Газада ачарчылык

4762
0

Газада ачарчылык

Израилдин ырайымсыз бомбалоолору себептүү Газа секторунда ичүүчү таза сууга жетүү аябай кыйын болууда. Бул тууралуу БУУнун палестиналык качкындарга жардам берүүчү агенттиги эскертти. Аталган агенттиктин социалдык тармактагы баракчасында: “Суу – жашоонун булагы, Газа болсо суусуз жашап жатат”, – деп айтылган.

О.э. Газада ачарчылык кеңири жайылып жатканы айтылууда. Жай тургундардын жана медицина кызматкерлеринин айтымында, айрыкча жаш балдар ачарчылыктан катуу кыйналып жатышат. Күбөлөрдүн билдиришинче, түндүк Газа секторунда мусулмандар жанын сактап калуу үчүн чөп-чар жеп, булганыч суудан ичүүгө мажбур болушууда.

“Акырындык менен өлүп жатабыз. Менимче, бомбалардан өлгөн жакшыраак болчу, жок дегенде шейит болмокпуз. Бирок, азыр ачкалыктан жана чаңкоодон өлүп жатабыз”, – деди Рафах шаарынын тургуну, 7 баланын энеси Жамара.

Комментарий: Газадагы мусулмандар башынан өткөрүп жаткан оор кыргындарга, эми ачарчылык балээси кошулду. Учурда Рафах чек арасы жаап коюлгандыгы себептүү 500 миң мусулман ачарчылыктан азап тартууда. Калыс мусулмандар жөнөткөн азык-түлүктөр чек арада көпкө туруп, керектөөгө жараксыз болуп калгандыгы себептүү таштандыга ташталууда. Исламий өлкөлөрдүн 57 жетекчиси ачарчылык болуп жаткан Газаны жардамсыз таштап коюшту. Бул жетекчилер Газадагы Мужахиддерди колдомок тургай, ачарчылык жана чаңкоодон кыйналып жаткан балдарга бир ууртам суу жеткирип бере албай жатышат.

Ал эми яхудий вужуду жыргап ичип жаткан таза суу Түркиянын Манавгат провинциясынан барууда. О.э. Түркиядан (Израил)ге күн сайын азык-түлүк жана керектүү продукциялар жүктөлгөн 8 кеме жөнөп жатат. Бул тууралуу Түркиянын транспорт министри Абдулкадир Уралоглу “aljazeera.net” сайтына берген интервьюсунда ачык эле айтты. Бул ачык айтылганы гана. Айрым депутаттардын айтымында, документи башка тарапка бара жаткандай жасалып, бирок, (Израил)ге жөнөгөн кемелер да бар.

Албетте, яхудий вужудун кайраттандырып жаткан нерсе о.э. кыргындар менен чөгөлөтө албаган Газа калкын ачарчылык менен чөгөлөтүүгө шарт түзүп берип жаткан нерсе – Исламий өлкө башчылардын кыянаты. Газадагы бүгүнкү абал бул жетекчилер Ислам Үммөтүнөн канчалык алыс экендигин о.э. алар батыштагы кожоюндарына канчалык берилгендигин ачыктап койду. Ушундай болгон соң, Газадагы ачка жаткан балдардын муң-зарынан жана энелердин көз жашынан о.э. балдарынын сөөктөрүн ар жерден чогултуп жүргөн аталардын кайгысынан жүрөгү муңга толуп жаткан ар бир мусулман, эң алгач ушул жийиркеничтүү вужудду көздүн карегиндей коргоп турган режимдерди түп-тамыры менен сууруп таштап, булардын ордуна бүтүндөй Үммөттү бир байрактын алдына бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн чын дилден аракет кылышы керек. Себеби, Палестина көйгөйүн жана Исламий өлкөлөрдөгү бардык көйгөйлөрдү, ал тургай бүт дүйнөдөгү көйгөйлөрдү адилеттүү чечүүгө Халифалык мамлекети гана кудуреттүү. Бул нерсе Аллахтын шариятын колдонуучу Халифалык мамлекетинин гана колунан келет.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here