«Америкага өлүм» урааны жалганы экени ачыкталды Хусийлердин Америкага каршы согушу – кагаздагы гана согуш

2393
0

Басма сөз баянаты

«Америкага өлүм» урааны жалганы экени ачыкталды

Хусийлердин Америкага каршы согушу – кагаздагы гана согуш

2023-жылы 31-декабрда АКШ күчтөрү Кызыл деңизде Хусий деңиз күчтөрүнүн үч катерине чабуул кылды. Натыйжада, үч катер жок кылынып, чөктүрүлдү, алардын ичинде болгон он аскер набыт болду.

Ошондон бери Хусийлер эч кандай реалдуу согуштук жооп кайтарган жок. Негизи, Хусийлер «Америкага өлүм» деген нерсени ураан көтөрүп, америкалыктарга коркутууларды кылып дүйнөнү дүңгүрөтүп келишет. Эмнеге алар алигече Америкага жооп соккусун беришпеди?! Таң калычтуусу, Хусийлер ар кандай учурга байланыштуу борбор Санъадагы Сабъин аянтында өткөрүшкөн «параддарда» баллистикалык ракеталарын, учкучсуз учактарын көрсөтүшөт… О.э. Америка кошуундарынын бул чабуулунан алты күн мурун коргоо министри Мухаммад Насир Атифий деңиз күчтөрү жана жээкти коргоо командачылары, штабдары жана офицерлери катышкан жыйында күжүрмөн даярдык жарыялаган.

Бул окуя америкалыктар тогуз жылдан бери Хусийлер Ямандын ар тарабында согуш кылышына ыраазы болуп, жол бергенин ачыктап турат. Андай болбогондо, Хусийлер бул согуштан тыйылып, Яманга тынчтык жана коопсуздук алда качан келмек. Бирок, Хусийлер аларга чабуул кылып, аскерлерин өлтүргөн кафир аскерлерге бир да ок атууга батына алышпады… Алар Аллах Тааланын:

﴿قَاتِلُوهُمْ يُعَذِّبْهُمُ اللهُ بِأَيْدِيكُمْ وَيُخْزِهِمْ وَيَنصُرْكُمْ عَلَيْهِمْ وَيَشْفِ صُدُورَ قَوْمٍ مُّؤْمِنِينَ

«Алар менен согушкула, (ошондо) Аллах аларды силердин колуңар менет азаптайт, кор кылат жана силерди алардын үстүнөн женишке ээ кылат, ошондой эле момун коомдун дилдерин кандырып, көңүлдөрүндөгү кам-кайгыны кетирет» [Тавба: 14]

деген каламын бүтүндөй унутушту. О.э. Америкага каршы маалымат каражаттары аркылуу гана күрөш алып баруу менен чектелишти! Маселен, Жээкти коргоо командачысы «шахиддерибиздин каны текке кетпейт… жооп соккусу жерди силкинтет» деген билдирүүнү берген болсо, Мухаммад Али Хусий «Бизде мыкты курал-жарактар бар, Американын аскерий кемелери болсо башка доордо иштелип чыккандыгы маалым» деп билдирүү берди.

Кафир америкалыктар, эгер мусулмандардын роббаний командачысы бар деп билишкенде, мусулман өлкөлөрүнө чабуул кылып, канын төгүүгө батына алышпайт эле. Алар азыр мусулмандар малай өкүмдарлардын чеңгелиндеги жетимдерге окшоп калышканын билишет.

Эй, мусулмандар!

Фарз болгон жихад кайда?! Же ал өз ара фитна согуштарда болуп, кол салган кафирлерге каршы Аллах Таала важиб кылган согушта болбойбу?!

Же Хусийлер Британия малайлары болгон Хадий жана Тарик Мухаммад Абдуллах Салихке каршы Бабул Мандабда алып барган айыгышкан күрөш Яманды Британиянын өкүмдарлыгынан чыгарып, Америка өкүмдарлыгына өткөрүү үчүн болгонбу?!

Хусийлер Кызыл деңизде яхудий вужудунун кемелерин тосушу болгону бир көргөзмөбү?! Хусийлер эч качан аскерий кемелерди бутага алууну көздөшпөдү. Американын аскерий кемелери чабуул кылганда артка чегиништи.

Биз билебиз, америкалыктар Кызыл деңиздеги саясаты алкагында Хусийлер өз тарапкерлери алдында аброюн сактап калып чыгып кетүүгө жол беришет.

Биз мурун жарыялаган билдирүүбүздө Кызыл деңизде кафирлердин кемелеринин турушу мусулман өлкөлөрүнө, алардын ыйык жайларына үлкөн кооп-коркунуч туудурушун жана бул кемелердин баарын ал жерден чыгаруу зарылдыгын түшүндүргөнбүз.

Америка жер жүзүндө бузгунчулук таратып, Исламды душман кылып алып, мусулман өлкөлөрүнө бастырып киргенде, бизге, мусулмандар катары бул мамлекетти жер менен жексен кыла турган эр азаматтар зарыл эмеспи?

1795-жылы биздин мамлекетибиз жана халифабыз болгон заманда Американын аскерий кемелери мусулман өлкөлөрүнөн кайтарылып, Жер ортолук деңизде өрттөлгөн… Бүгүн, 2023-жылы зыянкеч мамлекетчелер заманында болсо Американын мындай кол салуусуна жооп соккусун берүүгө батына алышпай жатышат. Чынында, бул эки позициянын ортосунда чоң айырма бар!

Хусийлер капиталисттик түзүмгө амал кылып, аны колдонушууда, бул иштери исламий өлкөлөрдөгү башка малай өкүмдарлардан айырмаланышпайт… Алар карамүртөз амалдарда да, жалган билдирүүлөрдө да бирдей.

Сайкс-Пико режимдери кафирлерге каршы бул вазыйпаны аткара алышпайт. Бул нерсени жүзөгө чыгарууга пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети гана кудуреттүү. Хизб ут-Тахрир бул мамлекетти тикелөө үчүн аракет кылууда. Ал Халифалыкты кайра тикелөөдө Умматты жетектөө үчүн Уммат арасында, Уммат менен бирге иш-аракет алып барууда. Эй, Яман калкы, Халифалыкты тикелөө жана Батыш мамлекеттеринин силерге сунулган колдорун балта менен чабуу үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге болгула. Расулуллах A айтат:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалык болот».

Хизб ут-Тахрирдин Яман вилаятындагы

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here