Пакистан Коопсуздук министринин АКШ менен кызматташтыгы жана малайлыгы

2977
0

Пакистан Коопсуздук министринин АКШ менен кызматташтыгы жана малайлыгы

Суроо: Пакистан Башкы штаб жетекчиси Асим Мунир Америкага жасаган расмий иш сапарынын алкагында, аналитикалык борбордо сүйлөгөн сөзүндө, Пакистан Америка Кошмо Штаттары менен узак мөөнөттүү, көп тараптуу өнөктөштүк аркылуу эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүнү каалай турганын билдирди. Мунир: “АКШга жасаган иш сапарынын алкагында саясий жана аскердик жетекчилер менен жолугушуулар абдан позитивдүү болду”,- деп баса белгиледи. (Пакистан куралдуу күчтөрүнүн X баракчасы 20.12.2023) 2023-жылдын 11-декабрында Пакистан Куралдуу күчтөрүнүн медиа кызматы болгон “Кызматтар жана калк менен байланыш биримдиги” (ISPR) жасаган билдирүүдө, Башкы штаб жетекчисиалгачкы расмий иш сапары менен АКШга барганын жарыялады. Пакистандын Америка Кошмо Штаттары менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүсү жана министрдин америкалык саясий жана аскерий жетекчилер менен жолугушуулары позитивдүү өткөнүн айтышы эмнени билдирет? Бул Индия жана Кашмир маселесинде, Ооганстан темасында жана жөөттөрдүн баскынчылыгы каршысында Палестина калкын колдоого тоскоолдук кылуу жана эки мамлекет чечими шылтоосу менен яхудий вужудун кабыл алуу үчүн Пакистандын колонизатор Америка менен көбүрөөк союз түзүшүн билдиреби?

Жооп:

Жогорудагы суроолорго жооп берүү үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

1-Асим Мунир 2022-жылдын 24-ноябрында генерал Камар Жавед Бажванын сунушу менен Америкачыл премьер-министр Шахбаз Шарифтин макулдугу менен Башкы штаб жетекчисиболуп дайындалды. Бул Америка аны Башкы штаб жетекчисикатары көргүсү келгенин билдирет. Кудум Бажва Америка менен кызматташканы сыяктуу, ал да Америка талаптарын  кабыл ала тургандыгын көрсөтүп турат… Анын бул кызматка дайындалышы Пакистан экономикалык кризистен жапа чегип турган учурга туш келди. Ошондуктан, Сауд Арабиясынан жана Перс булуңундагы башка өлкөлөрдөн акча агымын камсыздай ала турган адам керек болду. Анткени Мунир Сауд Арабиясында кызмат өтөгөн жана аны менен жакшы мамиледе… “Байкоочулар Министрдин сапары абдан чоң мааниге ээ экендигин жана зарыл болгон каржылык жардамдын жолун ача алышына ишенүүдө…” (https://tribune.com.pk 05.01.2023).

Асим Мунир толугу менен Америкага малай аскерий режимдин мүчөсү болгон. Ал коопсуздук жана аскердик кызматтарда жогорулап, 2014-2016-жылдары кургактык күчтөрдүн Түндүк аймагынын башчысы, 2016-2018-жылдары Аскердик чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси, 2018-2019-жылдары Башкы чалгындоо кызматынын жетекчиси болгон. Уруулар аймагында согушка катышкан. Ошондуктан, ал Америкага малай Пакистан режиминдеги түркүктөрдүн бири. Мунир 2019-жылы эч кандай себеп көрсөтүлбөстөн мурдагы премьер-министр Имран Хандын чечими менен чалгын кызматынын жетекчилигинен бошотулуп, анын ордуна Файз Хамид дайындалган. Имран Хан менен армиянын ортосунда 2022-жыл 29-ноябрда  мөөнөтү аяктап бараткан Бажванын ордуна кимдин Башкы штаб жетекчиси болуп келиши маселесинде келишпестик чыкты. Имран Хандын Бажвага жакын болгон Асим Мунир менен келишпестиги бар эле. О.э. өзүнө жакын Фаиз Хамидди Ички чалгындоо кызматына жетекчи кылып дайындамакчы болду. Имран Хан армиянын таасири астында калбоо үчүн премьер-министр катары армияга басым өткөрүүгө аракет кылып жатканы көрүнүп турду. Анткени, армия өкмөттүн көзөмөлдөөчүсү сыяктуу иш алып барып, ага каалаган саясатын таңуулап турган. Бул келишпестиктен улам Имран Хан 2022-жылдын апрель айында кызматтан алынган, андан кийин ага каршы коррупция жана мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган деген айыптар менен кылмыш иштери козголгон. 2022-жылдын 5-майындагы суроого берилген жоопто мындай деп айтылган: (… Жогоруда айтылгандай, Имран Хан армияга жана артындагы Америкага кылган бардык кызматтары ага эч кандай пайда алып келбейт деп күткөн эмес! Колонизатор каапырлардын колдооосу аркылуу бийликке келген кимсе, алардын малайы экенин жана алар каалагандай гана кыймылдай аларын аңдабагандай. Кафирлер үчүн ал каалагандай жылдыра турган шахматтагы таш сыяктуу. Мындан да жаманы, эгер ал кожоюндарынын кызыкчылыктарын ишке ашырып бербесе ар убак тартынбастан туруп таштандыга ыргытып салышат. Имран Хан туш болгон абал дал ушунун өзү”. Ошентип Америка Имран Хандын кулатылышына каршылык көрсөткөн жок жана анын өз малайы экенин билип туруп, оодарылышына үнсүз макул болду. Белгилүү болгондой, Имран Хан да Американын малайы болгон. Ошондуктан, Имран, Бажва жана Хамид 2019-жылы Кашмирди Индияга кошууга макул болушкан. Бул окуядан эки апта мурда алар Америкага иш сапары менен барып, президент Трамп менен жолугушкан. Ошондуктан, алар Индиянын Кашмирди аннексиялап алуусуна каршы эч кандай олуттуу чара көрүшкөн жок. Тескерисинче, алар Американы ыраазы кылуу жана өздөрүнүн мансабын, тар кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн  ага кыйыр түрдө макул болушту. Америка армиянын өкмөт жана калктын үстүндөгү өкүмдарлыгын колдоду. Анткени күч түзүмүндөгү лидерлер Америкага байланган жана колониялык кызыкчылыктарын аткарып берип турат. Ал эми, Пакистандагы саясий чөйрөдө Британиячыл дагы адамдар бар болуп, андыктан, Американын кызыкчылыгы толук ишке ашуусуна кепилдик жок. Саясий чөйрөдөгү малайлардын алмашуусу аркылуу бийликтин Америкага болгон малайлыгына коркунуч туулушу ыктымал.

2-Пакистан Куралдуу күчтөрүнүн медиа кызматы болгон “Кызматтар жана калк менен байланыш биримдиги” (ISPR) тарабынан арабча X баракчасы аркылуу 2023-жылдын 11-декабрында жасалган билдирүүдө, “Пакистан Башкы штаб жетекчисигенерал Асим Мунир кызматка келгенден кийинки алгачкы расмий сапары Америка Кошмо Штаттарына жасалганы айтылды. Сапарынын алкагында ал жогорку даражалуу аскерий жана саясий адамдар менен жолугушары белгиленди. 2023-жылдын 11-декабрында Египеттин “Al-Shorouk News” сайты Пакистандын “The Express Tribune” гезитине шилтеме жасап ырасташынча, Мунирдин сапары Американын жогорку даражалуу аткаминерлери өткөн аптада Пакистанга жасаган иш сапарынын артынан уюштурулду. Ага чейин Байден администрациясынын качкындар маселелери боюнча жогорку даражалуу расмий өкүлү Исламабадга төрт күндүк сапар менен барган. Анын сапары Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы мамилелер чыңалып жаткан учурга туш келген. АКШ Мамлекеттик катчысынын “Калк, качкындар жана миграция иштери” боюнча жардамчысы Жульетта Вэнс Нойес Пакистандын борборунда 7-декабрга чейин калды”. Бул күнү Башкы штаб жетекчиси генерал Асим Мунир өкмөттүн мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо чечимин колдоп, качкындар Пакистандын коопсуздугуна жана экономикасына зыян тийгизерин билдирди. Айрыкча, мыйзамсыз мигранттар жергиликтүү нормаларга ылайык жана адам укуктары сакталган, ар намысына шек келтирилбеген абалда өлкөлөрүнө жөнөтүлгөнүн баса белгиледи. Бул жерде Американын качкындар маселеси менен бирге Пакистандын ички иштерине кийлигишүүсүнүн көлөмү ачык көрүнүп турат. Качкындар маселеси согуштар себептүү Пакистанга баш калкалаган жана экинчи өлкөсү катары эсептелген, ондогон жылдар бою жашап жаткан афгандарга байланыштуу маселе. Алар чет элдиктер эмес, тескерисинче, калкы мусулман болгон өлкөлөрүнүн пайдубалы бир өлкө. Америка бул эки мусулман өлкөнүн ортосундагы айырмачылыктардан пайдаланууга, аймактагы таасирин арттыруу үчүн бул айырмачылыктардан колдонууга аракет кылууда. Ошентип, Америка Пакистан менен Ооганстан ортосундагы мамилени чыңалтып, алардын биригүүсүнө тоскоолдук кылмакчы. Ушундайча, Пакистан Кашмирди Индиядан азат кылуу үчүн күрөшүүнүн ордуна Ооганстан менен болгон бул чыңалууну басаңдатуу менен алек болмокчу. Муну менен Америка Индиянын Пакистан тараптагы чек арасында коопсуздукту камсыздамакчы. Индиядагы Моди өкмөтү болсо бүткүл күч-кубатын Кытай менен болгон жаңжалдарга багыттоо менен Америкага кызматын улантмакчы.

3-“Марефа” сайтынын 2023-жылдын 15-декабрында “Пакистан таңы” баракчасына шилтеме кылып билдиришинче, “Коопсуздук министри Асим Мунир 14-декабрь күнү АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин менен жолугушту. Жолугушуудан кийин Пентагондо жасалган кыскача билдирүүдө: “Тараптар аймактагы акыркы коопсуздук маселелерин жана эки тараптуу коргонуу кызматташтыгынын потенциалдуу багыттарын талкуулашканы жана АКШ Штаб башчысы, генерал Браун менен жолугушту”. Аталган сайт  Мунирдин 15-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен, анын саясий иштер боюнча орун басары Виктория Нуланд жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин орун басары Жонатан Феннер менен жолугушту” деп жазды. Анда, АКШнын Мамлекеттик катчысынын расмий сүйлөөчүсүнүн: “Пакистан биздин маанилүү өнөктөш жана Пакистан өкмөтүнүн ичинде ар тараптуу чөйрөлөр менен диалогдобуз… Биз аймактык коопсуздук жаатында Пакистан менен кызматташууну улантууну чыдамсыздык менен күтөбүз”, деген билдирүүсү да жарыяланды. “Пакистан таңы” Мунирдин Блинкен менен болгон жолугушуусу тууралуу дипломатиялык булакка шилтеме жасап: “Алар эки тараптуу кызматташтыкты жана аймактагы кырдаалдын бардык тарабын талкуулашты” деп жазды. АКШнын Мамлекеттик катчысынын расмий сүйлөөчүсү, Пакистан Башкы штаб жетекчиси жана Чалгындоо кызматынын башчысы менен Энтони Блинкендин жолугушуусу тууралуу суроого жооп берип жатып мындай деди: “Биз алар менен аймактык коопсуздук жана коргонуу тармагында кызматташууну чыдамсыздык менен күтүүдөбүз”… (АКШ өкмөтүнүн веб-сайты 18.12.2023).

Булардын баары Пакистан Башкы штаб жетекчисинин президент сыяктуу америкалык аскердик, коопсуздук, ал тургай саясий жетекчилер менен тынымсыз жолугушууларды өткөргөнүн көрсөтүп турат! Америка бул жолугушууларды кеңейтип, Пакистандагы иштерди жөнгө салууну каалап жатканы ыктымалдан алыс эмес. Америка Пакистандагы шайлоолор жакындап калгандыктан (2024-жылдын февраль айында), эгер жылдырылбаса эле, Пакистандагы малайлары жана саясаты ал каалагандай жүрүп жатканынан кадыржам болууну каалайт… Ошондуктан, бул жолугушууларга “кызматташтык” шөкөтү тагылса да, түпкүлүгүндө Америкага берилгендиктерин аныктоо жолугушуулары… Кызык жери, Штаб жетекчиси Асим Мунирдин динчил көрүнүүгө болгон аракеттери. А түгүл, айрымдары аны “молдо генерал”, башкача айтканда, шейх деп  атап алышкан! Бирок, ал Америка менен союздаш экенин, пландарына ээрчип, анын максаттарын ишке ашырып, коопсуздук жана коргонуу тармагында өнөктөштүк жана кызматташтык атын жамынып, региондогу таасирин арттыруу үчүн жол ачаарын жарыялап жатат… Исламдагы чыныгы динчилдик каапырларга эмес, Кудуреттүү Аллахка жана Анын Элчиси соллаллоху алейхи уа салламга берилгендикти талап кыларын түшүнбөгөндөй:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَجْعَلُوا لِلَّهِ عَلَيْكُمْ سُلْطَاناً مُبِيناً﴾.

“Оо, ыйман келтиргендер, момундарды коюп, каапырларды дос тутпагыла, (муну кылуу менен) Аллахка өзүңөрдүн үстүңөрдөн ачык далил бергиңер келеби?” (Ниса: 144).  Башкача айтканда, эгер каапырларды дос тутууну уланта берсеңер, Аллах силерди жазалашы үчүн Аллахка өзүңөрдүн үстүңөрдөн ачык далил берген болосуңар. Динчилдик чынында динди бекем кармоо менен  түшүнүлөт. ﴿أَفَلَا يَعْقِلُونَ﴾.  “Алар акыл жүргүзүшпөйбү?” (Юнус: 68).

4 – 2023-жылдын 19-декабрында “Пакистан үнү” сайты жазышынча, Башкы штаб жетекчиси, генерал Сайид Асим Мунир Флорида штатынын Тампа шаарында жайгашкан АКШ Борбордук командачылыгын зыярат кылды. Ал жерде Борбордун башчысы генерал Майкл Курилла менен жолугуп, аймактык коопсуздукка байланыштуу аскерий кызматташтыкты талкуулады. “Кызматтар жана коомчулук менен байланыш” кызматынын ырасташынча, генерал Асим Мунир генерал Эрик Курилла менен эки тараптуу алакалар боюнча терең сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушууда эки тарап, аймактык коопсуздукка байланыштуу кызматташуудан баштап, жалпы кызыкчылыкка тиешелүү темалардын ар бири боюнча кеңири пикир алмашышты. Пакистандын Башкы штаб жетекчиси, Пакистан менен АКШ Борбордук командачылыгы арасында биргелешкен машыгууларды жана таалим үйрөтүү жолдору боюнча пикир алмашуунун зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи… Сапардын жүрүшүндө пакистандык генерал АКШ Борбордук командачылыгынын Биргелешкен аракет борборуна да барды. Байден жетектеген администрация Пакистанга колдоо көрсөттү. Пакистанды “НАТОдон тышкаркы негизги өнөктөш” катары мүнөздөдү.

Ушундан улам, Америка үчүн бул сапардын канчалык маанилүү экени билинип турат. Пакистан Башкы штаб жетекчисинин Американын жогорку деңгээлдеги расмий адамдары менен жолугушуулары, талкууланган темалар, коопсуздук жана коргонуу жаатындагы кызматташтык тууралуу сөздөрү муну ырастап турат. Б.а. Пакистан Америкага каршы мусулман кыймылдары менен күрөшүндө  жана аймактагы таасирин коргоодо Америка найзасынын учу болуп калмакчы. Америка Пакистан өкмөтү ичинде кызматташтык беткабы астында саясий малайлар менен гана чектелбестен, аскерий малайларга көбүрөөк маани берет. Пакистанды аймактагы саясатынын маанилүү кызматчысы катары көргөндүктөн, 2004-жылдан бери  НАТОдон тышкаркы Американын негизги өнөктөшү катары жарыялап келет.

5 – Пакистандын “Кызмат жана коом менен байланыш кызматы” арабча X баракчасы аркылуу 20-декабрда Мунирдин ушул сөздөрүн жарыялады: “Генерал Асим Мунир америкалык белгилүү аналитикалык борборлордун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен ачык маектерге катышты. Иш чаралардын учурунда аймактык коопсуздук, эл аралык терроризм жана Түштүк Азиядагы стратегиялык туруктуулукту сактоодо Пакистандын ролун ачыктады. Пакистан геосаясий жана геоэкономикалык көз караштан алганда, маанилүү өлкө экендигин, байланыштыруучу өлкө болуп, Борбор Азияга жана андан ары жактагы өлкөлөр үчүн дарбаза катары өнүктүрүүнү каалай турганын айтты”. Ал Пакистан узак мөөнөттүү, көп тармактуу өнөктөштүк аркылуу Америка Кошмо Штаттары менен эки тараптуу алакаларды кеңейтүүнү каалай турганын баса белгиледи. АКШга жасаган иш сапарынын алкагында саясий жана аскердик жетекчилик менен болгон жолугушуулары абдан позитивдүү болгонун кошумчалады. Айрыкча, Пакистандын регионалдык туруктуулукту, глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ондогон жылдар бою эл аралык терроризмге каршы чеп катары турганын белгиледи.

Генерал Мунир ушуларга да токтолду: “Пакистан терроризмге каршы күрөштө теңдешсиз салымдарды кошуп, курмандыктарды берди. Пакистан калкынын максатын улай күрөштү акырына чейин  улантат. Айрыкча, Кашмир маселеси Кашмир калкынын каалоосуна жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык чечилиши керек. Кашмир эл аралык деңгээлде кабыл алынган талаштуу маселе. Эч бир бир тарап бир тараптуу иш-аракет менен аймактагы миллиондогон тургундардын каалоосун өзгөртө албайт. Газадагы кыргын токтотулушу, гуманитардык жардамдар камсыздалышы жана аймакта туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн эки мамлекет чечимин тез арада ишке ашыруу зарыл”.

6 – Бул жерде Пакистан Башкы штаб жетекчиси эки тараптуу кызматташтык шылтоосу астында Америка менен өнөктөштүктү кеңейтүүнү жана АКШга болгон малайлыгы ар тараптуу жана узак мөөнөттүү болушун  каалап жатканын билдирүүдө. Америка Пакистанды өзгөчө Ооганстанда, жалпысынан Ислам өлкөлөрү арасында терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен үммөттүн ичиндеги боштондук кыймылдарына каршы чепке айлантууну каалайт. Түпкүлүгүндө, Ооганстан менен Пакистан бир мамлекет болгон. Аны басып алган колонизаторлор ортолоруна чек ара сызып таштады. Алар алсыз, эч нерсеге кудуретсиз болушу үчүн жана колония кылып, байлыктарын тоноп, ташып кетүү үчүн аларды бири-бирине каршы колдонду жана эки өлкөгө бөлүп таштады.

Кашмирге келсек, генерал Мунирдин Вашингтонго сапары Индиянын Жогорку соту Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүн  Индия менен биригүүсүн колдогон учуруна туш келди. “Al Jazeera Net”2023-жылдын 14-декабрында жарыялаган маалыматта, Жогорку сот Чандерчуд баш болгон 5 судья коллегиясы 12-декабрда Моди өкмөтү тарабынан сунушталган Кашмирдин өзгөчө статусун жокко чыгаруу чечимин макулдаганы жарыяланды…”. Американын макулдугу жана колдоосу болбосо Индия бул чечимди кабыл ала албайт болчу. Буга карабай, Пакистан Башкы штаб жетекчиси эч нерсе болбогондой, Американын Индияга болгон колдоосун жана Пакистанга болгон душмандыгын унуткарып же көрмөксөнгө салып, АКШга расмий сапар менен барды! Муну менен эле чектелбей, Кашмирдин оккупацияланышына жана индус текебердигине каршы турууга жардам берип аны азат кылуунун ордуна, Кашмир маселесин эл аралык маселе катары тааныды. Анын Бириккен Улуттар Уюмунун адилетсиз резолюцияларына ылайык чечилээрин айтты. Айрыкча, Кашмир маселеси исламий маселе экенин жана Индия аны басып алганын  билип  туруп ушундай кадамга барды. Түпкүлүгүндө, Пакистанды бутка тургузуп,  Кашмирди азат кылууга жана индустардын зомбулугуна каршы күрөшүүгө жардам бериши шарт эле. Пакистан бул ишти кылууга кудурети жетип турган чакта милдеттүү болот. Кашмирдин жихаддык кыймылдары 1999-жылы Каргил тоолорунда болгон согушта, эгер премьер-министр Наваз Шариф менен Башкы штаб жетекчи Первез Мушаррафтын чыккынчылыгы болбогондо Пакистан армиясынын колдоосу менен Индиянын үстүнөн дээрлик жеңишке жетип калган. Америка Наваз Шариф менен Первез Мушаррафтан дароо бул колдоону токтотууга буйрук берип, Пакистандын аскерлерин аймактан чыгарып кетүүнү жана Кашмирдик кыймылдарды террористтик уюм катары жарыялоону талап кылды. Ал экөө Америкага моюн сунуп, Кашмирге  карата чыккынчылык  кылышты.

Жөөттөрдүн Газага каршы ырайымсыз баскынчылыгы жана Пакистан Башкы штаб жетекчиси айткан эки мамлекет чечимине келсек, Палестина ыйык жер… Исламий аймак болуп, ал жерде жөөттөрдүн бийликке ээ болушу таптакыр мүмкүн эмес. Ал жерде эки мамлекет чечимине орун жок. Ал жерди Умар Аль-Фарук фатх кылып, рошид Халифалар аны коргогон. Кийин баскынчылардан Салахиддин азат кылган, Абдул Хамид аны яхудийлерден сактап калган… Ошондуктан, Палестина Ислам жери… Ал сатууга сунушталбайт жана аны калкы менен бирге басып алуучулар да,  элин кууп чыгарган баскынчылар да кабыл алынбайт. Палестина маселесинин чечими эки мамлекет чечими эмес, тескерисинче, анын чыныгы чечими Улуу жана Кудуреттүү Алла Таала айткандай:

﴿وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُمْ مِنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ﴾

«Аларды кайсы жерден тапсаңар өлтүргүлө жана алар силерди кууп чыккан жерден кууп чыгаргыла» аяты (Бакара: 191).

7 – Проблема Пакистан жетекчилери жана аскер башчыларынын аң-сезиминде жана алардын туура эмес ой жүгүртүүсүндө. Анткени, алар Америка менен  атаандаша ала турган чоң өлкө боло турган эбегейсиз потенциалга ээ болгонуна карабастан, өздөрүн Америка үчүн унаа кылып алышкан. Алар өздөрүнүн маселелерин жана көйгөйлөрүн Аллахтын Элчиси соллаллоху алейхи уа саллам,  кудуреттүү Аллахтан вахий катары алып келген диний түшүнүктөр жана чечимдерге ылайык чече алышмак. Ислам арабдарды Исламга чейинки өз ара согуштан куткарып, аларды Ислам аркылуу адамзат үчүн жаратылган эң жакшы үммөт кылды… Бул үммөт ошол кездеги чоң мамлекет болгон Персияны фатх кылып, Перс мамлекетин жок кылды… Ошол кездеги эң ири империя болгон римдиктердин борбору Константинополду фатх кылды… Ислам жана мусулмандар ааламды адилеттүүлүк менен жарык кылып Ислам мамлекети даңазаланып, акыйкат орноп, батыл жок болду. Чындыгында, батыл жок болуучу… Мына Хизб-ут-Тахрир силерден Аллах Таала убада кылгандай, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетти тикелөө аркылуу ушундай улуулукка жетүүгө жардам бергиле деп – нусрат сурап жатат.

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ﴾

«Аллах силердин араңардан ыйман келтирип, салих амалдарды кылгандарга, алардан мурункуларды халифа кылып койгон сыяктуу, аларды жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды». (Нур: 55).

وبشر به رسوله ﷺ «ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ ثُمَّ سَكَتَ» أخرجه أحمد.

Пайгамбар соллаллоху алейхи уа саллам, бул тууралуу хушкабар берген: “Андан кийин залим падышалык болот, ал Аллах каалаганча болот, анан аны көтөргүсү келсе аны көтөрөт.  …Кийин Пайгамбарлык жолундагы халифалык болот. Кийин  унчукпай калды.” Ахмад риваят кылган.

 

Хижраттын 1445-ж. Жумадул-ахира айынын жыйырма биринчи күнү.

2024-жыл, 3-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here