Эрбаш: Палестинаны колдоо Үммөткө фарз

6180
0

Эрбаш: Палестинаны колдоо Үммөткө фарз

Түркия диний комитетинин башчысы профессор, доктор Али Эрбаш, Стамбулдагы Айя-София мечитинин алдында Израилдин Палестинага чабуулдары тууралуу билдирүү берди. Анда Эрбаш үммөткө Палестинаны колдоп-кубаттоо фарз экендигин айтты.

“Палестина калкын, айрыкча, Газанын калкын үй-жайынан кууп чыгуу жана алардын жерлерин басып алуу таптакыр кабыл алынбай турган кылмыш. Газа калкынын бул баскынчылыкка каршы күрөшү диний жана эл аралык укук көз карашынан мыйзамдуу иш. Ислам Үммөтүнө болсо, аны ар жактан колдоп-кубаттоо фарз. Залим Израилге каршы мазлум палестиналыктар менен бирге туруу ар бир адамдын мойнундагы адамдык жана моралдык жоопкерчилик болуп эсептелет. Газа калкын жалгыз калтыруу адамзат үчүн эбегейсиз шерменделик болуп, тарых муну эч качан кечирбейт. Ошол себептен Палестинадагы мазлумдарды коргоо үчүн эмне кылыш керек болсо, дароо ишке ашырылышы керек”, – деди диний комитеттин башчысы Эрбаш.

Комментарий: Ислам Үммөтү Газа калкына карата болуп жаткан зулум жана кыйноолорду токтотуу үчүн материалдык жана моралдык жактан колунан келген бардык иштерди кылып жатат. Мисалы, яхудий вужудунун кыргындарына каршы акцияларды өткөрүп, бийликтегилерден буга каршы күрөшүүнү жана армияларды аттандырууну талап кылууда. Израиль товарларына бойкот жарыялап, жалпы элди ушуга чакырууда. Израиль элчиканаларынын жанына барып, өкмөттөн яхудий вужуду менен экономикалык, аскерий жана дипломатиялык мамилелерди үзүүнү о.э. яхудий элчисин өлкөдөн чыгарып жиберүүнү талап кылууда. Газага материалдык жардам кампаниясында эч бир экиленбестен болгон берип жатат. Газага чектеш мамлекеттердин калкы чек араларда түнөп, колунан келген жардамын аябай жатышат. Ал тургай Иорданиянын калкы Газага өтүү максатында чек араны көздөй жүрүш кылып, бийликтегилердин жүрөгүн түшүрдү.

Бирок, Ислам Үммөтүнүн калк катары ишке ашырган бардык аракеттерине карабастан, яхудий вужудунун кыргындары үзгүлтүксүз уланууда. Себеби, яхудий вужуду кыргынды армиянын күчү менен ишке ашырууда. Демек, анын кыргындарын күч гана токтотот. Андай күч Ислам Үммөтүндө бар. А бирок, Үммөттүн үстүнө зомбулук менен орношуп алган мусулман өлкөлөрдүн башчылары – Ислам Үммөтү армияларды аттандырууну талап кылышына карабастан – сүкүт сактап отурушат же каралап коюу менен чектелип жатышат. Себеби, аларда бул күчтү аракетке келтире турган эрк жана кайрат жок. Алар бул маселеде Аллахтын буйругун да, элдин талап жана каалоосун да эсепке алышпайт. Алардын эрки толугу менен Батыштын каалоосуна көз каранды. Ошондуктан, дүйнөдөгү эң күчтү армиялардын катарынан орун алган исламий өлкөлөрдүн аскерлери яхудий вужудунун кыргындарын казармаларда, телевизордон тамаша кылып көрүп отурушат. Себеби, бул армиялардын жана башка коопсуздук кызматтарынын башында турган жетекчилер Батыштын ишенимдүү малайына айланып калышкан. Ушундай болгон соң, яхудий вужудун түп-тамыры менен сууруп таштоо аркылуу анын кыргындарын токтотуу үчүн, алгач мына ушул вужуддун чыныгы сакчыларына айланган режимдерди кулатып, алардын ордуна бүтүндөй Ислам Үммөтүн тавхид байрагы алдына бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылыш керек. Мына ошондо гана Газадагы мусулмандар эле эмес, бүт дүйнө жүзү бул сионисттердин жийиркеничтүү иштеринен кутулат.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here