بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Иордания, Мисир жана Фалестин администрациясы өкүмдарлары кол салууну токтотуу үчүн яхудий вужудуна басым өткөрүүнү четке кагышууда
Иордания королу Абдуллах II, Мисир президенти Сисий жана Фалестин администрациясынын жетекчиси Махмуд Аббас 2024-жылы 10-январда Акабада жолугушту. Бул жолугушуу АКШ мамлекет катчысы алар менен жеке жолугушкандан кийин болду. Алар «(израилдин) Газага кол салуусун токтотуу, коргоосуз катардагы калкты коргоо о.э. Газа секторуна гуманитардык жардамдарды жетиштүү жеткирип берүү үчүн басымды улантуу зарылдыгын» баса белгилешти. «Газа секторунун айрым бөлүктөрүн кайра басып алуудан же ал жерде коопсуз зоналарды түзүү аракеттеринен» эскертишти. О.э. алар Газа калкынын өз үйлөрүнө кайтуу мүмкүнчүлүгүн берүү зарылдыгын баса белгилеп, фалестиндиктерди Батыш Жээк жана Газа секторунан көчүрүү планын четке кагышты. Алар араб мамлекеттери жана активдүү мамлекеттерди «эки калк жана эки мамлекет» чечимине негизделген адилеттүү жана кеңири көлөмдүү тынчтык орнотуу үчүн Фалестин маселеси үчүн саясий жол табууга чакырышты.
Роя: алар чечим кабыл алуучулар эмес, бирок алар өздөрүн чечим кабыл алуучу катары көрсөтүү үчүн ушул жолугушууну өткөрүштү. Кала берсе, алар Американын яхудий башкы катчысы аларга буйруган нерсени айтууну каалашты жана андан яхудий вужудуна басым өткөрүүнү сурашты. Алар бул кылмышкер вужудга басым өткөрүү үчүн эч кандай чара көрүшкөн жок. Яхудий вужуду менен мамилелерди нормлдаштыруу келишимдерин токтотуу, дипломатиялык жана соода байланыштарын токтотуу, аны менен коопсуздук иштерин координациялоону бекер кылуу сыяктуу эң кичине иштерди да кылышкан жок. О.э. алар «Кэмп-Дэвид», «Осло» жана «Вадий Араба» келишимин бекер кылышпады жана яхудий вужудун бекемдеген Американын «эки калк жана эки мамлекет» чечимин кабыл алуудан баш тартышкан жок.
Роя гезити, №478, 2024-жыл, 17-январь.