Дүйнөдөгү эң бай адамдардын капиталы үч жылда эки эсе көбөйдү

2125
0

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын капиталы үч жылда эки эсе көбөйдү

Дүйнөдөгү эң бай беш капиталисттин байлыгы 2020-жылдан бери эки эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу Oxfam уюму жаңы отчетунда жарыялады.

Маалыматка ылайык, дүйнөнүн эң бай беш адамы: Илон Маск, Бернард Арнольд, Жефф Безос, Ларри Элисон жана Марк Цукербергдин жалпы байлыгы 2020-жылдан бери 423,8 млрд еврого, тагыраагы ар биринин байлыгы 114% өскөн. Ал эми, жер калкынын алдыңкы сабындагы 1 пайыз капиталисттер дүйнө байлыгынын 43 пайызына ээлик кылууда. Жалпы миллиардерлердин капиталына 2020-жылдан бери 3,3 триллион доллар кошулган. “Oxfam”дын баса белгилешинче, бул инфляцияга салыштырганда үч эсе тездик менен өскөнүн билдирет. Мындай ылдамдык жакынкы он жыл ичинде алгачкы триллионерди пайда кылат.

Мунун каршысында, дүйнө калкынын 60 пайызы (дээрлик 5 млрд адам) 2020-жылдан бери дагы да жакырчылыкка баткан. Отчетто айтылышынча, глобалдык компаниялар байлардын капиталы дагы да көбөйүшүнө, жакырлардын дагы да жакырланышына салым кошууда. Натыйжада, 52 өлкөдө 800 миллион жумушчунун инфляциядан тышкаркы реалдуу айлык акысы азайган. Жумушчулар акыркы эки жылда жалпысынан 1.5 триллион долларын жоготкон. Бул жумушчулардын ар бири жылына 25 күндүк жумушунун акысын жоготконун билдирет.

Булардын баары дүйнөгө өкүмдарлык кылып турган капиталисттик системанын натыйжасында пайда болууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here