Британия «терроризмге каршы күрөшүүнү» шылтоолоп Хизб-ут-Тахрирге тыюу салууда

2437
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Британия «терроризмге каршы күрөшүүнү» шылтоолоп Хизб-ут-Тахрирге тыюу салууда

﴿قَدۡ بَدَتِ ٱلۡبَغۡضَآءُ مِنۡ أَفۡوَٰهِهِمۡ وَمَا تُخۡفِي صُدُورُهُمۡ أَكۡبَرُۚ﴾

«Алардын силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак»

 Мухандис Бахир Салих

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Британия парламенти Хизб-ут-Тахрирге тыюу салуу жана аны «террорчу уюм» деп таануу жөнүндөгү токтомду жактап добуш берди. «Хизб-ут-Тахрир терроризм жана антисемитизмди мактайт» деген негизде ички иштер министри Жеймс Клеверли сунуштаган бул токтомду жалпы жана лорддор палатасындагы бардык Британия өкүлдөрү колдошту. Британия ички иштер министри Жеймс Клеверли өз билдирүүсүндө Хизб-ут-Тахрирге тыюу салынышын Хизбдин 7-октябрь окуяларын мактаганы жана Фалестин каршылык кыймылынын (израиль) объектилерине соккуларын алкыштаганы менен негиздеди. Билдирүүдө Хизбдин бул окуяларга карата аракети «терроризмге чакыруу» жана «экстремизм жана антисемитизмге үгүттөө» деп эсептелди.

Ошентип, демократия жана эркиндик мыйзамчыларын, либерал жана илманий баалуулуктардын көзөмөлдөөчүлөрүн өзүндө камтыган  делген Британия парламенти өз принцибин, айтып келген баалуулугун жана жалган сакафатын тебелеп, Хизбди террорчу деп эсептөөдө аткаруучу бийликке кошулду.

Дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинде иш-аракет алып барып жаткан, 70 жылдан ашуун убакыттан бери аракетин улантып келе жаткан Хизб-ут-Тахрирдин террордук жана зомбулук иш-аракет менен алектенгенин же зомбулукту каражат катары пайдаланганын бир да режим далилдей албаган. Хизбге тыюу салган, анын мүчөлөрүн куугунтуктаган мамлекеттердин баарын Батыш диктатор деп мүнөздөп келет. Негизи, Батыш араб мамлекеттери, Россия жана Орто Азия мамлекеттери сыяктуу мамлекеттерге каршы күрөшүн жана алардын режимдерине душмандыгын айтып, аларды артта калган, реакциячыл, демократия жана эркиндиктин душманы деп айтып келет. Эч бир мамлекет Хизбдин пикирий жана саясий күрөштөн зомбулукка өткөн бир да окуяга күбө болгон эмес. Британия саясатчыларын өз мыйзамдарына тескери мындай кадамга барууга эмне түрттү?! Көңүл буруу зарыл жана терең текшерүүнү талап кылган нерсе ушул.

Бул суроого жооп берүүдөн мурун айтып өтчү нерсе – Хизбди кылмыш жоопкерчилигине тартуу же тыюу салуу Британия өкмөтүнүн биринчи аракети эмес. Тыюу салуу токтому Тони Блэр, Дэвид Камерон жана Тереза Мэй сыяктуу премьер-министрлер тарабынан бир нече ирет талкууга коюлган. Алар тыюу салууга анык мыйзамдуу негиз болбогону үчүн артка чегинишкен. Алар учурда бул токтомго мыйзамдуу негизди табыштыбы?! Албетте, жок! Хизб өз пикирин, иш-аракетин жана ишенимин өзгөрткөн жок. Хизб Аллах аны үстөм кылмайынча өз жолун таптакыр өзгөртпөйт жана өз принцибинде бекем турат. Өзгөрүү Хизбде эмес, аларда болду.

Бул ирет алар Хизбге тыюу салуу үчүн көрсөткөн шылтоо Хизбдин Газадагы мужахиддерди колдоп-кубаттаганы жана кылмышкер душман яхудий вужудуна каршы мужахиддерге жардам көрсөтүүгө чакырганы болду. Муну алар антисемитизм жана терроризмге чакыруу деп эсептешти. Бирок, алардын бул шылтоосу жана «далилинин» эч бир кадырым жок, ал тургай, карап чыгууга да арзыбайт. Боордош өз боордошун колдоп-кубатташы качандан бери антисемитизм болуп калды?! Яхудийлер Фалестин калкына каршы ишке ашырып жаткан кыргын жана жырткычтыктарды четке кагуу текчилдик эсептелеби?! Ко-ош, адилет, акыйкат жана зулум көргөндөргө жардам берүү өлчөөсү кайда калды?! Бул, бүткүл дүйнөдө, Батыш дүйнөсүндө ушул кылмыш жана жырткычтыкты четке кагып митинг жана демонстрацияларга чыккан адамдарды Британия өкмөтү антисемит деп эсептейт дегениби?!

Газа жана анын калкын колдоп-кубаттоого, аларга жардам берүүгө чакыруу “терроризм” деп эсептелип жатат. Ко-ош, ким “террорист” деп аталууга ылайыктуу: Британияда дин, хазарат жана сакафатта боордошу эсептелген мусулманга сөз менен жардам берип, ага кайрат, жеңиш жана кыргындардан кутулушун тилеп дуа кылып жаткан мусулманбы же яхудий вужудун колдоп, аны курал-жарак, жарылуучу заттар, самолёттор жана разведка маалыматтары менен камсыздап жаткан о.э. балдар, аялдар жана карылардын өлтүрүлүшүнө, мечит жана мектептерди ичиндеги адамдары менен кошо жардырууга шерик болуп, кылмыштары менен дүйнөгө мактанып жаткан британиялыкпы?! Геноцид жана жырткычтыкка кабылган мазлумду колдоо “терроризм” эсептелеби?! Канкор кылмышкер менен бирге болуп, ага курал-жарак жана разведка маалыматтарын жеткирип берген киши тынчтыкты сактоочу жана адамзаттын коргоочусу эсептелеби?!

Алардын далилдери мыйзамдуу жактан негизсиз экендиги анык. Бул токтом – таасирдүү чөйрө тарабынан кабыл алынган саясий чечим. Бул чөйрө өкүлдүк, эркиндик жана адам укуктарын коргоо талаптарын аткарбайт. Ошондуктан, ал тишин көрсөтүп ырылдап, өзүнүн чыныгы жүзүн ашкере кылды. Себеби, Хизбдин иш-аракети, кылмышкер өкүмдарлардын кыянатын жана Ислам дүйнөсүндөгү малайлардын бетин ачканы, Умматты режимдерди кулатууга үндөгөнү о.э. Фалестин, Газа жана Акса мечитине жардам көрсөтүү үчүн армияларды аракетке келтирүүгө чакырганы аларды тынчсыздантып койду. Хизб яхудий вужудунун кылмышын, аны колдоп-кубаттаган Батыш өкүмдарларынын жырткычтыгын ачыкка чыгаргандыгы аларды кабатырлантты. Батыш коомчулугу алдында алардын жүзү ачылды, коомчулук аларды кылмышта яхудийлерге шерик, кыргындар жана геноцидде алардын колдоочусу деп билүүдө. Ошондуктан, алар Ислам жана Хизб туурасында жүрөгүндө жашырган жек көрүүнүн бир учун ачыктоого мажбур болушту. Себеби, Хизб эч качан аларга достук билдирбеди, токтотуу же таасир өткөрүүсүнө үмүт калтырган жок.

Хизбдин “Акса ташкынына” карата позициясы, Умматты жана Уммат армияларын Газага жардам көрсөтүүгө чакырышы, Батыш жана анын жетекчилеринин бетин ачууга кошкон салымы Риши Сунакты кабатырга салды. Ушул себептен улам, Хизбге тыюу салуу токтомун кабыл алуу үчүн өз демократиясын четке ыргытып, өздөрү айтып келген эркиндик принциптерин тебелеп-тепсешти. Иш сотко сунушталды. Сот өкмөт жана парламентти колдоого чечим кылган соң, бул токтом басым астында кабыл алынган токтом эмес. Тескерисинче, ал Британиядагы мамлекет ичиндеги мамлекеттин токтому болуп эсептелет жана эртең алар бардык баалуулуктарды да курман кылышат.

Британия саясатчылары, башка мамлекеттердин жетекчилери жана режимдери билген чындык ушул – Хизб иш-аракетин жана даъватын улантат. Ал тыюу салууга же уруксат берүүгө маани бербейт жана анын Ислам дүйнөсүндөгү иш-аракети буга далил. Хизб режимдерге жагынуу же алардын жамандыгынан сактануу үчүн эч качан өзүнүн пикирин жана принциптерин өзгөртпөгөн, Расулуллах ﷺдын ушул хадисинин тастыгы катары Аллах аны үстөм кылганга чейин өзгөртпөйт:

«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الْحَقِّ ظَاهِرِينَ لَعَدُوِّهِمْ قَاهِرِينَ، لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَالَفَهُمْ، إِلَّا مَا أَصَابَهُمْ مِنْ لَأْوَاءَ، حَتَّى يَأْتِيَهُمْ أَمْرُ اللهِ وَهُمْ كَذَلِكَ»

«Умматымдан бир топ кишилер динде үстөм болуп, душмандарын жеңишет. Каршы чыккандар аларга зыян жеткире алышпайт. Аларга түрдүү азап-кыйынчылыктар гана жетет. Аллахтын буйругу келгенге чейин алар ушундай абалда болушат». Ошол үстөм жана жеңүүчү топ – Аллахтын уруксаты менен – биз болобуз деген үмүттөбүз.

Бүгүн Батыш дүйнөсү жана малай өкүмдарлар акыркы демин тартышууда. Алардын көпчүлүгү Уммат козголуу үчүн кайнаган абалда турганын, акыйкат менен батыл ажырап, келечек Исламга жана рошид Халифалык мамлекетине таандык экенин, бул жакындашып калганын аңдап турушат.

Британия Ислам Умматы жана Халифалык менен боло турган эсептешүүсү өтө оор болушун билет. Себеби, мусулмандардын Халифалыгын кулаткан, Умматты ыдыраткан жана Ислам өлкөлөрүн колония кылып, канын соргон – бул Британия. Ал жүз жылдан ашуун Умматтын канын соруп, анын бузгунчулугу Ислам дүйнөсүнө жайылды. Уммат менен анын ортосундагы душмандык эзелтеден келе жатат, терең тамыр жайган. Ал муну билет жана Ислам Умматы менен боло турган бул кагылышууну кечиктирүүгө абдан умтулат. Бул кагылышуу Уммат өз Халифалыгын тикелегенде болушун да билет. Ошондуктан, ал Хизб Халифалыкты тикелешине тоскоолдук кылуу үчүн күрөшүүдө жана айла-амал кылууда. Анын аракети куру кыял гана. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ ٱللَّهَ بَٰلِغُ أَمۡرِهِۦۚ قَدۡ جَعَلَ ٱللَّهُ لِكُلِّ شَيۡءٖ قَدۡرٗا﴾

«Албетте, Аллах Өзү (каалаган) ишине жетүүчү. Чындыгында Аллах бардык нерсе үчүн өлчөө белгилеген»                                                                                                                    [65:3]

 Роя гезити, №479, 2024-жыл, 24-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here