Рамазан – насыйкат айы

2265
0

Рамазан – насыйкат айы

Насыйкат сөзүнүн Ислам динибизде маанилүү орду бар жана шарий терминдердин бири. Пайгамбарыбыз (с.а.) айткан:

“Дин – бул насыйкат. Я Расулулла, кимге деп сурадык. Ал Зат: Аллага, Китебине, Пайгамбарына, мусулмандардын жетекчилерине жана бүткүл мусулмандарга”, – деди (Mуслим риваяты).

Насыйкат сөзүн тил жана тафсир аалымы Рагип аль-Исфаханий ушундай чечмелеген: “Насыйкат сөзүндө ихлас жана ихкам бар. Ихлас – бул балды балчелектен ажыратып алуу сыяктуу. Муну менен балды таза абалга алып келүү б.а ыкластуулук келип чыгат. Ихкам – бул жип менен тешилген нерсени тигүү сыяктуу. Башкача айтканда, сынган, тешилген нерсени бүтүн, оңдолгон абалга алып келүү. Мына ушул эки нерсеге, тагыраагы, калыстык жана катаны оңдоого насыйкат мааниси берилген. Ушуга ылайык, насыйкат кылууда калыстык жана оңдоо сөзсүз табылышы шарт”.

Абу Сулайман ал-Хаттабий (рахимахуллах) айтат: “Насыйкат сөзүнүн мааниси абдан кең-көлөмдүү болуп, араб тилинде бул сөздүн маанисин ачып бере турган башка сөз жок. Насыйкат кылуудан максат, насыйкат кылынуучуга жакшылык каалоо”.

Бул терминдин мааниси ачыкталган соң, хадисте келген насыйкаттын маанисин чечмелөөгө аракет кылалы. Алгач, Аллага карата насыйкат кандай болушуна токтолобуз.

Аллага карата насыйкат

Аллага карата насыйкат сөзү кулакка өөн учурашы, Аллага кантип насыйкат кылынмак эле? деген суроонун пайда болушу табигый. А бирок, жогоруда насыйкат сөзүнөн калыстык мааниси көздөлгөнүн эске алсак, Аллага карата насыйкаттан, Ага толук моюн сунууну, татыктуу кулдук кылууну түшүнөбүз. Башкача айтканда, Алланын өкүмдөрүнө ибадат чөйрөсүндө эле эмес, турмуштун бардык тармагында амал кылуу зарыл экенин билебиз. Аллага насыйкат-калыстык кылган пенде кайсы бир нерсени Ага шерик кылуудан узак болуп, учуру келгенде Алла үчүн жакшы көргөн нерселериңен да баш тарта алат.

Куранга карата насыйкат

Куранга карата насыйкат-калыстык, аны тилават кылуу менен гана болбойт. Балким, андагы өкүмдөргө ылайык амал кылууну, Аны жер жүзүндө үстөм кылууну да өз ичине алат. А түгүл, момун адам Куран окуп, анын үстүндө илимий иш алып баруу менен чектелсе, Ага амал кылууга, Aны  үстөм кылууга даават кылбаса, Куранга карата насыйкат кылбаган болот. Мындай абалда Алла эскерткен адамдардан болуп калуу коркунучу бар. Алла Таала айтат: “Kимде-ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз (Тааха: 124). О.э Куранга карата насыйкат Аны кооз мукабага салып, бийик жерлерге коюу гана эмес. Куранга карата насыйкат, Ага амал кылуу жана Аны жашоо түзүмү катары колдонуу.

Пайгамбарга карата насыйкат

Расулуллах (с.а.в)га карата насыйкат Ал заттын Алланын расулу экендигине ишенип, сөздөрүнө моюн сунуу, ар бир амалыбызга өрнөк кылуу менен болот. Алла Таала айтат:

(эй момундар), силер үчүн – Алла жана Акырет күнүнөн үмүткөр болгон, ошондой эле Алланы көп жат кылган кишилер үчүн Алланын пайгамбарын (ыйман – ишеними жана кулк мүнөзүн)дө көркөм өрнөк бар. (Aхзааб: 21).

Пайгамбарга карата калыстык коңшуга карата мамилебизде гана эмес, заалимдерге каршы күрөштө, адепти сактоодо эле эмес, дааватты көтөрүп чыгууда, ибадатта гана эмес, мамлекетти башкарууда да болушу шарт. Демек, Пайгамбарга карата насыйкат – бул Ал зат бизге мурас кылып кеткен сүннөтүнө амал кылуу. Айрыкча, Исламды жер жүзүндө өкүмдар кылуу күрөшүнө амал кылууну түшүндүрөт.

Жетекчилерге карата насыйкат

Жетекчилерге карата насыйкат – Алланын өкүмү менен башкарып жаткан чакта ага толук моюн сунууну билдирет. Эгер Алла жана Расулуна кыянат кылып, Куран жана Сүннөткө каршы амал кылса, аларга каршы акыйкатты баян кылуу, жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу насыйкат болуп саналат. Алла Таала айтат:

“Эй момундар! Аллага моюн сунгула жана пайгамбарга, ошондой эле өзүңөрдөн болгон (мусулман) акимдерге моюн сунгула. Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, эгер чынында эле Аллага жана Акырет Күнүнө ишенсеңер ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла. Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим”. (Ниса: 59).

Демек, мусулман жетекчилерге карата насыйкат – аларды Куран жана Сүннөт негизинде мухасаба кылуу жана аларга акыйкатты жеткирүү. Жетекчилерге карата насыйкат – көр-сокурларча аларга итаат кылууну же каталарына көз жумууну билдирбейт. Тескерисинче, сахабалардын азирети Умарга карата айткан насаатындай, акыйкат үстүндө бекем турууну билдирет. Умар (р.а) бир күнү Мухаммад бин Масламадан сурады: “Менин башкаруума кандай баа бересиң эй Мухаммад?”. Ал айтты: “Аллага касам, сага дал арзуу кылганымдай жана сага жакшылык каалагандар үмүт кылгандай баа берем. Сен кирешени топтоодо кудуреттүү, ага карата сезимтал жана сарптоодо адилеттүү экениңди көрүүдөмүн. Эгер сенин акыйкаттан тайганыңды көрсөм, жаанын жебесин түздөгөндөй сени түздөйбүз”. Ошондо Умар (р.а): “Мени адашсам түздөй турган коомдун башчысы кылган Аллага мактоолор болсун”, – деди (Ибн Мубарак Зухдда келтирген).

Биз мусулмандар насыйкат кылууда жетекчилерге алгач көңүл бурушубуз керек. Анткени, коомдо жайылып жаткан жамандыктын булагы башкарууга барып такалат. Анткени, адамдар арасындагы алакаларды тартипке салган түзүм, мыйзамдар бузук болсо, коом да бузук болот. Ошондуктан, башкаруучулурды жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакыруу эң маанилүү насыйкаттардан. Жетекчилерди мухасаба кылуу эң биринчи аалымдарга, андан соң үммөт үстүндөгү милдет болуп саналат. Эгер башкаруучулар Ислам менен өкүм жүргүзбөй, аалымдар да алардын бузук иштерине сүкүт сактап, тескерисинче, мактап жатса, коом кыйроого учурайт. Мындай абалда үммөт бул фарзды ишке ашыруу үчүн өз ичинен бир уюм түзүшү, ал уюм саясий иш менен алектениши важиб болот. Алла Таала айтат: “Силерден Исламга чакыра турган, жакшылыкка буюруп, жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар” (Aали имран: 104)

Бул уюмдун иши даават жана даават амалдары болуп эсептелет. Башкаруучуларды жаман амалдардан кайтарат, жакшылыкка буюруп, ар дайым насыйкат кылат. Ошондуктан, Расул (с.а.в) башкаруучуларды мухасаба кылган адамдарды шахиддер менен барабар кылды. А түгүл, шахиддердин саййиди Хамзага салыштырып мындай деди:

“Шахиддердин саййиди Хамза бин Абу Талиб жана заалим султанга каршы чыгып, аны жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу жолунда өлүп кеткен киши” (Хаким риваяты). Дагы айтат: “Жихаддын эң абзели заалим султан каршысында акыйкатты айтуу” (Ибн Маажа риваяты). Ушуга ылайык, башкаруучуларга карата насыйкат аалымдар менен мусулмандардын мойнундагы эң чоң жоопкерчиликтердин бири. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Жаным колунда болгон Затка касам! Жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырасыңар. Болбосо Аллах өз алдынан силерге азап жиберет. Ошондо Ага дуба кыласыңар, бирок дубаңар кабыл болбойт” (Tирмизий).

Мусулмандарга карата насыйкат

Мусулмандарга карата насыйкат, алардын дартына дабаа болууну, кыйынчылыктарында да, кубанычында да аны менен бирге болууну талап кылат. Душмандарына каршы аларга жардам берүүнү, өзүңө каалаган жакшылыкты ага да каалоону билдирет. О.э капитализм караңгылыгында адашып жүргөн бир туугандарга Ислам нурун жеткирүүнү, акыйкат жана туура жолду көрсөтүүнү билдирет. Алла Таала айтат:

“Момун эркектер жана момун аялдар бири-бирине дос. Жамандыктан кайтарышат жана жакшылыкка чакырышат”. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Момундар бир тууган”. Дагы айтат: “Мусулман мусулмандын бир тууганы”. Бул нусустар мусулманга башка мусулмандар астында жоопкерчиликтери бар экенин эскертүүдө. Бул жоопкерчилик убактылуу дүйнөдөгү иштер менен гана чектелбейт, балким, кыяматта ага күнөө боло турган иштерден кайтарууну, ал Алла ыраазы боло турган жашоого аракет кылуусу үчүн жакшылыкка чакырууну да өз ичине алат.

Мусулман мусулманга насыйкат кылышы менен дин теориядан практикага өтөт. Ислам ибадаттан саясатка, жекеликтен жалпы турмушка насыйкат аркылуу келет. Анткени, Исламдын социалдык, экономикалык, башкаруу, таалим, медицина, тышкы саясат ж.б тармактарда колдонулушу  насыйкат менен болот. Тилекке каршы, мусулмандар бул тармактарда насыйкатты токтоткондон бери бул боштукту оңчул, солчул, либерал, улутчул, популисттер ээлеп алышты.

Нафсиге карата насыйкат

Муну менен катар мусулман адамда өз нафсине карата насыйкат болушу керек. Айрыкча, Рамазан айы бул үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Анткени, нафсиге карата насыйкат, жаратылыш табиятыбызга ылайык кулдук кылууну билдирет.  Момун адам нафсини тарбиялоодо кылган күнөөлөрүнө ыклас менен тообо кылат жана Аллага жакындоо үчүн дуба кылат. Анткени, чыныгы кулдук калыстык менен гана болот. Бул үчүн ахлак, намаз, орозо гана жетиштүү эмес. Башкача айтканда, жашообуздун бир бөлүгүндө калыстык кылып, калган маселеде калыстык кылбоо туура эмес. Анткени, Ислам жашообуздун бардык тармагын камтыган өкүмдөр менен рахмат катары келген. Анын бир бөлүгүн алып, калганын нафсибизге ылайыктап таштап коюу мүмкүн эмес. Демек, нафсиге карата насыйкат Аллага ыйман келтирүү жана итаат кылуудан башталат. Пенденин калыстыгы да дал ушул ыйман жана итаат менен өлчөнөт. Ал эми, Алланын өкүмдөрүн жашоодо өкүмдар кылуу жолунда күрөшүү менен сыналат.

Жыйынтыктап айтканда, насыйкат мезгили болгон ушул Рамазанда өз нафсибизге, бири-бирибизге, айрыкча мусулман жетекчилерине карата насыйкатты күчөтүү зарыл. Заалымдардын зулумдугуна моюн сунбастан, мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче аларга каршы туруу шарт. “Дин – бул насыйкат” хадисин өзүбүзгө ураан кылып, Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылалы! Анткени, диндеги насыйкат Исламдын жашоого толук келиши менен гана ишке ашат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here