Россия менен Кыргызстан терроризмге каршы биргеликте күрөшөт

2789
0

Россия менен Кыргызстан терроризмге каршы биргеликте күрөшөт

Россия менен Кыргызстан терроризмге каршы чогуу күрөшөт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кабарда айтылышынча, эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Александр Грушко менен Айбек Молдогазиев Бишкекте жолугушуп, Борбор Азиядаы жана башка аймактардагы о.э. Европадагы абалды талкуулашкан.

“Борбор Азиядагы туруктуулукту сактоодо, радикализм, терроризм, бангизатты мыйзамсыз өндүрүү жана айландыруу боюнча мамлекеттер аралык кооптуулукка каршы турууда аймактардын күчүнүн артыкчылыктары белгиленди. О.э. ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУнун ролун арттыруу, бул уюмдар  алкагында өз ара алакаларды бекемдөө талкууланды”, – депп айтылат маалыматта. О.э. Кыргызстан менен Россия ортосунда биологиялык коопсуздук жаатында да кызматташуу каралып жатканы айтылууда.

Комментарий: Алгачкы президент Аскар Акаевден баштап, азыркы Садыр Жапаровго чейинки бардык президенттердин бийликке келиши жана кетиши Россиядан көз каранды. Жергиликтүү акимдердин “биз эгемендүүбүз” деп мактанышы, болгону элди алдоо үчүн айтылган куру сөз. Биздин өлкөнү өзүнүн сырьё базасы катары көрүп келген Россия Кыргызстанды саясий жактан да түздөн-түз башкарып келет. Жогоруда айтылган “терроризмге” каршы күрөштө да кудум ушундай болору табигый көрүнүш.

Куфр дүйнөсү “терроризм” дегенде Исламды назарда тутканын эсепке алсак, Россия жана Кыргызстан өкмөттөрү биргеликте “терроризм жана экстремизмге каршы күрөш” маскасы артында Кыргызстанда Исламга каршы күрөшүн күчөтүшү мүмкүн. О.э. буга Москвадагы “террордук” аракеттер сыяктуу жасалма коркунучтарды шылтоо кылышы мүмкүн.

Негизи Россиянын өзү – АКШ жана Англия сыяктуу эле – дүйнөдөгү номер биринчи террорист мамлекет болуп эсептелет. Булардын кесепетинен жүз миңдеген адамдар өлүп, миллиондогон мусулмандар башбаанексиз калышты. А бирок, ушул террорчу мамлекеттер мусулмандарга каршы күрөштө жасалма терроризм” жана “экстремизм” коркунучун мүмкүн болушунча көбүртүп көрсөтүп келишет. Биз мусулмандар мындай фитналардан сак болушубуз керек о.э. эл аралык жана аймактык саясий окуялардан кабардар болуп, колонизатор кафирлердин үстүбүздөгү оюндарына жол бербешибиз керек. Бул болсо бизден саясий сергектикти талап кылат.

О.э. биз мусулмандар алгач ушул колонизатор мамлекеттердин таасиринен кутулууга аракет кылышыбыз керек. Кутулуунун бирден-бир жолу болсо, Ислам динибизге кайтып, анын өкүмдөрүн турмушта колдонуу үчүн аракет кылуу.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here