Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктоо

1586
0

Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктоо

Бүткүл ааламдардын Роббиси Аллах Таалага мактоолор болсун. Мухаммад ﷺга, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар болсун.

Бухарий өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: Мен Абу Хурайра розияллоху анхудан мындай дегенин укканмын: Набий ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 2024-жылдын 10марты, жекшембиден дүйшөмбүгө өткөн түнү Рамазан айынын хилалы күзөтүлгөндөн кийин хилалдын шаръий түрдө (көрүлгөнү-көрүлбөгөнү) өз тастыгын тапты (тапкан жок). Ушуга ылайык, эртең дүйшөмбү күнү мубарак рамазан айынын биринчи күнү (шаъбан айынын отузу).

Мындан улам, Хизб-ут-Тахрир Кыргызстан бүткүл мусулмандарды ыйык Рамазан айынын кирип келиши менен куттуктайт. Рамазан айы ыйман чөйрөсү менен бөлөнгөн. Рамазанда такыбаалык жана рухий кыймат өкүмдарлык кылып, мусулман Роббиси менен болгон алакасын бекемдейт.  Бул чөйрө мусулманды салих амалдарды кылууга үндөйт жана иш-аракетти биринчи даражадагы маанилүү амалдарды аткаруудан баштоого чакырат. Ошондуктан, Рамазанда Куръан окуу жана чырайлуу тилават кылуу менен бирге, Куръан өкүмдөрүнүн бекер кылынышына этибар берүү зарыл. Анткени, намазды аткаруу фарзы менен Аллах түшүргөн өкүмдөр аркылуу өкүм жүргүзүүнүн фарзын, орозо кармоо фарзы менен халифа шайлоо фарзын, ажылык фарзы менен жихад фарзын ажыратуу бүтүндөй кабыл алгыс нерсе. Себеби, Аллахтын өкүмдөрү бири-бирине байланып, адам, коом жана мамлекет үчүн чечимдерди берген.

Ушул орунда, Ислам Үммөтүнүн эң маанилүү жетекчилеринин бири болгон халифа Умар ибн Хаттаб розияллоху анхунун акыйкат сөздөрүн эске салабыз. Умар розияллоху анху мындай деген: «Биз кордолгон адамдар элек, Аллах бизди Ислам менен азиз кылды. Эгер, биз азиздикти Аллах бизге берген нерседен башка тараптан издесек, Аллах бизди кайра кор кылат». Демек, бул Рамазан азиздик үчүн аракет кылуу учуру.

Быйылкы Рамазан яхудий вужуду колонизатор кафир Батыш менен бирге Палестина калкын кыргын кылып жаткан учурга дал келүүдө. Ислам Үммөтү канчалык ачкачылык, азап-кыйынчылык жана зомбулукка туш болбосун, кайра бутка туруп, азиздикке жетүүгө жөндөмдүү Үммөт. Мисалы, кресттүүлөр жана монголдор доорунда Үммөттүн башына кандай гана кыйынчылыктар түшпөдү. Бирок, бул үммөт бул зулумдукка кол куушуруп отурбады. Тескерисинче, Салахуддин башындагы кошуун кресттүүлөрдөн Аль Аксону азат кылды! Султан Бейбарс кол башчылыгындагы Ислам армиясы монголдордун жапырыгын Рамазан айында токтотту. Ислам кайрадан улуу мамлекетке айланды. Учурда да Ислам үммөтүнүн башына канчалык мусийбаттар түшпөсүн, бирок өлгөн жок. Түркияда, Йеменде, Иорданияда, Индонезияда жүз миңдеген мусулмандар көчөлөргө агылып, Палестинаны азат кылууну талап кылууда.

Муну менен катар Палестина окуясы Батыштын эки жүздүү саясатын жана анын малайларынын кыянаттыгын ачыкка чыгарды. Мындан улам, мусулман өлкөлөрүндөгү жетекчилер бийлик күрсүлөрүн сактап калуу үчүн калкка карата күч колдонуудан башка чарасы калбай жатат. Батыш болсо, өз проблемалары менен алек. Ал коронавирус пандемиясынын артынан экономикалык кризистерден чыга албай жатат. Украина согушу, Кытай блокадасы, дүйнөлүк энергия кризиси жана финансы базарынын туруксуздугу себептүү өзү каалаган долбоорлорун ишке ашыра албай калды. Айрыкча, капитализмдин бешиги болгон Америка, Франция жана Британияда калктар бийликтин аракеттерин кабыл албай, нааразылыктардын күчөшү, бүткүл дүйнө бузук капиталисттик системадан тажаганынан кабар берет.

Демек, бүгүн мусулмандар тартып алынган бийлигин кайтарып ала турган учур. Түпкүлүгүндө, күч-кубат ээлери өлкөлөрүбүздө Батыштын колун талкалоо жана алардан бийликти тартып алып, Ислам Үммөтүнө кайтаруу кудуретине ээ. Андыктан, мусулмандар бул Рамазанда мына ушул азиздикке жетүүгө, күч ээлеринен өз милдеттерин аткарууну талап кылышы керек. Анткени, Ислам өкүмдөрүнүн колдонулушу Халифалыкка байланыштуу болуп, аны менен бардык важибаттар аткарылат. Мал-мүлк, намыс жана өлкөнүн коргоосу да Халифалык тарабынан камсыздалат. Каапырлардын зулумдугунан ушул калкан артында коргонулат. Демек, оо, мусулмандар, бул жылдагы Рамазаныңарды Аллахтын Китебин жана Расулунун Сүннөтүн колдоно турган, Аллахтын убадасын жана Расулунун башаратын жүзөгө чыгара турган мамлекетсиз өтүп жаткан Рамазандардын акыркысы кылгыла! Алгачкы тарыхыңарды кайтарып, бүткүл дүйнөгө мурункудай нур жана изгилик жайгыла!

Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here