Газа блокадасын бузуу керекпи же мекенчилдик бут-cанамдарын талкалоо керекпи?!

531
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Газа блокадасын бузуу керекпи же мекенчилдик бут-cанамдарын талкалоо керекпи?!

 Мухандис Висам Атраш

Акыркы кездерде «яхудий вужудунун Газа секторун жерден, деңизден жана абадан орноткон блокадасын кантип бузабыз, негизи, бул вужуд Газа калкын түрдүү ыкмалар менен массалык кыргын кылууда ашынып, бүткүл дүйнө тамаша кылуудан башка нерсеге жарабай жатат» деген суроо көпчүлүктү ойлондурууда. Айтмакчы, бул суроо мурунку Газа согуштарында да көтөрүлгөн жана адамдар жооп таба албаган. Ко-ош, яхудийлер чабуул жасоодо ар кандай чектен өтүп жатканда Уммат бул ирет кандай чечим табат?

Яхудий вужудунун пайда болуу тарыхы 1917-жылдагы «Бальфур» декларациясына т.а. кең исламий өлкөлөрдү тар зындандарга жана муунткан улуттук капастарга майдалап бөлүп салган «Сайкс-Пико» келишиминен кийинки жылдарга барып такалат. Андан кийин исламий өлкөлөрдүн башына түстүү байрактар көтөрүлүп, Расулуллах ﷺдын роясы түшүрүлдү. Адам ойлоп тапкан конституциялар иштелип чыгып, Аллахтын шарияты бекер кылынды… Мусулман адам улуттук капастан тышкарыга чыгышына виза талап кылынары менен мусулман боордошуна чет элдик болуп калды! Ошентип, улуттук байрактар ыйык символго айланды. Бул нерсе колонизаторлук өз танктарын алып чыгып кетип, исламий өлкөлөргө ал каалаган өкүлдөрүн жана малайларын аким кылып дайындагандан кийин т.а. Ислам бийлигин кулатып, Усманий Халифалыкты бекер кылуу аркылуу исламий өлкөлөрдү илманийлештиргенден жана мекенчилдик бут-санамдарын орноткондон кийин болду. Өз кезегинде бул Уммат денесине эле эмес, Фалестиндин согуп турган жүрөгүнө рак орнотуу, яхудий вужудун араб жана исламий регионго аралаштыруу жараяны башталышына чөйрө даярдады.

Согуштар жана кризистер жүз бергенде бул мекенчил өкүмдарлар адатта кошуна мамлекетте жүз берген окуяларга жат, чет мамлекеттин маселеси деп карашат. Аларга жардам берип, колдоп-кубатташпайт… Болгону жасалма, жалган ураандарды айтып, дипломатиялык каражаттарды о.э. Американын адамдарды моюн сундуруу куралы болгон эл аралык коомчулук жана Коопсуздук Кеңеши тарабынан иштелип чыккан жана жактырылган колонизаторлук чечимдерди сунушташы мүмкүн.

Акыйда жана дин байланышы жер-мекен байланышынан үстөм коюлганы үчүн бул малай өкүмдарлар Умматтын Ислам негизиндеги биримдиги улуттук биримдикти, улуттук тилектештикти о.э. мекендин бардык мыйзам-эрежелерин бутага алган фитна деп эсептешет. Акыйкатта болсо, бул өкүмдарлар колонизатор кафирдин колундагы куурчак гана болуп калбастан, ал тургай, бийликте калуу үчүн мекенин саткан кимселер болуп эсептелишет. Ал тургай, ар кандай акыл жүргүзгөн киши бул өкүмдарлар балээнин себепчилери, жыйынга жамандык үчүн гана чогула турган фитна жана мунафыктыктын башчылары деп түшүнүп калган. Аллах Субханахунун “Мунафикун” сүрөсүндөгү төмөнкү аяты ушул өкүмдарлар туурасында түшкөндөй:

﴿وَإِذَا رَأَيۡتَهُمۡ تُعۡجِبُكَ أَجۡسَامُهُمۡۖ وَإِن يَقُولُواْ تَسۡمَعۡ لِقَوۡلِهِمۡۖ كَأَنَّهُمۡ خُشُبٌ مُّسَنَّدَةٌ يَحۡسَبُونَ كُلَّ صَيۡحَةٍ عَلَيۡهِمۡۚ هُمُ ٱلۡعَدُوُّ فَٱحۡذَرۡهُمۡۚ قَٰتَلَهُمُ ٱللَّهُۖ أَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ﴾

«Качан сен аларга карасаң алардын тулку-бойлору (көрүнүштөрү, кийген кийимдери) сени таң калтырат, сүйлөгөндөрүндө болсо сөздөрүнө (жагымдуу үн, көркөм-чечендик болгону үчүн берилип) кулак саласың. (Бирок алардын дилдери ыйман менен жакшылыктан бош болгону үчүн) алар кудум (дубалга) жөлөп коюлган (чириген) жыгачтарга окшойт. Алар (жүрөксүздүктөрү себептүү) ар бир кыйкырык-үндү үстүлөрүнө (түшүп жаткан кандайдыр балээ деп) күмөн кылышат. Алар  душмандар. Демек, алардан этият болгун! Аларды Аллах наалаттайт! Алар кандай гана адашууда ээ!»                                                                                              [63:4]

Ислам тарыхында Аллах жолунда согушкан о.э. сахабалар жана фатих кол башчылардан үлгү алып, Набиюл Амин ﷺдын минхажын ээрчип өз Умматы үчүн каармандык жана жеңиштерди көрсөткөн кошуундарды бүгүнкү күнгө келип “мекенчилдик” үчүн өлүүгө т.а. Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин колонизатор тарабынан бөлүп салынган жер үчүн жан берүүгө мажбурлашууда… «Мекен үчүн жихад жана шахиддик» деген жаңы түшүнүктү пайда кылышты. Шахиддерди мекенчилдиктин бут-санамы болгон түстүү байрактар менен жерге беришүүдө… Ошентип, мекенчилдикти жамынган функционалдык режимдер Аллахка жана Расулуна садык болуунун ордуна «мекенге садык болуу» уругун эгип, муну өмүр-өлүм чечимдери алына турган аскерий доктринага айлантышты. Натыйжада илманий пикирий «демагогия» курмандары колонизатор орноткон чегараларды о.э. байрак жана өкүмдарлардан турган мекенчилдик белгилерин коргоо үчүн курман болушууда… Бул болсо, тарых, география, саясат жана дин түшүнүгүн монополия кылуу дегени. О.э. бул көз карандылыкты, ийгиликсиздикти, кордукту туюндурат.

Демек, мекенчилдик бут-санамын Батыш колонизаторлугу ойлоп таап, аны эгемендик иллюзиясы о.э. улуттук көз боёмочулук, саткын режимдерге кошоматчылык кылуу ырасымдары менен чүмбөттөп көрсөтүп келди. Ушул бут-санам себептүү Уммат армиялары Батыштын каалоосу менен Газага нусрат берүүдөн тосулду. Ушунча үрөй учурган кыргындарга, жийиркеничтүү кылмыштарга жана аянычтуу көрүнүштөрргө карабастан, ал тургай, аялдардын ый-муңу, шахиддердин кербендери жана душмандын иттердей жапырылышына карабастан, армияларыбыз өз командачыларынын жана өкүмдарларынын буйругу менен казармаларда жатышат. Эгерде, мекен бутага алынбаса, денелер жерге байрактар астында берилип жатса, армияларыбыз бул үрөй учурган окуяларга кудум эч нерсе болбогондой, кудум чет мамлекетте чет элдиктер өлүп жаткандай кароону улантышат… Же бут-колдорру душмандары т.а. командачылары тарабынан кишенделген, ким куткарат деп күтүп турган армияларыбызды мусулмандарга ушинтип кайдыгер кылып көрсөтүшмөкчү! Кыскасы бул мекенчил режимдердин ролу жардам берүү маскасы астында айрым күкүмдөрдү чачып, кепиндер жөнөтүүдөн ары өтпөй жаткан болсо, өкүмдарлардын ролу өлгөндөрдү саноо, кырсыктын соңу жана чечими катары «улуттук мамлекет» чечимин сунуштоодон ары өтпөйт. Себеби, минбарлар жана экрандардагы мекенчил элитага эки вариант берилген: яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу же унчукпай туруу!

Албетте, Газа окуяларында кээ бир режимдерден чыныгы жүзү ачылды. Алар мекенчилдик бут-санамын өз колдору менен сындырышты. Себеби, чабуулдар алардын жерлерине чейин созулуп, ыйык жайлары тебеленди жана бардык кызыл сызыктары бузулду. Ага карабастан, бул режимдер армияларды аракетке келтиришкен жок, душманга каршы турушкан жок. Туурасы, алар кудум төөкуштай  баштарын улуттук жерге тыгып алышты. Мындай режимдердин биринчи сабында «каршылык огун» жана майдандар биримдигин көтөрүп чыккандар турат. Эгер кээ бир кагылышууларды, өз аброюн сактап калуу үмүтүндө маалымат каражаттарына көрсөтүп коюу үчүн атылган ракеталарды эсепке албасак, алар өз тарапкерлерине «сабыр менен күтүп туруу стратегиясы» жана «улуттук даанышмандык» иллюзияларын беришти.

Мунун эң жаркын мисалы – Газага кошуна мамлекеттердеги аскерий командачылар баскынчыга каршы бир ок атууга да батына алышпады. Алар айткан каармандыктар көргөзмө үчүн өткөрүлгөн аскерий параддардан ары өткөн жок. Булар кудум мекенчилдик бут-санамына сыйынуу ырасымына окшойт. Ошентип, улуттук режимдер тил бириктирүү жана кайдыгерликтери менен оюнду кайрадан баштоого киришишти. Алар яхудий вужуду жөнүндөгү «жеңилгис армия» деген икаяны кайра баштоого урунушту. Акыйкатта болсо, 2023-жылы 7-октябрда бүткүл дүйнө алдында яхудий вужудунун аброю түшүп, айбаты сынган. Яхудий вужудунун айбаты талкаланышы дүрбөлөң стратегиялык сынуу болду.

Ошондуктан, яхудий вужуду Батыштын Ислам өлкөлөрүндөгү алдыңкы аскерий базасы жана Умматтын жүрөгүнө сайылган уу канжар гана болбоду. Тескерисинче, ал алдыңкы куралдары, Батыштын берешен колдоосу жана мекенчил араб режимдеринин тил бириктирүүлөрү себептүү, айрыкча, малай өкүмдарлар Умматка «жеңилгис армия» жөнүндөгү жалган жомокту сиңдиргенден кийин мусулмандардын биригишине тоскоолдук кылган эң кооптуу жана натыйжалуу куралдардын бири болду. Бүгүнкү абал Хизб-ут-Тахрирге негиз салган Такийюддин Набаханий рохимахуллахтын «(израиль) – араб режимдеринин көлөкөсү. Эгер көлөкө салып турган нерсе жоголсо, анын көлөкөсү да жоголот» деген сөзүн тастыктап турат.

Мекенчилдик жалганы менен жашап, жихад милдетин таштаган калктар бүгүн “Акса ташкыны” себептүү өтө чоң пикирий караңгылыктан көзүн ача баштады. Себеби, өздөрүнүн жана перзенттеринин коопсуздугун аларга ишенип тапшырган, алар менен «мекен» жерин жана асманын тең бөлүшкөн кишилер өз мекенине эң көп кыянат кылгандар экендиги жана үйүрдүн чабаны эмес, карышкырлар экендиги ачыкка чыккан соң, таң калгандан жака кармашты. Ко-ош, аларга жана акыйдадагы боордошторуна каршы учурду күтүп турган, мекен атынан душман менен тил бириктирип жаткан адамдардан кандай жардам сурайт? Яхудий вужуду жана анын артында турган кресттүү коалиция мамлекеттери бул согуш чегара согушу эмес, тирүү калуу согушу экендигин жана белгилүү топко каратылбаганын жарыя кылышпадыбы? Батыш бийликтери «терроризм» тизмесин кайра карап чыгууга жана экстремизмге кайра түшүндүрмө берүүгө о.э. мусулмандардын жеке адамдарына да, жамааттарына да душмандык кылып, хазарий альтернатива деген этибарда Исламга ачык согуш жарыя кылууга шашылышпадыбы?

Ооба, Уммат мекенчилдик идеясын жеңип өтүшү оңой болбойт. Себеби, бул идея аларга ондогон жылдар ичинде сиңдирилди. Аларга бул мекенчилдик уусу моюн сунуп, баш ийе турган, ал тургай, көңүлү айнып, куса турган даражага жеткенге чейин берилди. Ошондуктан, бир канча убакытка бул идея ойгонууга жарабай турган ыплас байланыш экенин унутушту. Анын бөлүнүү, алсыздык жана бытырандылык себепчиси экендигин о.э. күч-кубатты кишендеп, текке кетиришин билишкен жок. Мекенчилдик ибадатканасы астында узак жашап, аны ыйыкташтыруу, эшик жана дубалдарын коргоодон о.э. өкүмдарларды Аллахтын ордуна жаратуучу болуп алышканына чейин кудайлаштыруудан кийин астынан Газадагы күнөөсүз адамдардын канынан болгон дарыялар аккан бейиште капыстан көзүн ачуу алар үчүн оңой болбойт. Ооба, заманбап жахилият бут-санамдарынын маңызын, Халифалык кулатылгандан бери мусулмандар туш болгон бардык мусибаттардын себепчиси ушул бут-санамдар болгонун о.э. бул бут-санамдардын демөөрчүлөрү болгон өкүмдарлардын маңызын, алар жеңиш жана үстөмдүк убада кылынган Уммат тарыхындагы шерменде сызык экендигин түшүнүү оңой болгон жок. Мусулмандар аны менен коргонуп, анын артында туруп согуш кыла турган имамга байъат беришкенге чейин ушул аң-сезим чоң төлөмдөр калыптанат жана кандуу тамгалар менен жазылып барат.

Ошондуктан, демократия, адам укуктары, аял жана бала укугу бут-санамдары Газа окуяларынын, Ислам менен куфр ортосундагы күрөштүн маңызын түшүнүү алдында талкалангандай, мекенчилдик бут-санамдары да сындырылып, адамдардын аң-сезиминен жок кылынышы керек. Муну менен Ислам өлкөлөрүндө бул колонизатор бут-санамдарды жаратып, Ислам Умматынан Исра жана Миъраж жерин тартып алган адамдардын жийиркеничтүү жүзү ачылат.

Жакында бул бытыранды Уммат Аллахтын уруксаты менен биригип, жаратына дары табат, өтмүшүн эстеп, даңктуу тарыхын жандантат. О.э. Газа жана бүткүл Фалестин блокадасынын бекер кылынышы зыян келтирип, пайда алып келбеген, бөлүп, бириктирбеген мекенчилдик бут-санамдарын талкалоодон башталышын түшүнүп жетет. Натыйжада, чегаралар бузулуп, эр жүрөк армиялар Аксага жардам көрсөтүү үчүн аракетке келет. Ошондо Уммат рисалатты аткаруу жана душмандарды жеңген Халифалык мамлекетинде исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн амандыкты тикелеп, ойгонот.

﴿وَيَوۡمَئِذٍ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ * بِنَصۡرِ ٱللَّهِ﴾

«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат»          [30:4-5]

 

Роя гезити, №490, 2024-жыл, 10-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here