Жапаров Орусияга да ыктоосун күчөттү

5228
0

Жапаров Орусияга да ыктоосун күчөттү

Президент Садыр Жапаров Татарстандын борбору Казанга болгон иш сапарынын алкагында орус президенти Владимир Путин менен жолукту. Ошондой эле, “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына катышты.

Путин жолугушууда Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калып жатканын, Кыргызстанга келген түз инвестициялардын 35%ы Орусия тараптан болгонун белгиледи. Ал Жапаровдун Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын белгилеп, ыраазычылык айтты.

Ал арада Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Долбоорго 64 депутат “макул” болсо, беш депутат “каршы” добуш берди. Аталган мыйзамдын алкагында Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн чакта, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салган.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон бул документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Буга чейин, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен аталган мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирип, Жапаровго кат жолдогон.  Буга байланыштуу президент атайын кайрылуу жасап, АКШны өлкөнүн ичик саясатына аралашпоого чакырган.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан бийликтери көз карандысыздык жылдарынан бери Орусияга мажбур баш ийип кызмат кылып келишти, ошол эле кезде, айрым учурларда Батыш менен мамиле түзүүгө жана Орусиядан алыстоого аракет кылышты.

Ал эми, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги диктатуралык режимди орнотуу үчүн Батыш менен болгон алакасында аралыкты сактоо позициясын карманууда. Бул Батыш менен болгон стратегиялык келишимдер тоңдуруп коюлушунан жана жогорудагы Жапаровдун сөздөрүнөн даана көрүнүп турат. Ал эми, тышкы саясат диктатуралык режимге ылайык болгон Кытай жана Орусияга багытталууда. Буга жогорудагы бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамдын экинчи окууда кабыл алынышы жана экономикалык, саясий кызматташтыктын деңгээли сакталып турушу ишара кылат. Ал эми, стратегиялык келишимдер жана кен байлыктарды иштетүү кытай компанияларына берилиши экономикалык жана саясий кызматташтыкта Кытайга багыт алынганынан кабар берет. Мындан улам, Батыштын колу-бутуна айланган журналисттер менен бейөкмөт уюмдарга карата чабуулдар күчөп барууда. Абирок, мындай багыт Батыш менен мамилелер толук үзүлүп калганынан кабар бербейт. Балким, Кытайдын экспансиясына карата диверсификация катары Батыш менен мамиледе эл аралык уюмдардын алкагында жылчык калтырылган. Кыргызстан өзүн КМШдагы авторитардык мамлекеттер арасында калып кеткен “демократиялык аралча” деп атап алып, Батыш мамлекеттеринен жана эл аралык уюмдардан үлкөн карыздарды алган. Ошондуктан, Америка баштаган Батыш жана эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен эл аралык нормаларды, келишимдерди сактоону талап кылууда. Буга кошумча, Кыргызстанда диктатуралык режимдеги сакофаттын кубаты аз. Бул багытта коомдук пикирди пайда кылууга көбүрөөк убакыт талап кылынат. Ошондой эле, Кытайдын бүтүндөй колониясына айланып калбоо үчүн Орусияга да айрым иштерде артыкчылык бериле баштады.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз коому ички саясатта бийликтин диктатураны орнотуу аракеттерине каршы туруп, элибиздин зулумдукка каршы баатырлык мүнөзүн күчөтүп баруубуз зарыл. Муну менен катар колонизаторлордун таасир талашуу майданына айланып калбастан, ага каршы Ислам сакофатын тунук үйрөнүп, аны бийик көтөрүп чыгууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү сарпташыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here