Эрдоган Газадагы согуш кылмыштарынын далилдерин сунуштоого чектелген экинчи даражалуу ролдуу аткаруу менен чектелди

2128
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдоган Газадагы согуш кылмыштарынын далилдерин сунуштоого чектелген экинчи даражалуу ролдуу аткаруу менен чектелди

“Анадолу” маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдоган анын мамлекети Эл аралык сотто сунуштаган бардык далилдер (Израилге) каршы ачылган геноцид ишине күчтүү таасир кылганын баса белгиледи. Ал 2024-жылы 12-январда Истамбулда жумъа намазынан кийин Түштүк Африка тарабынан берилген доого ылайык Эл аралык сотто (Израилге) каршы сот башталганын журналисттерге маалым кылды. Эрдоган: “Биз тапшырган жана көпчүлүгү видеотасма көрүнүшүндө болгон далилдерге ылайык, (Израиль) шексиз геноцид кылууда айыпталат”, – деди. Ал: «Эл аралык сотко биз сунуштаган далилдер Гаагада чоң таасирге ээ болот», – деп кошумчалады.

Роя: президент Эрдоган Түркиянын ичиндеги Фалестин маселесин катуу колдоп жаткан коомдук пикирди тизгиндөөгө урунууда. Ал Фалестин маселеси дүйнөдөгү бардык мусулмандарды тынчсыздантып жаткан Исламий маселе деп, Түркиядагы Фалестинди коргоого ынтызар адамдар туйгуларын толкундантып, Фалестин маселеси үчүн кандайдыр бир нерселерди сунуштап жатканын айтты. Эрдоган ушул тагдырий маселе үчүн амалда сунуштай турган эч нерсе таба албаган соң, далилдерди сотко сунуштаган тарап Түркия экенин айтты. Негизи, бул жөнүндө маалымат каражаттарында эч нерсе айтылбаган. Судьялар жана юристтер тобу аркылуу ушул далилдерди сунуштоону өз жоопкерчилигине алган тарап Түштүк Африка мамлекети болуп эсептелет. Биз Эрдогандын айткандарын чын деп элестеткенибизде да, сотто доо үчүн зарыл далилдерди даярдоодо Түркия Түштүк Африкага жардам берген болот. Эгер, биз муну туура деп эсептесек, Түркия калкы өз мамлекетинен күткөн жана үмүт кылган роль ушулбу?! Бул роль далил даярдоого гана чектелеби?!

Бу маселеде Ислам дүйнөсүндөгү башка мамлекеттерге караганда көбүрөөк жоопкерчилик Усманий мамлекеттин мураскери катары Түркиянын мойнуна түшөт. Анткени, Фалестин Усманий мамлекеттин ажырагыс бөлүгү болгон жана 1917-жылы анын башкаруусу астында турганда англистер тарабынан кулатылган. Ошондуктан, Фалестиндин колдон чыгышына – эч болбогондо моралдык жактан – башка мамлекеттерден көрө көбүрөөк Түркия жоопкер. Итикадий жактан болсо, Акса мечитин, Куддусту жана бүткүл Фалестинди баскынчыдан кайтарып алуу вазыйпасына Түркия менен бирге башка Ислам өлкөлөрү жоопкер.

 Роя гезити, №478, 2024-жыл, 17-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here