Өзгөртүүдөгү ката пикирлер жана изденүүлөр

4629
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ЖОЛ

3-бөлүм

Өзгөртүүдөгү ката пикирлер жана изденүүлөр

Бул Үммөттүн “пикирий табиб”дери болгон муфаккирлер Үммөткө бир нече чараларды колдонуп көрүштү. Бирок алар Үммөттүн өнүгүү кербенине кошулуп алышына жол бербей жаткан, кыйроого жетектеп бара жаткан оорудан куткара алышпады. Биз жашап жаткан азыркы өкүнүчтүү абал алардын ийгиликсиздигине далил болот.

Ушул табибдердин ийгиликсиздигинин негизги аамилдерин жакшылап текшерип чыксак, алар эки негизги аамилдин бири экенин көрөбүз:

Биринчиси, алар ооруну туура аныктай алышпаганы себептүү, өз кезегинде зарыл болгон “дары”ны бере алышпаган.

 Экинчиси, алар ооруну туура аныкташкан жана анын дарысын да билишкен. Бирок оорулууга – Үммөткө – дарыны туура көрүнүштө жана зарыл болгон өлчөмдө бера алышпаган. Оорулууга дарыны оозунан бергендин ордуна артынан беришкен. Күн сайын дарыны үч жолу бергендин ордуна, бир жолу, же он жолу беришкен.

Ошондуктан, алгач зарыл болгон дарыны, туура муалажаны (дабааны) издеш керек. Үммөткө бул муалажаны белгилөөдөн мурда ага толук ишеним пайда кылыш керек. Бул муалажаны Үммөткө билдирүүдөн мурда ал тажрыйбада сыналган, ийгиликтүү экендиги далилденген болушу керек. Себеби бул бечара Үммөт үстүндө колдонулган тажрыйбалар ушунчалык көп болгондуктан, үммөттүн дагы кайрадан тажрыйба өткөрүүгө, ийне саюуга жарай турган бирер тамыры, мууну, бош жери калбаган. Бул Үммөт ашыкча азап тартты. Бул болсо, “ушул муалажадан башка муалажа жоктугуна ” далил болуучу катъий жолдор менен пайда бериши далилденбеген ар кандай муалажаны четке кагууга Үммөттү акылуу кылып койду.

Ушундан келип чыгып, “туура экендиги анык болгон муалажаны” баяндоодон мурда тажрыйба кылынып, жараксыздыгы далилденген айрым муалажаларды Үммөткө айтып өтөлү деп чечтик. Ушул муалажалар жараксыз, ката экендигине карабастан, кээ бирөөлөр дагы деле аларга чакырып жатышат.

Алардын эң маанилүүлөрү:

  1. 1. Экономика жардамында ойгонуу.

Айрым кишилер “башыбыздан өткөрүп жаткан төмөндүктүн жана дүйнө кербенинен артта калуунун себеби экономикалык жактан артта калууда, ага кошумча байлыктын аздыгы, улуттук жана өздүк кирешенин төмөндүгү, экономикалык булактардын жетишсиздиги, өнөржай продукцияларынын жетишсиздиги ж.б.у.с…”  деп ойлошот. О.э. алар: “Экономикалык өнүгүүнү пайда кылуу үчүн аракет кылуу бул – ойгонуунун негизи”, – деп айтышат. Бул пикирдин жараксыздыгы төмөнкүдөй:

а)  Дүйнөдөгү биринчи мамлекет болгон Америка экономика же ушул сыяктуу нерсе негизинде ойгонгон эмес. Себеби, ал азаттыкка жетип ойгонгонго чейин Англиянын колониясы эле. Британия анын байлыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эксплуатация кылчу. Ал ойгонгуча абал ушундай болду. Ойгонгондон кийин бир нече жылда анын экономикалык, өнөржай жана  аскерий жактан өнүгүүсү көрүнө баштады…

Мына бул экономикасы алсыз болуп туруп кантип ойгонду?

б) Падышалык Россия экономикасы алсыз мамлекеттерден эле. Өкүмдар болуп турган падышалык түзүм өзгөргөнгө чейин абал ушундай эле. Жаңы (т.а. социалисттик) система бийликке келип, бир нече жылдар өткөн соң анын экономикалык өнүгүүсү даана көрүндү.

Мына бул экономикасы алсыз болуп туруп кантип ойгонду?!

в) Эгер байлык-жакырчылык, улуттук жана өздүк экономикалык кирешенин көлөмү өнүгүүнүн өлчөөсү болгондо, анда Перс булуңундагы мамлекеттер, Саудия сыяктуу араб мамлекеттери айрым ойгонгон мамлекеттерге караганда көбүрөөк өнүккөн болушу керек эмес беле? Эмне үчүн Европа мамлекеттери ойгонгон да, араб мамлекеттери ойгонбогон?

Жогорудагы пикирлерден «экономика – ойгонууга, өнүгүүгө негиз болууга жарайт» деген пикирдин жараксыздыгы белгилүү болот.

Экономикалык өнүгүү ойгонуунун бир белгиси, анын бир натыйжасы экендигин түшүнүү зарыл. Экономикалык өнүгүү ойгонуунун жемиши болушу керек. Антпесе мындай өнүгүү жакырчылыкты, ачарчылык, жылаңачтыкты жашырып турган, карызга алынган кийим болуп калат. Качан бекем тамырлары болсо гана экономикалык өнүгүү болот. Антпесе, шаардыктын кийимин кийип алган айылдыкка окшоп калат. Ал тышкы көрүнүшүнөн шаардыкка окшойт, бирок биринчи кыймыл-аракетинен анын айылдык экендиги билинип калат. Башкача айтканда, анын жасалма маскасы сыйрылып калат. Экономикалык өнүгүү да ушуга окшойт… Эгерде улуу мамлекеттер араб нефтисинин баасын түшүрүп жиберишсе же кандайдыр жолдор менен аны албай коюунун жолун табышса, анда эмне болот? Анда экономикалык өнүгүү көрүнүштөрүн жашырууга туура келет. Себеби, ал бекем негизге курулган эмес.(Сиз жашап жаткан өлкөдө ушундай мисалдар барбы?)

  1. Таалим жана илим-билимди өнүктүрүү жардамында ойгонуу.

Мындай пикирдеги адамдар “ артта калуубуздун себебин сабатсыздыктан, билимдүулөрдүн аздыгынан, институттардын жетишсиздигинен жана илим-билим калкка кеңири жайылбаганынан” деп билишет. Ошондуктан, «Илим ойгонуунун негизи», «Батыштын ойгонуусуна илимдер себеп болду» деген сөздөрдү көп кайталашты. Негизи, бул пикир жараксыз, бузук пикир болуп эсептелет.

Жараксыздыгы төмөнкүдөй:

а) Эгер биздеги билимдүулөрдүн саны менен ойгонгон мамлекеттердеги билимдүүлөрдүн санын салыштырсак, биздеги айрыкча, Ливан, Иордания, Кувейттеги билимдүулөрдүн саны ойгонгон чыгыш жана батыш Европа мамлекеттериндеги билимдүүлөрдүн санынан көптүк кылат.

б) Тарыхта Ислам Үммөтүн илимий өнүгүүнүн чокусуна жетелеген араб калкы, билимдүү беле? Же илимий өнүгүү Ислам Үммөтү ойгонгондон кийин жүз бердиби? Америка жана Россияда ойгонуудан мурда илимий өнүгүү  бар беле? Же ал мамлекеттердин ойгонуусу илимий өнүгүүнү пайда кылдыбы? Мунун жообу анык… илимдүүсү көп үммөттөрдүн бардыгы эле ойгонгон үммөт боло бербейт. Мунун тескериси да туура эмес.  Антпесе, көп мамлекеттерибиз ойгонгон, ал эми көп ойгонгон мамлекеттер артта калган, ойгонбогон болуп калышмак. Демек, илим-билимдин өнүгүүсүнө ойгонуу себеп болот. Тескерисинче эмес.

  1. Адеп-ахлак жардамында ойгонуу.

Бул пикирдеги адамдар “адамдардын ахлакы бийиктеши менен Үммөт ойгонот жана алардагы ахлактын төмөндөшү менен Үммөт төмөндөйт” деп ойлошот. Алар мындай пикирлерин Шавкий сыяктуу акындардын ырлары менен кубатташат.

Үммөттөр ахлактары менен үммөт болуп,

Эгер ахлагы жоголсо алар да жоголот.

Же:

Иштердин оңдолуу булагы – ахлак,

Нафсти ахлак менен оңдо, бул жакшы ахлак.

Же:

Ахлактары начар эл эч качан өнүкпөшүн бил.

О.э. пикирлерин Куръани Каримдеги төмөнкү

 وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍ

– „Албетте сен улуу хулк-мүнөз үстүндөсүң”           [68:4]

аяты менен же болбосо Расулуллах с.а.в.дын:

إِنَّمَا بُعِثْتُ لِأُتَمِّمَ مَكَارِمَ الأَخْلَاقِ

 «Мен улуу хулктарды чокусуна жеткирүү үчүн жиберилдим», – деген ҳадистери менен кубатташат.

Алардын бул раъйлары жараксыз экендиги төмөнкүдөй: Талкуу адамдарды кантип оңдоо жөнүндө эмес, Үммөт жана коомду кантип ойготуу жөнүндө болуп жатат. Ошол себептен, коомдун вакиъсин жана аны өзгөртүүгө аракет кылууну жакшылап түшүнүү зарыл. Мейли, ахлак адамдарды өзгөртсө да, адамдардын өзгөрүшү коомдун өзгөрүшүнө алып барбайт. Себеби, коом адамдардын өзүнөн эле турбайт. Башкача айтканда, коом бул – адамдар жана адамдар ортосундагы алакалар о.э. бул алакаларды көзөмөлдөөчү түзүмдөн турат. Ал түзүм белгилүү бир алакаларга уруксат берип, башка түрдөгү алакаларга тыюу салат. Ошондуктан ойгонуу жана өзгөртүү пайда болушу үчүн талкуу коомдун баарына, анын ичинде адамдарды кандай өзгөртүүгө каратылып, адамдарга гана каратылган болбошу керек. Белгилүү бир хулкту кабыл алууга, аны бекем карманууга адамды үндөп жаткан нерсе хулктун өзү эмес, хулктан башка аамилдер. Мисалы, адам чынчылдыктан пайда көргөнү үчүн, же ата-энеси чынчылдыкка үйрөткөнү үчүн, же адамдар чынчыл адамды урматтаганы үчүн чынчылдыкты бекем кармайт ж.б.у.с… Ушундан көрүнүп тургандай, эгер биз адамдардын бирер хулк менен сыпаттанышын кааласак, ушул хулкту келтирип чыгарып жаткан негизге даъват кылышыбыз керек. Себеби, ошол негиз адамга бардык тасарруфтарды, анын ичинде ахлакты да белгилеп берет.

в) Башка   нерселерден ахлактын маанилүү эместигине эң айкын далил ушул, Куръани Карим ахлак жөнүндө төмөнкү:

 وَإِنَّكَ لَعَلَىٰ خُلُقٍ عَظِيمٍ

“Албетте сен улуу хулк-мүнөз үстүндөсүң”           [68:4]

аятынан башка эч жерде айткан эмес.

Мындан тышкары факиҳ аалымдар ар бир өкүмгө (мыйзамга) өз-өзүнчө бөлүм кылган болушса да, китептеринде ахлак үчүн өзүнчө бир бөлүм кылышкан эмес.

г) Эгер ойгонгон үммөттөр жана алардын ахлактарын артта калган үммөттөр жана алардын ахлактарына салыштырып көрсөк, артта калган үммөттөр, айрыкча, мусулмандар эң ахлактуу адамдар экендигин көрөбүз. Ушундай болсо да алар артта калышкан.

д) Ушуга чейин ахлак жөнүндө чыгарылган миллиондогон китептер, басылмалар, окулган маърузалар, өткөрүлгөн жыйындар кандай пайда берди? Вакиъбизди аз да болсо өзгөрттүбү?

Жогорудагы сөздөрдөн ойгонууга негиз катары ахлакка кылынып жаткан даъваттын жараксыздыгы белгилүү болот. Бирок көңүл бурушубуз керек болгон нерсе, «ахлак ойгонуу үчүн негиз болууга жарабайт» деген сөзүбүз “ахлакты четке кагабыз” дегени эмес. Мунун мааниси, адамга көркөм хулк зарыл болсо да, ал Үммөттүн ойгонуусуна негиз боло албайт.

  1. Аскерий тармакты өнүктүрүү жана куралдануу жардамында ойгонуу.

Айрым билимдүү адамдар “артта калганыбыздын себеби  аскерий кубатыбыз жана күчтүү куралдарыбыз жоктугунда…” деп ойлошот. Ушундан келип чыгып, “заманбап курал-жарак жана күч-кубат жетиштүү болсо гана ойгонуу ишке ашат” деп айтышат.

Негизи бул пикир  эң жараксыз пикир. Мунун себеби жөнөкөй жана ачык-айкын. Биз чындыгында курал-жаракка муктаж эмеспиз. Араб мамлекеттеринин курал-жарак кампаларында камдап коюлган курал-жарактар ойгонгон мамлекеттердин көбүндө жыйылган куралдардан бир топко көптүк кылат. Бирок биздин куралдарыбыз Израилдин же ага окшогондордун чабуулу учурунда көрүнбөйт. Тескерисинче, башка мусулмандарды кыргын кылууга, зулумдан чарчаган элдердин нааразылыгын бастырууга же бактысыздардын согуштарында колдонулат.

Ошол себептен ойгонбогон мамлекеттердин колундагы куралдар жаш баланын же жиндинин колундагы куралга окшоп, багытталышы керек болгон тарапка багытталбайт. Мисалы, жинди киши бирер бутаны мээлебей туш келген тарапка ок чыгарат. Натыйжада өзүнүн ага-инисин атып алат.

Ушундан тыянак чыгарып, мындай ката пикирди көтөрүп жүргөндөргө айтарыбыз: Куралдануу эч качан ойгонууга алып барбайт. Ойгонуу пайда болушуна анын тиешеси жок. Туура, ойгонгон мамлекеттер курал-жарактарга ээ. Үммөт үчүн бул өтө зарыл нерсе. Бирок куралдануу ойгонуунун натыйжасынан келип чыккан жана андан кийин болушу керек. “Өзү өстүрбөгөн нерсени жей турган, өзү тикпеген кийимди кийе турган калктын абалына вай болсун”.

Ойгонуу үчүн негиз катары сунушталган жана сунушталып жаткан чечимдер менен пикирлерге мисалдарды келтирдик. Мындай түрдөгү бардык сунуштардын жараксыздыгы анык болуп калды. Бирок эсибизден чыгарбашыбыз керек: Бул чечимдердин ойгонуу үчүн негиз катары жараксыздыгы жөнүндөгү сөздөрүбүз аларды четке кагуу дегени эмес. Бул жерде болгону негиз катары четке кагып жатабыз. Ахлак, экономика, таалим, курал-жарак жана башка нерселер Үммөткө өтө зарыл. Алар жетиштүү деңгээлдеби? Албетте, жок. Мисалы: Курал-жарак үчүн каражат бөлүшүбүз керек. Бирок ойгонгондон кийин, эч качан ага чейин эмес.

Ойгонуунун негизи боло ала турган, ойгонууга жетүү үчүн керек боло турган туура чечим жана соо-саламат пикирге киришүүдөн мурда сунушталган пикирлердеги ката жана кемчиликтердин негизги себептерин кыскача тыянакташыбыз керек.

Алар төмөнкүлөр:

  1. 1. Сунушталган чечимдердин авторлору болгон муфаккирлер Үммөттүн төмөндөшүүсүнө алып барган себепти терең изилдеген жок. Тескерисинче, үстүртөн кароо менен чектелишти. Мунун натыйжасында тамырга, негизге эмес, тышкы көрүнүшүнө тиешелүү муалажаларды иштеп чыгышты. Оорунун вирусун жоготууга эмес, анын тышкы белгилерин жоготууга жарай турган чараларды колдонушту. Бул иште кудум ысытманы муз менен дарылап жаткан, бейтаптын температурасы төмөндөшү менен оору бүттү деп ойлоп жаткан табибге окшошту. Же чечек менен ооруган бейтаптагы чечектин вирустарын жоготууунун ордуна денедеги жараларды дарылап жаткан табибге окшоп калышты. Же болбосо, чоңдорго кошулуу үчүн чоң болууну каалап, энесине «агамдын кийимин кийгизип коюң» деп жаткан жаш балага окшоп калышты ж.б.у.с… Же шаардык болууну арзуу кылып, шаардыктын кийимин кийип алып, «ушуну менен иш бүттү» деп ойлоп жаткан айылдыктын кылыгын кылышты. Бул иштерди кылып жатканда булардын бардыгынын негизги себептерге эч кандай тиешеси жоктугун, болгону тышкы көрүнүштөгү изденүүлөр экендигин унутуп коюшту.

Негизи максатка жетүү үчүн алар олуттуу изденип, терең назар салышы керек эле.

Бул мутафаккирлердин изденүүлөрү ойгонуудан көздөлбөгөн иштерге эле. Себеби, талкуунун темасы аскерий, экономикалык же саясий жактан кандай өнүгүшүбүз жөнүндө эмес болчу. Талкуунун темасы: «Адам кандай ойгонот? Өзүнүн экономикалык, аскерий жана улуттук байлыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн жана мурунку кылымдарда болгону сыяктуу дүйнөгө жетекчилик кылуу үчүн Үммөт кандай ойгонот?» – деген тема болчу.

Экономика, курал-жарак, ахлак жөнүндө талкуу кылуу болсо зарыл болбогон тема жөнүндө талкуу кылуу болуп эсептелет.

Үммөттүн ойгонуусуна кепил боло турган жол жөнүндө пикирлөөдө жогорудагы пикирлерге көңүл буруу зарыл. Ушундан келип чыгып, Үммөттү ойготуу үчүн адамдын вакиъсин түшүнүп жетүү, аны толук билүү, Үммөт жана коомдун вакиъсин түшүнүп жетүү зарыл экендигин билип алабыз.

Мындан башка иштерге көңүл буруу убакытты, мал-дүйнөнү, аракеттерди сая кетирүү болуп эсептелет. Ошол себептен, кийинки бөлүм адамдын вакиъси жана аны жакшы абалга кандай өзгөртүү жөнүндө болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here