Кыргызстанда Кызыл-Омпол маселеси кайрадан күндеминде

5727
3

Кыргызстанда Кызыл-Омпол маселеси кайрадан күндеминде

 Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кени боюнча жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуудан кийин өлкөдө кенди иштетүү-иштетпөө маселеси кызуу талкууланып жатат. Оппозиция аталган кенди иштетпөө маселесин көтөрүп, коомдук пикирди пайда кылууга умтулуп жатат. Бийлик болсо кенди мамлекет өзү иштете турганын жүйө кылып, мыйзамды өзгөртүү аракетинде. Бул маселенин эл аралык саясатка тиешелүү жагы да албетте жок эмес. Төмөндө мына ушул жагдайларга жана кенди иштетүүдөгү исламий позицияга токтолуп өтмөкчүбүз.

Кызыл-Омпол кени

Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен аймагы 1951-жылы ачылган. Аймакта кен жайгашкан негизги беш аймак бар. Алардын башында Таш-Булак участкасы турат. Аталган участкада 2019-жылы “ЮрАзия” компаниясы чалгындоо иштерин баштаган болчу. СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Бул жерде, уран боюнча жогорудагы көрсөткүчтүн 3080 тоннасы гана чалгындалган. А бирок, жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Таш-Булак участкасынын өзүндө эле 3519 тонна урандын кору бар экени айтылган. Уран жана анын бирикмелери негизинен атом электр станцияларында реактор отуну катары жана өзөктүк куралда, бомба жасоодо дүрмөт катары колдонулат. Анын наркы 5-10 жыл мурда бир килограммы 300 долларга чейин жетсе, учурда 100 доллардын тегерегинде бааланууда. Украинадагы жана бир катар аймактарда согуш күчөп жаткандыктан, урандын баасы кымбатташы күтүлүүдө.

Кызыл-Омполдо торийдин болжолдуу запасы 29 миң 252 тонна. Мунун 6880 тоннасы реалдуу казса боло турган запас. Анын 3390 тоннасы Таш-Булак участкасында. Башка эсептерде ушул Таш-Булактын өзүндө эле 8 миң 499 тонна запас бар экендиги көрсөтүлгөн. Торий да уран сыяктуу радиоактивдүү зат болуп, энергиялык кубатынын күчтүүлүгүнөн атомдук энергетиканын келечеги болуп саналат. Башкача айтканда бул металлдын бир тоннасы 200 тонна уранга же үч миллион тонна көмүргө тете энергия бөлүп чыгарат. Азырынча анын баасы килограммы 100 доллардын тегерегинде. Атомдук энергетикадан сырткары металлургияда, авиа жана генератор өндүрүшүндө колдонулуп келет. Уран менен кошо космостук жана суу астында сүзүүчү кемелерге да отун катары керектелет.

Цирконий же циркон оксиди (диоксиди) Кызыл-Омполдо 287 миң 636 тонна деп эсептелген. Мунун 94 миң 441 тоннасы казып алууга мүмкүн болгон запас. Анын 34 миң тоннасы Таш-Булакка туура келет. Цирконий да көбүнчө атомдук энергетикада уранды жана башка радиоктивдүү заттарды иштетүү үчүн колдонулат. Курулушта, медицинада жана металлургияда да кеңири пайдаланылып келет. Уранга жана торийге караганда радиоктивдүүлүгү аз, бирок цирконий деле уулуу. Түрүнө жараша килограммы 100 доллардан 500-600-долларга чейин бааланат.

Кызыл-Омполдо жалпы жарым миллион тонна фосфордун оксиди бар. Мунун 124 миң 645 тоннасы реалдуу запас. Таш-Булак участкасында мунун 10 миң тоннасы гана жайгашкан. Фосфор негизинен минералдык жер семирткичтерди өндүрүүдө колдонулат. Фосфор уулуу эмес. Бирок эгер ал уран менен чогуу өндүрүлгөн болсо бул да радиоктивдүү касиетке ээ болуп калат. Баасы заттын эмне жасалганына карата түрдүүчө бааланат .

Ал эми титан-магнетиттин көлөмү аталган тилкеде 14 миллион тонна деп эсептелген. Мунун 2,6 миллион тоннасы гана казып алууга жарашы мүмкүн деген запас. Анын 1,6 миллион тоннасы Таш-Булак участогунда жатат. Титан авто, кеме, авиа жана ракета курууда, химиялык курулушта, конструкциялык материалдарда, куймаларда, боёк алууда, радиоэлектроника жана башка багытта колдонулат. Титандын наркы тазалыгына карап килограммына 5-6 доллардан 20 долларга чейин жетет. Жогорудагы кендердин пайыздык көрсөткүчүн карасак, руданын 95 пайызын титаномагнетит, 3 пайызын фосфор, 2 пайызын цирконий, 0,22 пайызын торий, 0,17 пайызын уран түзөт.

Булардан маалым болгондой, Кызыл-Омполдогу кендердин реалдуу пайда түшө турган запасы бир нече эсе аз. Башкача айтканда, өкмөт башчы Акылбек Жапаров 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар деп ооз көптүргөн сөзү турмуш чындыгына тескери. Анткени, тереңдиктеги айрым кендерди казып алуу өзүн актабашы толук мүмкүн.

Саясий өңүтү

Белгилүү болгондой, Кызыл-Омпол боюнча талаш-тартыш 2019-жылы күчөгөн. Ушул жылы Путин баштаган орусиялык делегация Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын учурунда көптөгөн ачык жана жашыруун келишимдер түзүлгөн. Натыйжада, экономикалык жактан бардык кен байлыктарды Орусия энчилеп, андан артканы гана башкаларга бериле турган болгон. Маселен, Кызыл-Омпол кенин чалгындаган «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы Канадада катталганы менен, анын 60 пайыздык үлүшү орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык болгон. Ошондуктан, Кыргызстандагы АКШ кадрлары “жарандык активисттер” наамы менен элдин “ЮрАзия” ишине нааразылыгын көтөрүүдө активдүү иш алып барышты.  Ошондуктан, Орусияга берген убадаларды аткарууда Жээнбековдун бийлиги алсыздык кылды. Элдин каршылыгынан улам Жээнбеков Кыргызстанда уран казып алууга мораторий жарыялоого аргасыз болду.

Буга кошумча, оппозиячыл саясатчылар бул маселеге популисттик маанайда катуу киришти. Айрыкча, атамбаевчил саясатчылар алдыга түшүп, КСДП партиясы кендин иштетилишине каршы расмий билдирүү жасады. Негизи, кенди чалгындоо иштери үчүн “Юразия” компаниясына лицензия 2010-жылы 18-ноябрда берилген. 2012-жылы чалгындоо иштери башталган. Лицензия кийин 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. Бул иштердин баары Атамбаев жана анын партиясы бийликте экенинде болгон.

Учурда да Жапаровдун бийлиги аталган кенди иштетүүгө шымалана киришип жатат. Кызыл-Омполдо калктын саламаттыгы үчүн кооптуу заттар болушуна карабай, анын пайдасын бетке кармашууда. “Биз руданы ташып барып Кара-Балтадан ар бирин өз-өзүнчө бөлүп алабыз. Андан кийин кайсыл өлкө сураса, ошол өлкөгө чийки зат катары сатабыз. Биздеги урандын коркунучу жок. Биздеги уран чийки зат”, – деди Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде. Жапаровдун айтымында, бул кенде да Кумтөр сыяктуу бир катар баалуу металдар бар имиш. “Кандай гана кен байлык чыккан жер болбосун бир эле курам болбойт. Мисалы Кумтөрдө бир эле алтын эмес, күмүш, жез, күкүрт сыяктуу көптөгөн курамдар бар”. А бирок, Кумтөр боюнча жасалган отчеттордо 30 жылдан бери алтындан түшкөн гана пайда эсептелип келет.

Тилекке каршы бүгүнкү бийлик дагы өз кызыкчылыгы үчүн уран жана торий кендеринин  иштетилиши элге зыяндуу экенине карабастан мурункулардын кылмыштарын улантууга камынып жатат. Кумтөр боюнча саясий упай үчүн кылган аракеттерин Таластагы «Жерүйдү» Орусияга карматуу менен жоготту. Эми болсо, мораторий жарыяланган кендерди иштетүү жолуна түштү. Уран кенин иштетүү эл үчүн чындап эле көйгөй болуп эсептелет. Аталган уран кени деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Жер астындагы уран сыртка алып чыгылгандан кийин, радиациялык нурлануу коркунучу көбөйөт. Уранды өндүрүп алууда анын калдыктары калат. Андагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Анын зыяны суу жана шамал аркылуу таркалат. Кендеги коктулардын суулары биригип келип Чүй суусуна кошулат. Көл аймагы шамалдуу болгондуктан, кенден Балыкчага карай такай шамал болуп турат. Казып алынган сыръёну тоо-кен фабрикасына ташып жеткирүү да кооптуу. Эгер уран жүктөлгөн контейнерлер аварияга учурагыдай болсо, аны зыянсыз деп алдап кетишет, бирок, эл зыянын тарткан бойдон калат. Мындай окуяга Барскоондогу цианид авариясында күбө болгонбуз.

         Түпкүлүгүндө, уран да, башка нерселер сыяктуу эле, адамзат пайдаланышы үчүн Аллах тарабынан берилген бир нээмат. Эгер аны Аллах буйругандай пайдаланбасак, адамзат үчүн нээмат эмес, балекет болот. Азыр капиталисттик системада бул уран кенинин иштетилиши экономикалык проблема катары каралып, империалисттердин жеке компанияларына берилип жатат жана мында анын адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Анткени, аларга пайда болсо болду, башка нерсени ойлоп да коюшпайт. Ислам болсо, буга экономикалык проблема деп эмес, адам проблемасы деп карайт. Ошондуктан, уран качан адамдарга зыянсыз болсо гана иштетилет. Муну иштетүүдө адамдардын ыйманы жана такыбаалыгына сүйөнөт о.э. муну Исламий Мамлекет шарият негизинде ишке ашырат.

Шариятта уран жалпы элдик мүлк болуп саналат. Анын өзү же пайдасынын үзүрүн ар бир жаран тең көрүү керек. АЭСке отун кылып, өндүрүлгөн энергияны элге бекер жеткирип береби, же Ислам мамлекетинин айбаты үчүн атомдук курал чыгарабы ж.б. – айтор, уранды элге Ислам Мамлекети иштетип берет. Бирок, азыр андай мамлекет жок. Ошондуктан,  уранды кафир державаларга жана алардын компанияларына берүү арам болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капиталисттик система пайдага негизделгендиктен, үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктарды иштетүүдө адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Буга Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн талкаланышында, цианиддин сууга төгүлүшүндө ачык күбө болдук.

О.э. саясатчылардын бул көйгөйдү бийлик үчүн күрөштөрүнө колдонуусу жайиз эмес. Алардын бул иштерине жардам берүү да күнөө. Андыктан, уран маселеси жаатында эл бийликти ушул шарият өкүмдөрү боюнча мухасаба кылышы керек.

Мумтаз Маверанахрий

3 COMMENTS

  1. Бир ууч дежур тургундар менен келишип алып элдин байлыгын иштете турган болду, Садыр Жапаров орусия барып келгенден кийин болду демек орусту ыраазы кылууну көздөп жатат

  2. Эл да кен байлыктардын акчасы кайда жана эмнеге жумшалгандыгы боюнча жооптуулардан отчёт талап кылбайт, отчёт талап кылган күндө да, бул талап жоопсуз кала берет. Себеби, бул түзүмдө бийликтеги катмар элге тиешелүү болгон эсепсиз байлыктарды кайда жана кантип жумшап жатканы жөнүндө отчёт берүүнү милдет катары эсептебейт. Эгер бул маселеде алардын бирер кыңыр иши ачылып калса, бул да проблема эмес, себеби алардын кол тийбестик укугу бар. Эч ким аларды көзөмөлдөшү же суракка тартышы мүмкүн эмес. Ошондуктан да жыл сайын ондогон тонна алтын жана кен байлыктар сатылып жатканына карабастан, элдин басымдуу бөлүгү жакырчылыкта жашап келет. Негизи, бул нерсе үстүбүздө колдонулуп жаткан бул капиталисттик түзүмдүн жемиши. Себеби, капиталисттик түзүм – бул элдин байлыгы бир ууч кимсенин колуна өтүп калышына кеңири жол ачып бере турган түзүм.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here