болуп жатат деп айта албайбыз. Бул болгону кагылышуу болуп, андан максат – Америка малайларын ачыкка чыгарып, кыйын абалга салуу жана бул аркылуу бир аз болсо да пайдага жетүү гана.

Бул уюмдар жана алар аркылуу аракет кылып жаткандар Батыштын куурчактары болуп, максаттары өтө көп: коомдук пикирди үйрөнүшөт, адамдардын сезимдерин жана багыттарын өлчөп, батыштык кожоюндарына отчёт тапшырышат, кожоюндарына мусулман өлкөлөрү жана калктарына каршы тузак коюу пландарын иштеп чыгууга жардам беришет. Т.а. бул уюмдар ушул аркылуу бир жактан өкүмдарлардын ролун өнүктүрүп беришсе, башка жактан адамдарды түзүмдүн жамандыгынан чалгытышат жана аларга кризис түзүмдүн жетекчилигинде гана деп көрсөтүшөт. Бул уюмдардын вазыйпасы – абалга карап аракет кылуу жана чөйрөдөн чыкпай пикирлөө… Т.а. адамдарды ушул чөйрөгө чектөөнү каалашат, адамдардын тандоолору Батыштын долбоорлоруна кызмат кыла турган, Мисирге өкүмдар болушуна жана калкын кул кылышына алып бара турган нерселерге чектелишин каалашат. Мамлекет бул уюмдарга тыюу салса жана аларга каршы күрөшсө, демек, аларды кайра жандантууну, ушул аркылуу адамдарды алардан белгилүү бир деңгээлде ыраазы кылууну, муну менен жаңы ыкма-каражаттар жардамында адамдарды дагы алдоону көздөгөн болот. Же болбосо бул уюмдар башка тараптарга малайлык кылып, режимдин тизгинин кармап турган кожоюндан башка кожоюнга кызмат кылып жатышкан болот. Себеби, малайлардын өз ара максаттары бир болсо да, бирок, байлыктарды талап-тоноп жаткан ири тараптар ортосундагы күрөштө айырма болот. Бирок, күрөштүн курманы кайра эле элибиз жана өлкөбүз болуп калууда.

Батыштын өлкөбүздө белгилүү бир максаттары бар жана аларга жетүү үчүн малайларга муктаж. Мисир режими да ошол малайлардын бири. Батыш аны кредиттер менен кайра жандандырууга аракет кылып жатат. Карыз режимдин жашашына жардам берет, бирок, куткарбайт, акыбетте режим ар дайым Батышка муктаж боойдон кала берет, анын кучагына кирүүнү, тапшырык жана пландарын аткарууну, Умматка каршы тил бириктирүүлөрүнө кошулууну улантат… Айрыкча, Газа жалындап, жалын качан өчүшү, жалында бул режимдердин жана эскирген кызматкерлердин кайсы бири өрттөнүшү белгисиз болуп турган азыркы учурда. Бул режимдерден тышкары жарандык коом уюмдары да бар, алар Батыштын идеяларын көтөрүп чыккан жана аларга жакшы чөйрө жараткан саясий борборду түзүшү мүмкүн же алар аркылуу саясий борбор түзүлүшү мүмкүн. Бул борбор мекенчилдик, улутчулдук жана башка ураандарды көтөрүп чыгып, ушул көз караштан келип чыгып Уммат проблемаларын үйрөнөт. Ал Фалестин маселесине баскынчыдан азат кылынышы жана ал жерден баскынчылар толук кууп чыгарылышы важиб болгон Уммат маселеси деп эмес, боордош кошуна араб мамлекетинин улуттук маселеси деп карайт. Ошондуктан, режимдердин ниети – өтмөктөрдү ачуу жана донор мамлекеттердин гуманитардык жардамдарын киргизүү, жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүү гана. Муну менен алар өздөрүн Фалестин үчүн жардам берип жаткандай көрсөтүп жатышат, адамдарды Фалестин жана анын калкы туурасында шарият фарз кылган вазыйпадан алыстатып жатышат. Шарият фарз кылган бул вазыйпа тезинен армияларды аракетке келтирүүнү, яхудий вужудун жана өлкө армиясы Фалестинди азат кылышына тоскоолдук кылып жаткан тарапты түп тамыры менен кулатууну талап кылат. Негизи, яхудий вужудун коргоп жаткан да, армиялардын аракетке келишине жана алар мубарек жерди азат кылып, анын калкына нусрат беришине тоскоолдук кылып жаткан да Мисир режими болот.

Батыштын мындай уюмдарга муктаждыгы үлкөн. Себеби, адамдардын назарын малай режимдердин былыктарынан бурууда ушул уюмдардын салымы чоң. Ошондуктан, биринчи максат – берилчү гранттар, кредиттер жана жардамдар бул уюмдагы 12 малайды чыгарып, азат кылуу жана аларга аракет кылуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө байланыштуу болду. Экинчи максат – бул уюмдарды режимдин кысымынан кадыржам кылып, Батыштын өлкөбүздөгү максат жана идеяларын ишке ашыруу үчүн коопсуз түрдө өз вазыйпаларын аткаруусуна мүмкүнчүлүк жаратуу болду.

Эми ушул суроолорду ортого салуу зарыл: өлкөбүз качанга чейин Батыштын көз алайткан, байлыктарыбызды талап-тоногон, оюндарды уюштуруп, план жана фитналарын ишке ашыра турган майданы болуп калат?! Качанга чейин Батыш үчүн дайра болуп төгүлгөн кан биздин каныбыз болот?! Уммат арасында калыс эр кишилер жокпу?! Умматта душманга жана анын пикирлерине каршы күрөшүп жеңип чыгуучу идеология жок?! Умматта жетекчилик кыла турган жана өнүгүүгө жетектей турган долбоор жокпу?!

Булардын баары Умматта бар. Колдонууга даяр алгылыктуу долбоор Ислам Умматынын колунда турат жана ал Ислам мамлекетинде т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде көөдөлөнөт. Умматтын калыс перзенттеринде аны заматта колдонууга күч-жөндөм да бар. Болгону Умматтын калыс кошуундары тарабынан калыс чыныгы нусрат зарыл болуп турат. Нусрат берүүгө эң ылайык адамдар – Кинанадагы эң тандалган кошуундар. Ушундай болгон соң, алардын арасынан Исламды колдонуу үчүн аракет кылып жаткандар менен биргеликте Исламды кайра бийликке алып чыга турган эр кишилерди качан көрөбүз?! Ушул аркылуу Ислам жана анын мамлекети жардамында Батыштын өлкөбүзгө сугунушуна чекит коюушун жана байлыктарыбызды талап-тоноп жаткан колдорду кесишин качан көрөбүз?! Аллахка ант, бул дүйнөдө күч-кубатка жана Акыретте сый-урматка жетүүнүн жолу мына ушунда. Мисирди, анын калкын жана кошуунун ушул нерсеге насиб кылышын Аллахтан сурайбыз.

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱسۡتَجِيبُواْ لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمۡ لِمَا يُحۡيِيكُمۡۖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَحُولُ بَيۡنَ ٱلۡمَرۡءِ وَقَلۡبِهِۦ وَأَنَّهُۥٓ إِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ﴾

«Эй, момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар»  [8:24]

 

Роя гезити, №490, 2024-жыл, 10-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here