Галлант: Рамазан Жихад айы экендигин билебиз

2088
0

Галлант: Рамазан Жихад айы экендигин билебиз

(Израил)дин коргоо министри Йоав Галлант ыйык Рамазан айында мусулмандарга жолдогон кайрылуусунда, ушул ай мусулмандар назарында Жихад айы экендигин билерин баса белгилеп, (Израиль) мындан коркпой тургандыгын билдирди. О.э. Галлант (Израиль) ар кандай коркунучка даяр экендигин билдирип, ага каршы Жихад баштаган тарап чоң ката кетирерин айтып душмандарын эскертти.

“Рамазан айы Куръан түшкөн маанилүү ай… Биз Рамазан айы Жихад айы экендигин билебиз. Бизди сынап көрүүнү ойлонуп жаткан бардыгына айтарыбыз, биз буга даярбыз, бирок ким ушундай ойлоп жаткан болсо өтө чоң ката кетирет”, –  деп коркутту Галлант.

Комментарий: Белгилүү болгондой, Галланттын коркутуусу Газадагы мужахиддерге же Палестина калкына эле каратылган эмес. Анткени, Газадагы мужахиддердин яхудий вужудуна каршы Жихады ансыз деле уланууда. Галланттын бул коркутуусу бардык мусулмандарга жана алардын үстүндөгү коркок акимдерге каратылганына шек-күмөн жок. Муну Галланттын бардыгына айтарыбыз” деген сөзү да тастыктап турат.

Аллах Таала маңдайына шерменделик тамгасын басып койгон бул паскеч, коркок яхудий вужуду Исламий өлкөлөрдүн акимдери арасында аларга каршы Жихад жарыялай турган жетекчи жоктугуна ушунчалык ишенет дейсиң, ал тургай эки миллиарддан ашуун мусулмандарды ачык коркутууга батынып жатат. Себеби, Исламий өлкөлөрдүн бүгүнкү акимдери кордук жана коркоктук жаатында яхудийлерден да ашып кетишкен.

Бул акимдер Үммөттүн башында турган учурда Рамазан айы Жихад айы боло албайт. Муну яхудий вужуду өтө жакшы билет. Ошондуктан да мубарак Рамазан айында коркпостон кыргын кылууну улантып жатат. Ушундай болгон соң, тарыхта Рамазан айынын дээрлик ар бир күнүн нусрат жана жеңиш менен өткөргөн бул эр жүрөк Үммөткө мындай башчылар жетекчилик кылышы туура эмес. Мындай учурда Ислам Үммөтүнүн негизги милдети, бийликти күч менен ээлеп алган, бирок ачарчылык жана чаңкоодон өлүп жаткан Газа калкына бир ууртам суу же бир үзүм нан жеткирип бере албай жаткан “саны бар салмагы жок” акимдерди кулатып, Исламий өлкөлөрдү бир туунун алдында Аллахтын өкүмдөрү менен башкара турган жана даъватты Жихад аркылуу бүт дүйнөгө жая турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылуу. Ооба, мусулмандар Рамазан айында кайрымдуулукка жана ибадатка канчалык көп көңүл буруп жаткан болсо, фарздардын таажысы болгон Халифалыкты тикелөөгө дагы да көбүрөөк көңүл бурушу керек. Халифалык мамлекети тикеленсе гана Рамазан айы кайрадан Жихад айына айланып, тарыхтагы сыяктуу ири жеңиштер ишке ашат. Расулуллах дын Рим фатх кылынышы жөнүндөгү башараты жүзөгө чыгып, адамдар топ-тобу менен Исламга киришет.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here