АКШнын кыргыз бийлигине басымы жана Жапаровдун жообу

5640
0

АКШнын кыргыз бийлигине басымы жана Жапаровдун жообу

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду. Ал кайрылууда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун айткан.

“Сиздердин активдүү жарандык коомуңуздар көптөн бери чөлкөмдөгү эң күчтүү жана Кыргызстандагы демократиянын негизги бөлүгү болуп саналат. Буга байланыштуу мен сизге кайрылып, Кыргызстандын парламентиндеги чет элдик өкүлдөр тууралуу (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”) мыйзам боюнча өзүмдүн тынчсыздануумду билдирем. Ал кабыл алынып калса, бейөкмөт уюмдар жарандык жана кылмыш иштер боюнча жазалоого кириптер болот. Бул сиздин өлкөдөгү эң улуу нерсени коркунучка кептейт”, – деди Блинкен. Мамлекеттик катчы кайрылуусунда, бул мыйзам экономикадагы, саламаттык сактоодогу жана энергиянын таза булактары боюнча президенттин демилгелерин колдоп келген эл аралык жардам программаларын азайтарын кошумчалаган.

Вашингтондун расмий маалыматына караганда, Кыргызстанга эгемендик алгандан бери ар кандай программалардын алкагында 2 миллиард доллардан ашуун каражат бөлгөн.

Ал арада “Чет элдик өкүл” мыйзам долбоору парламенттин 7-февралдагы күн тартибинен алынганы кабарланды. Буга чейин бул мыйзам долбоору Евробиримдиктен грант күтүлүп жаткан кезде токтотулган. Буга улай президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы демократиянын жана сөз эркиндигинин абалы тууралуу маеги “Кабар” маалымат агенттигине жарыяланды.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын эли – илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “жалган мекенчилдер”.

“Ал эми демократия боюнча айтсам, бизде бар демократия ошол бизди сындап аткан өлкөлөрдө жок. Демократия аларга караганда бизде алда канча жогорку деңгээлде. О.э дүйнөлүк рейтингди дал ушул сөз эркиндигине жамынган бузукулар түзөт. Эгер биз алардын айткан шарттарын, биздин элибиздин табиятына туура келбеген бузуку саясатын кабыл алып, элибиздин арасына таратып, сиңирип турсак, анда биз адам укугу, сөз эркиндиги жаатында алдыңкы орунга чыкмакпыз. Бизге мамлекетти, элди моралдык жактан бара-бара талкалап жок кыла турган андай биринчиликтин кереги жок”, – деди Жапаров маегинде.

Президент бийликтин кемчиликтерин айтып, бийликте отурган коррупционерлердин бетин ачкандардан пайда гана келерин кошумчалады. Мындай жардам бергиси келгендер интернеттен же Бишкектеги Максим Горький гүл багынан бийликке кайрылса болорун айтты.

Жапаров сөз эркиндиги тууралуу пикирин фейсбуктагы баракчасында да билдирип, буга Караколдогу аскер офицеринин эфирден жасаган кайрылуусун мисал келтирди. Аталган кайрылуу кыргыз, орус жана англис тилинде жарыяланган.

Буга чейин 11 журналисттин камакка алынып, айрым сайттардын жетекчилерине кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү кыргыз бийлигине байма-бай кайрылууларды жасашкан.

Кайрылуу жолдогондор кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышкан.

Белгилүү болгондой, кыргыз бийлиги көз карандысыздык жылдарынан бери Орусияга баш ийип кызмат кылышса, айрым учурда Батыш менен мамиле түзүүгө жана Орусиядан алыстоого аракет кылышты. Ушул күрөш жолунда өтмүштөгү бийликтердин диктатураны орнотуу аракеттери натыйжалуу болбоду. Диктатуралык режим орнотуу үчүн алгач маалыматтык монополия орнотулат. Бул жараянды дүйнөлүк системанын тажрыйбаларынан жана тарыхтагы бардык режимдердин аракеттеринен көрүүгө болот.

Ал эми, учурдагы президент Жапаровдун бийлиги диктатуралык режимди орнотуу үчүн Батыш менен болгон алакасында аралыкты сактоо позициясын карманып, тышкы саясаты Кытайга багытталууда. Бул Батыш менен болгон стратегиялык келишимдер тоңдуруп коюлушунан жана жогорудагы Жапаровдун сөздөрүнөн даана көрүнүп турат. О.э Кытай менен болгон алакалардын күчөп жатышы стратегиялык келишимдер жана кен байлыктарды иштетүү кытай компанияларына берилишинен байкалууда. Мындан улам, Батыштын колу-бутуна айланган журналисттер менен бейөкмөт уюмдарга карата чабуулдар да күчөп барууда.

А бирок, Кыргызстан өзүн КМШдагы авторитардык мамлекеттер арасында калып кеткен “демократиялык аралча” деп атап алып, Батыш мамлекеттеринен жана эл аралык уюмдардан миллиондогон доллардык карыздарды алган. Ошондуктан, Америка баштаган Батыш жана эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинен эл аралык нормаларды, келишимдерди сактоону талап кылууда. Мындай талаптар өз кезегинде натыйжасын берип, бийлик да Батыштан келе турган жардамдар жана инвестиция каршылыгында айрым мыйзамдарды артка кайтарып же тоңдуруп коюуда. Буга кошумча, Кыргызстанда диктатуралык режимдеги сакофаттын кубаты аз. Бул багытта коомдук пикирди пайда кылууга көбүрөөк убакыт талап кылынат.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз коому бийликтин диктатураны орнотуу аракеттерине каршы туруп, элибиздин зулумдукка каршы баатырлык мүнөзүн күчөтүп баруубуз зарыл. Муну менен катар Батыштын кыйтыр, эки жүздүү саясатына алданып калбастан, ага каршы Ислам сакофатын тунук үйрөнүп, аны бийик көтөрүп чыгууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү сарпташыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here