Хижрий 1445-жылдын мубарек Рамазан айын күзөтүүнүн натыйжасы Жарыя

1289
0

Басма сөз баянаты

Хижрий 1445-жылдын мубарек Рамазан айын күзөтүүнүн натыйжасы

Жарыя

Бисмиллахир Рохманир Рохим.

Ааламдардын роббиси Аллах Таалага хамд-саналар болсун. Ааламдарга рахмат болуп жөнөтүлгөн Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺга, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына солат-саламдар болсун.

Бухарий өзүнүн «Сахихинде» Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: Мен Абу Хурайра розияллаху анхунун мындай дегенин уктум: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 2024-жыл 10-март, жекшембиден дүйшөмбүгө өткөн кечеде мубарек рамазан айы күзөтүлгөндөн кийин шаръий түрдө айды көрүү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, эртең, дүйшөмбү күнү бул жылдагы мубарек рамазан айынын биринчи күнү болуп эсептелет.

Ушуга байлыныштуу мен, Хизб ут-Тахрир борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы, маалымат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ушул мубарек ай менен куттуктоону Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштага жеткиремин, Аллахтан амирибизге жардам беришин, ал кишинин колу менен баарыбызга нусрат жана жеңишти тартуу кылышын сурайбыз.

Бул жылдагы рамазан кирип келе жатканда бүткүл дүйнө Ислам Умматы менен колонизатор кафир Батыштын каалоосу ортосундагы кагылышууга күбө болууда. Ислам Умматы бул мубарек жерди бекем кармап калууну көздөп жатса, колонизатор кафир Батыш бул жерге баскынчы яхудий вужудун орнотууну көздөп жатат. Бул кагылышуу бүткүл дүйнөнү өзүнө тарткан. Ар кандай платформада бирер саясий талкуу өткөрүлсө, бул талкуунун катышуучуларынан ал кайсы тарапта экендиги суралууда. Бул кагылышуу бир канча нерселердин бетин ачыкка чыгарды, биз Ислам Умматынын ордун түшүнүүбүз үчүн бул нерселерге токтолуп өтүүбүз кажет.

Ооба, мамилелерди нормалдаштыруу аракети «туулгандан» тартып ийгиликсиздикке учурагандыгы анык болуп калды… Анткени жалданган маалымат каражаттарынын «мусулман элдер яхудий вужуду туурасындагы пикирди кабыл ала баштады» деп көрсөтүүгө урунуп жаткан сөздөрү өкүмдарлардын жалганынан башка нерсе эмес. Бул өкүмдарлар бүткүл инсаниятка балээ болгон бир топ арамза кимселер болуп, кыянатты кесип кылып алган арамзаларды гана өздөрүнө жакын алышат.

Бүгүнкү күндө Ислам Умматы өз проблемасын чечүүдө армиялардын чечүүчү ролду аткарышына толук ынанды. Өкүмдарларга каршы “араб жазын” армиялардын ролуна маани бербеген, билбеген абалда баштаган Уммат бүгүнкү көнгө келип армияларга: «Эй, мусулман армиялары, кайдасыңар? Эмнеге Газага жардам берүү үчүн аракет кылбай жатасыңар?”, – деп кыйкырууда. Бул Аллахтын уруксаты менен, жаңы “жаздан” дарек болуп эсептелет. Бирок бул жолу инша Аллах ал «Мусулман армияларынын жазына» айланат. Армиялар бул “жазда” Умматка жана анын динине нусрат берүү үчүн казармалардан чыгып, Ислам Умматына колун сунат.

Саткын өкүмдарлардын абалына келсек, бул маселеде аларга көп эле токтолмокчу эмеспиз. Анткени алар бул согушта мурункудан да жийиркеничтүү ахвалга түшүп калышты, Уммат алардын ыпластыгына чыдай албай, мүмкүн болушунча батыраак аларды жок кылууну каалап жатат.

О.э. Ислам Умматы исламий өлкөлөрдү бөлүп жаруу үчүн алып барылган тил бириктирүүлөр канчалык азаптуу экенин сезди. Ошондуктан, Умматтын жаштары түрдүү өлкөлөрдөн Фалестинге жада калса жөө барууга аракет кылышты… Бирок Сайкс-Пико келишими аркылуу орнотулган чегаралар алардын мубарек жерге жетишине тоскоолдук кылды… Акыбетте алардын көпчүлүгү бул чегаралар Ислам Умматы өз бурадарларына жардам беришине тоскоолдук кылган зындан вазыйпасын аткаруу үчүн орнотулганын түшүнүп жетишти.

Газа элине келсек, коргоосуз калган балдар, аялдар жана карылар Аллахтын калимасын бийик кылуу үчүн сыноолор алдында сабыр жана кайраттуулуктун үлгүсү, куфр калимасын талкалоо жолунда эрдик жана баатырдыктын үлгүсү болушту… Газа калкы Ислам белгилеген түз линия үстүндөгү чаңды ушул таризде тазалады. Муну Аллахтын даргөйүндөгү нерселерди бул дүйнө маталарынан үстөм койгон мумин мусулман калк катары, душмандан үстөм болуу жолунда көзүнө эч нерсе көрүнбөгөн мужахид жигиттер катары аткарышты… Алардын арасында «танк өрттөнүп күл болду» деп шаттанып жаткан жигиттерге, колунда неберелеринин жансыз денесин жылмаюу жана ыраазылык менен көкүрөгүнө кыскан чоң аталарга күбө болдук… Газа эли Ислам улуу экендигин бүткүл дүйнөгө көрсөттү!

Эй, мусулмандар!

Сезимдер ойгоо, пикир анык жана барар жер белгилүү – бул армияларды аракетке келтирүү, өкүмдарларды кулатуу жана чегараларды бузуу. Газа калкынын курмандыктары текке кетишине жол бербегиле. Сайкс-Пико фитналарына токтотпостон жана рошид Халифалыкты кайра тикелебестен туруп бул ыйык, фазилеттүү айдын чыгышына жол бербегиле. Тарыхта Халифалык мусулмандардын күч-кубатын бириктирүүнүн амалий жолу болуп келген. Халифалык саясий түзүм болуп, Ислам Умматы ал аркылуу өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарат жана душмандарын жеңет. Акыркы күндөр Халифалыктан башка ар кандай саясий түзүм мусулмандарга шерменделик, жеңилүү жана кордуктан башка нерсе алып келбестигин ырастады. Фалестинди азат кылуу үчүн исламий өлкөлөр Сайкс-Пико чегараларын жок кылышы керек. Муну өлкөлөрүбүздөгү реалдуу күч-кубат ээлери болгон мусулман армиялары гана аткара алат. Армия катарындагылар – силердин перзенттериңер. Ошондуктан, аларды шыктандырып, Халифалыкты тикелөөгө үндөгүлө.

Аллах Таала айтат:

﴿وَحَرِّضِ الْمُؤْمِنِينَ عَسَى اللهُ أَن يَكُفَّ بَأْسَ الَّذِينَ كَفَرُواْ وَاللهُ أَشَدُّ بَأْساً وَأَشَدُّ تَنكِيلاً﴾

«Демек, муминдерди (согушууга) үндөгүн! Ыктымал, Аллах кафир кимселердин мизин кайтараар. Аллах кубаты артык, азабы катуу Зат»                           [4:84]

Дүйшөмбүгө өткөн кеч, хижрий 1445-жылдын рамазан айынын биринчи күнү

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб ут-Тахрирдин

борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here